Жайкы эс алуу балага дем берет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда соңку мезгилде ата-энелер балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөргөнгө аракет кыла баштагандай. Ар кандай эл аралык уюмдар же жеке менчик лагерлер иштеп жатканы менен, алардын саны азырынча аз. Заманбап шарты бар лагерлер жана эс алуу жайлары Кыргызстандагы балдардын басымдуу бөлүгү үчүн кыял бойдон калып келет.