Арстанбап сизди күтөт

Арстанбап Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан.  Абасы таза. 1945-жылдан тарта мамлекеттин коругу болуп саналат. 265 миң гектар жерди дарак ээлейт. Орто эсеп менен жылына үч миң тонна жаңгак, беш миң тонна алма, беш жүз тонна мите жыйналат.

Арстанбап өрөөнү жаңгактуу токой, бийик тоолордон тышкары эки шаркыратмасы менен да белгилүү. Сүрөттө чоң шаркыратмадан ырахат алып турган саякатчы.

Жергиликтүүлөр мөмө-жемиштерди түрдүү ыкмада кургатып сатышат. Сүрөттөгү аялдын колунда алмурут шербетинен жасалган как. Муну жупка как, карагат деп айтышат.

Арстанбаптыктар токойчулуктан тышкары кол өнөрчүлүгү менен да алектенишет. Жыгачтан ар кандай тиричилик буюмдарын жасашат. Сүрөттө катуу нан түйгүч идиш. Бир даанасын 100-150 сомдон сатышат. 

50 метрдей бийиктен түшкөн суу - Кичи шаркыратма. Негизги туристтик аймакта жайгашкан. Тегерегинде эс алуучу жайлар, базар бар.  

Бата тилеп келгендерге дуба окуп, куран түшүрүп кызмат кылган адам. Жергиликтүүлөрдүн тилинде мындай кишилер шейх деп аталат. 

Жыгачтан жасалган түрдүү эстелик буюмдар. Сатуучулар каалооңузга жараша каалаган сөздү оюп жазып беришет. 

Арстанбапта аба ырайы туруксуз. Күтүүсүздөн жамгыр, нөшөр же мөндүр жаашы мүмкүн.

Арстанбаптыктар түрдүү шириндиктерди да жасашат. Даамы жана көрүнүшү ондогон жылдардан бери өзгөрбөй келаткан момпосуйлар. 

Чоң шаркыратма. 200 метрден ашуун бийиктен түшкөн суу. Чоң шаркыратмага баруу оңой эмес. Негизги туристтик аймактан 5-6 км алыста. Жолдун жарымына чейин Жолтандабас унааларда же ат минип келесиз, андан ары жөө чыгасыз. 

Саякатчыларды ташыган "жол тандабас" унаалар. Арстанбапта мындай машинелерди кадам сайын көрөсүз. Эл ташуу - Кичи шаркыратмага 50 сом, чоңуна 100 сом (ар бир адамга). 

Арстанбаптагы туристтик базарда негизинен жергиликтүү эл жасаган буюмдар сатылат. 5-6 жылдан бери Кытайда жасалган оюнчуктар да көбөйө баштаган. 

Саякатка келген чет элдик турист. 

Чоң шаркыратмага бараткан жолдогу асма көпүрө. Төрт кишиге ылайыкташкан. 

Адамдар токой ичине таштанды үчүн ар кандай кутуларды жасап коюшкан.  

Эс алуучулардын көбүн жаштар түзөт. Алар үчүн ар кандай оюн-зооктор, дискотека иштейт. 

Арстанбап өрөөнү. Тарыхый булактарда кыштак 19-кылымдын этегинде негизделгени айтылат. Жергиликтүүлөрдүн көбү өзбек тилинде сүйлөшөт. 

Навайчы.

Арстанбап кыштагындагы көчөлөрдө топон суу тез-тез агып турат. 

Арстанбап өрөөнү ушул күндөрү жергиликтүү жана чет элдик саякатчыларга толуп турат.