"Ата-Бейиттеги" эскерүү

“Ата-бабаларды эскерүү” дегенде Үркүн деген аталыш менен белгилүү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү каралган.

"Ата-Бейит" мемориалдык музей комплексинде президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын катышуусунда эскерүү иш-чарасы өттү.

Төрт бийлик өкүлү бул күнү 1916-жылдагы Үркүн окуясынын, репрессия курмандыктарынын, залкар жазуучу Чыңыз Айтматовдун жана 7-апрель баатырларынын кабырына гүл коюшту.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары үч жылдан бери белгиленип келет.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу элге кайрылып, кыргыз орто кылымдарда улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолоруна кез келип, Үркүн, Октябрь революциясын башынан кечиргенин эске салды.

81 жыл мурун 5-8-ноябрь аралыгында Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу "эл душманы" деп жалаа жабылган 138 адам атылып, кийин сөөгү Чоң-Ташта табылган.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары үч жылдан бери белгиленип келет.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө тууралуу мыйзам долбоорун 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылып, парламент колдогон.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө.