Жээнбеков-Атамбаев: “достук” күчүндөбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын съезди өттү. Анда партия лидерлигине шайланган экс-президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерине ичи чыкпай жатканын ачык айтты. Бир командагы эки саясатчынын мамилесиндеги таарынычтар өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроону бүгүнкү талкууда талдап, жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясий ишмер Абдыганы Эркебаев, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана саясий эксперт Алмазбек Акматалиев катышты.