Азимжан Аскаров БУУга даттанды

Абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаров Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылды.
Англис тилинде жазылган 115 беттүү арызда Аскаров буга чейин айтып келаткан дооматтарын БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жолдогон. Анда 2010-жылдын июнь айында мыйзамсыз камалып, кыйноого алынганы, андан кийин сот иштери бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп, Жогорку Сот акыйкатсыз өмүр бою абакка кескени тууралуу кеңири баяндаган.

“Токтоосуз абактан чыгарып, медициналык жардам көрсөтүп жана анын иши боюнча атайын комиссияны түзүүнү БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигинен талап кылсын”, - деп суранат Аскаров арызында.

Бул баянды жазып жана жиберүүгө анын адвокаты Нурбек Токтакунов жана АКШда жайгашкан "Ачык коомдун укук демилгеси" уюму жардам берген. Женева шаарында жайгашкан БУУнун комитети арызды кабыл алганын Токтакунов тастыктады.

- Комитет бул арызды кароого киришкенде аталган өлкөнүн өкмөтү менен байланыш түзүп, бул айыптар тууралуу анын пикирин сурайт. Буга да бир топ убакыт кетет. Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын мүчөсү болгондон кийин бул арыз Кыргызстандын бийлиги ушул пакттын беренелерин бузуп жатат дегенди билдирет. Комитеттин адистери бул арызды дыкат текшерип, жоопторун салыштырып, анан өкүмүн чыгарат. Эгер Кыргызстан бул пактты бузду деген чечим чыкса, анда Кыргызстан БУУнун комитетине баш ийип, анын кеңештерин аткарууга тийиш. Эгер аткарбаса, анда БУУ өлкөгө саясий жана экономикалык кысым көрсөтүшү мүмкүн.

Адвокат Токтакунов Аскаровдун арызын комитет качан караганга киришери белгисиз жана тажрыйбада өкүм чыгарууга бир нече жыл кетерин кошумчалады.
Ал эми президенттин жана өкмөттүн басма сөз катчылары бул арыз тууралуу маалыматы жоктугун айтуу менен комментарий бере алышпады.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев Башкы прокуратура комитет менен байланышууга даяр экендигин “Азаттыкка” билдирди.

- Ал жерде Жогорку Соттун чечими турат. Жогорку Соттун чечими акыркы жана даттанууга болбойт да. Башкы прокуратура тиги же бул жерде конкреттүү карабай калган деп айтса, биз кайра караганга даярбыз. Иш тергелген да, бир эмес, бир нече ай тергелген. Анан соттун биринчи инстанциясы, экинчиси, үчүнчүсү, Жогорку Сот өзүнүн тыянагын чыгарган. Ошол үчүн ал жерде баары мыйзам чегинде жүргөн.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Кыргызстандын жарандары буга чейин Бириккен улуттар уюмуна даттанып, бул дүйнөлүк уюм жабыр тарткандарга кыргыз бийлигин компенсация төлөтүүгө милдеттендирген учурлар болгонун айтты:

- Буга чейин Аксы окуясында жабыр тарткан жарандар БУУдан өз акыйкатын тапкан. Кыргызстан мамлекети күнөөлүү болуп, өзүнүн жообун берип, ар кандай компенсация бергенге аракеттерин жасаган жана июнь коогасынан кийин көптөгөн иштер азыр БУУнун комитеттеринде каралып жатат.

Бирок ошол эле учурда эл аралык практикада Бириккен улуттар уюмунун ар кандай бөлүмдөрүнүн чечимдерин өлкөнүн бийликтери аткарбаган фактылар бар.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июндагы коогалаңда улут аралык кастыкты тутанткан жана милиционерди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою түрмөгө кесилген. Буга чейин Кыргызстандын саясатчыларына, эл аралык уюмдарга акыйкатсыз соттолгону тууралуу кайрылган, бирок майнап чыккан эмес.