Атамбаевдин ар ойго түрткөн сапары

Атамбаев менен Түлеевдин учактагы "селфиси".

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусияга кетиши көптөгөн божомолдорго жем таштады.

Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортунда учакка түшкөндө эле аны менен бир каттамда учуп калганын экс-президент бийликте турган кезде коррупцияга байланыштуу айыпталып, түрмөгө отуруп чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев социалдык тармактар аркылуу жарыялады. Түлеев Москвага жеткенин да кабарлап, акыркы кезде “элдешкис каршылашка айландым” деген Атамбаев менен чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды. Эки саясатчынын учактагы "селфиси" социалдык тармактагы эң популярдуу сүрөткө айланды.

Расмий түрдө Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “экс-президент Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышканы кетти” деп түшүндүрдү.

Дагы караңыз Илмияновдун иши: кечээ көргөн бүгүн жок

Экс-президент анын эң жакын үзөңгүлөшү болгон Икрамжан Илмиянов камалган учурда Орусияга жол тартып отурат. Ушундан улам бул жагдай коомчулуктун талкуусуна түшүп, түрдүү күмөн ойлорго жем таштады.

Анын үстүнө акыркы убакта экс-президенттин кол тийбестиги боюнча маселе Конституциялык палатага чейин жетип, мурдагы өлкө башчысы абсолюттук кол тийбестикке ээ эмес экени айтылган эле. Буга кошумча коомдук ишмер Эдил Байсалов “2016-жылы мурдагы президент өз байлыгы боюнча коомчулукка жалган маалымат берген” деп, аны жоопкерчиликке тартууну укук коргоо органдарынан талап кылган.

Эдил Байсалов.

- Акыркы бир канча күндүн ичинде былтыр апрелде Түркиядан расмий документтерди жарыялагынымды, ошондо басма сөз жыйынын өткөзгөнүмдү эске салып, “кызматта турган кезде экс-президент эбегейсиз байлык топтоду, муну текшергиле” деп Башкы прокуратурага дагы бир жолу кайрылып, сураткам. "Мурун расмий түрдө жарыялаган документтер боюнча тергөө жүрүп жатабы? Ошол эле Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, маалымат кызматынын башчысы Алмаз Үсөновдор суракка алынсын" деп талап коюп жатам. Анан ошол сөздөр айтыла баштаганда Атамбаевтин өлкөдөн чыгып кеткенине тынчсыздандым. “Ошол боюнча кайтпай коюшу мүмкүн” деген сөздөрдү айттым. Эми ал киши кайтабы-кайтпайбы, мен билбейм. Бирок кайтса да, ал жакта калып калса да бул кишинин үстүнөн тергөө жүрүшү керек деп эсептейм, - деди Эдил Байсалов.

Бирок КСДПнын басма сөз кызматы “Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетти” деген божомолдорго жооп кайтарды. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, мындай сөздөргө эч кандай негиз жок:

Кундуз Жолдубаева.

- Алмазбек Атамбаев 28-октябрда бардык жыйындарга катышкан соң Бишкекке кайтып келет. “Келет, келбейт” деген кайсы бир талкууга эч негиз жок. Бул жөн гана кыйкырыктар. Анткени Алмазбек Атамбаев “эч качан Кыргызстандан кетпейм” деп айтып келген. Кетүүгө эч кандай себеби да, негизи да жок.

Ошентсе да саясий чөйрөдө экс-президенттин Москвага барышынын максатына ынанбагандар чыгууда. Себеби Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын конференциясы анча белгилүү эмес жана Кыргызстанга таасири жок иш-чара катары бааланат. Акыркы жолу Куала-Лумпурда өткөн бул конференцияга Кыргызстандан 2016-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөлөрү Алмазбек Матисаков менен Асел Кулумбаева аттуу чоң саясатта анча таанымал эмес адамдар катышкан.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев акыркы саясий кырдаал экс-президенттин жүрүштөрү боюнча ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратты деген пикирде:

Эмилбек Каптагаев.

- Акыркы учурда “Илмиянов кармалды, ушундай учурда унчукпай отурат” деген сөздөрдөн улам партиялардын жолугушуусун шылтоо кылып, “мен ошол күндөрү Орусияда болдум” деп айтыш үчүн өзүнө шарт түзүү деп ойлоп жатам. Себеби бул жерде болсо сөзсүз комментарий берип, бир нерсе айтышы керек. Ошондуктан муну шылтоо кылып, чыгып кетүү деп эсептейм.

Ал эми саясий эксперт Алмазбек Акматалиев Атамбаевдин Орусияга барышынын артында өз ишмердигин күчөтүү максаты жатышы мүмкүн деп божомолдойт:

Алмазбек Акматалиев.

- Экс-президенттин жакындары айтып жаткан эки себеп тең анча ынанымдуу эмес. Башка максат бар. Бул сапардын артында кайсы бир саясий күчтөр менен жолугушуу болушу мүмкүн. Же үй-бүлөлүк бизнес же башка иштер болушу мүмкүн.

Акматалиев кыргыз саясатында ар кыл күчтөрдүн ортосунда тиреш күчөп бара жаткан учурда саясатчылар чет өлкөгө чыгып кеткен окуялар мурдатан боло келгенин, ошондон улам экс-президенттин акыркы сапарына кызыгуу күч болуп жатканын түшүндүрдү.

Чынында эле быйыл жаздан тартып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле кескин сууп кеткени байкалган. Андан бери бул эки саясатчынын ортосундагы пикир келишпестик ырбап отуруп, Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы дээрлик бардык "атамбаевчил" кадрлар алмашты. Экс-президенттин Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов сыяктуу эң жакын үзөңгүлөштөрүнө ар кандай айыптар коюлуп, камакка алынды.

Мурдагы жана азыркы президент бири-бирине ачык сын айтпаганы менен экөөнүн ортосундагы тиреш күчөп баратканы саясий чөйрөдө айтылып эле жүрөт. Акыркы жолу Алмазбек Атамбаевди кайтарган Мамлекеттик күзөт кызматынын аскерлери азайтылганы кабарланды. Муну расмий бийлик четке какканы менен экс-президенттин командасы ырастап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.