Карысы бардын ырысы барбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда карыялар көбүнесе үйдө небере багат же чарбалык менен алектенип, коомдук иштерден оолактай баштайт. Бирок төрдөн орун алып, сый-урматтын үстүндө жүрчү мезгилде өз балдарынын эле зомбулугуна кабылып, кордук көргөн учурлар, карыларга ташбоор мамиле күчөп баратат. "Карынын кебин капка сал" деген журт, карылары кыйналган журтка айландыбы?