"Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз"

Сарсанаалуу адамдарды ташыган,
Трамвайдай келет жылып сары күз.
Санаа, санаа, санаа баскан жылдардын,
Кадырына жетпей койдук дагы биз.
(Толук Бек Байзак)

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул кездин баркын сезбей кетээрбиз...
(Калича Жакыпова)

 Саргайган жалбырактар,
Агарган ак булуттар.
Кусалуу күздү таштап,
Баратат каркыралар.
(Рыспай Дүйшеев)

Ойлой калып ошол мерез өлүмдү,
Оюм неге миң калчанып бөлүндү?
Бак аралап аста бассам бариктер,
Бут алдыма килем болуп төгүлдү.
Көңүлүмдөй муңга баткан бүгүнкү,
Күз элеси капалуудай көрүндү,
Алтын күз да капалуудай көрүндү...
(Назгүл Осмонова)

Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн.
(Жылдызбек Турсунбаев)

Жашын төгүп булуттар да көктөгү,
Бубак болду шүүдүрүмдөр чөптөгү.
Жыйбай калган жайдын жашыл этегин,
Жыла басып күз мезгили тепседи.
(Бакыт Жунусалиев)

Табият салт улантса тигүүчүлүк,
Тамшана карап турат тирүүчүлүк.
Күндүзү, түнү дагы тыным албай,
Күз менен жарышууда тиричилик.
(Мелис Маматжанов)

Жапжашыл жалбырагын жоктогонсуп,
Термелип терек турат жол четинде.
Аткарып бүткөн өңдүү вазийпасын,
Көрүнбөйт кош ак куу да көл бетинде.
(Анарбек Абазбеков)