Демилгени колго алган элеттиктер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттык+" тобу бул жолу Ысык-Көлдүн айылдарын кыдырып, алардын жетишкендиктери менен таанышып келди. Жаш жубайларга үй белек кылган Дархан айылы, футбол боюнча облустук курамага кирген Ак-Чий айылынын кыздары, айрым шаарларда да жок техника менен камсыз болгон Теплоключенка, Липенка айылынын маданият үйүндө ийрим ачкан Астра Шаршеева жана Жети-Өгүздө таэквондо менен машыккан окуучулар - бул чыгарылыштын негизги каармандары. Ал эми сиздин айыл кандай жетишкендиги менен сыймыктанат?