Кыргызстан өз армиясынын курсагын качан тойгуза алат? Кийими качан бүтөлөт? Жарыя кылган рефомалардан майнап чыкпай жатканына эмне себеп болууда?
“Арай көз чарай” талкуусуна акыйкатчы Бакыт Аманбаев жана коргоо жана коопсуздук боюнча эксперт Султан Айжигитов катышты.
"Азаттык": Бакыт мырза, сиздер жүргүзгөн мониторингде кыргыз армиясында кандай укук бузуулар катталды?
Бакыт Аманбаев: Биздин иликтөөнүн жыйынтыгында аскерлердин социалдык-экономикалык укуктары бузулуп жатканы аныкталды. Өкмөт жетиштүү деңгээлде көңүл бурбайт деген жыйынтыкка келдик. Тагыраак айтсак, аскерлердин курсагы тойбойт, күнүнө ар бир солдатка бюджеттен 60 сом бөлүнөт экен. Ал эми адамды өлтүрүп, кылмыш кылып, түрмөдө отургандарга күнүнө 86 сом бөлүнөрү анык болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Экинчиден, аскерлердин кийимдери начар, талапка жооп бербегендиги аныкталды, көбү синтетикадан тигилет экен. Алар кышында суук, жайында ысык тартат.
Мындан сырткары аскерлердин ден соолугуна кам көрүүгө шарт түзүлгөн эмес. Чоң көйгөй - армияда “дедовщина” деген өкүм сүрүп, зордук-зомбулук күч алууда.
"Азаттык": 2014-жылы кыргыз армиясында жоокерлердин өлүмү боюнча 12 факт катталган. Анын жетөө өзүн-өзү өлтүргөн деп айтылган. Мындай кадамга барууга эмне себептер болуп жатыптыр? Иликтөө эмнени көрсөттү?
Бакыт Аманбаев: Иликтеп көрдүк. Эгер кимдир бирөө жоокерге зордук-зомбулук кылып, кыйнап жатса кайсы бир жакка, органдарга кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек эле. Биздин аскер бөлүктөрүндө сырт менен байланыш дээрлик жок экен.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир көйгөй, же суроо жаралса жок эле дегенде аскер прокурору менен байланышууга уруксат берилиши керек болчу. Уруксат берилет, бирок солдат командири, офицердин уруксаты жана анын катышуусу менен гана сырт менен сүйлөшө алат. Биз аскер бөлүктөрүнүн коридорлорунан бир дагы телефон аппаратын же аскер прокурорунун телефонун көрө алган жокпуз, аскерлер жардам сурап кайда чалышарын билишпейт.
"Азаттык": Султан мырза, бир ата-эненин “уулубузду мекенди коргосун деп аскерге жөнөтсөк, эмнеге мага сөөгүн кайтарып берет, бул боюнча эч ким жоопко тартылбайт, же компенсация төлөнбөйт, же жок дегенде мамлекет кызмат өтөп жүргөндө өлдү деп белгилебейт” деп арызданат. Деги мамлекет, өкмөт жоопкерчиликти алышы керекпи?
Султан Айжигитов: Өкмөт буга сөзсүз жооп бериши керек, ата-энелердин айтып жатканы туура. Бул маселенин тамыры тереңде, азыр коомдо, экономикада депрессиялык абал болуп жатпайбы. Анын айынан биздин бүт социалдык жараларбыз жарылып чыгууда. Армиядагы абал ошолордун бир бөлүгү.
Солдаттар да ошондой эле депрессияга тушугуп жатышат. Анан эң негизгиси бизде камсыздандыруу системасы өнүккөн эмес. Армияга кетип жаткан бала камсыздандыруу полисин толтуруп, эгер бир нерсе болсо жоопкерчиликти ким тартат деген талаптары жазылса, мамлекет чоң суммадагы компенсацияларды төлөйт эле.