"Азаттык+": Адал ишке аз айлык

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда бир жайлык жашоонун орто баасы 4850 сомду түзөт. 8 миң сом айлык алган өрт өчүргүч, театр актеру, бала бакчадагы тарбиячы акчасын кантип жеткирип жашап жатат?

“Азаттык+” бул жолу аз маянага карабастан элге ак дилден кылып келаткандардын турмушун чагылдырды.

Нарында “Аты улук, супарасы курук” деген ишканалардын бири - "Нарын суу канал". Күнүгө элдин акыр-чикирин тазалап, терең кудукка түшүп жарылган түтүктөрдү оңдогон жумушчулар айына 7-8 миң сом гана акча алат. Жумушу оор, ден соолукка зыяндуу болсо да мамлекет тарабынан эч кандай кошумча төлөм каралган эмес.

Калыбек Усупов бир күндө каңылжаарды жарган кудуктун он чактысына кирип тазалап чыгат. Кудуктан чыккан жыт ичинде иштеп жаткан адисти гана эмес, сыртта турган кишини да думуктуруп жиберет. Бирок Калыбек айла жоктон үч баласын багуу үчүн иштеп жүрөт. Ушундай ден соолукка зыяндуу жерде иштеп жүрүп айына сегиз миң сом алат.

- Айлыкты эптеп чойгулап жеткирип жатабыз. Айлык тийгенге чейин карыз болобуз. Ден соолуктан деле айрылдым. Эки ай сайын ооруканага жатып турам. Суук тиет. Бөйрөктөрүм жакшы иштебейт.

Калыбектин "Нарында суу каналы" ишканасында иштегенине үч жыл болду. Айлыктын аздыгы менен жумуштун оордугу бул ишканада иштегендерди көпкө кармабайт. Мындан улам бир киши эки-үч адамдын жумушун аткарган учурлар көп эле болот. Маселен башкы инженер Урмат Болсунбеков кудуктагы жарылган түтүктөрдү тазалап, зарыл болгон учурда ширетүүчүгө да айланат.

- Биздин ишканада жарылган түтүктөрдү тазалап иштеген эки эле бала бар, мени кошкондо үчөө болобуз. Балдар токтобойт. Ашып кетсе эки же үч ай иштейт. Анткени айлык аз, жумуш оор.

Толугу менен чарбалык эсепте отурган ишкананын бюджети кыскарып, чыгымдары көбөйгөндүктөн учурда банкрот абалына кептелген. Өткөн жылы ишкананын үч кызматкери иш үстүндө газга ууланып каза болушкан эле. "Нарын суу канал" ишканасы алардын жакындарына тогуз миллион сомго чукул кенемте төлөөгө милдеттендирилген.

Ишкананын кесиптик уюм төрагасы Төлөмүш Сарүкүевдин айтымында, анын жарымын төлөгөндө эле ишкананын бюджетинин шайы кетип, ошол аз деп жаткан айлык дагы эки айлап араң тийип жаткан экен.

- Бул акчаны өкмөттөн карап бергиле деп көп жерге кайрылдык. Жыйынтык чыкпады. Акыры айла жок төлөп берүүгө аргасыз болдук. Анысы аз келгенсип, шаардык мэрия да биздин бюджетти бир жарым миллион сомго кыскартып койду. Кыскартпаганда биз акырындык менен жумушчуларыбыздын айлыгын көтөрмөкпүз.

Шаардык кеңештин өкүлдөрү болсо Сарүкүев кыскартып койду деп жаткан 1.5 миллион сомду шаардын бюджетин оптималдаштыруу максатында ушундай кадамга барышканын билдиришти.

Нарын шаарынын бюджети 92 миллион сомду түзөт. Бирок суу чарба ишканасына атайын каражат каралган эмес. Шаарда 40 миңге чукул киши бар. Алардын 97 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Ал эми 40 пайыздан ашыгы канализацияны колдонушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.