Мындан бир кылым мурун адамдар асманда учууну чоң жетишкендик катары санап келишкен эмеспи.

Ал эми бүгүнкү күндө аба жолдору аркылуу дүйнөнүн бир аймагынан экинчи аймагына учуу кадыресе көрүнүш. Бир шаардан экинчи шаарга бир нече саатта жеткирген жөнөкөй бир аба каттамдын аркасында ондогон адамдар, опол тоодой эмгек турат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Асманды багындырган кесип (1)

Стюардессалык кесип өзүнүн жагымдуулугу, барктуулугу жагынан социологиялык сурамжылоолордо актрисалык, моделдик кесиптерди артка калтырат. Борт-коштоочу болгусу келген кыздарын жашы 19дан кем эмес, 24төн жогору болбошу керек. Бою да 175 сантиметрден төмөн болбошу зарыл жана билимдүү, өң-келбети жагымдуу, ден соолугу чың болушу шарт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Асманды багындырган кесип (2)

Кыргызстанда Жарандык авиация кызматкерлери эки жерде билим алышат. Биринчиси - 1973-жылдан бери иштеп келаткан авиациялык колледж, экинчиси - атайын курстар. Биз орто билим берген колледжде окуп жаткан келечектеги борт коштооочу, учкуч, техникалык кызматкерлерге бардык.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Асманды багындырган кесип (3)