Мамлекеттик кызмат орундарын фракцияларга бөлүштүрүү өзүн актадыбы? Элчилерди дайындоодо кандай өзгөчөлүктөр болушу керек? Ушул жана башка суроолорду Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаевге узаттык.
“Азаттык” : Чолпонкул агай, коомчулукта чоң резонанс жараткан Социалдык коргоо министрлигинин жетекчилери бир учурда кызматтан алынышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз? Бул министрликтеги ички кутумбу же ошол орундарга кадрларды дайындоонун алешемдигиби?
Чолпонкул Арабаев: Себеби жөнөкөй эле. Эл өзү деле баамдап турат, бул кадр тандоодогу катачылык. Болгондо да социалдык коргоого муктаж, жетим-жесирлер, пенсионерлер ж.б. жарандар менен түздөн-түз ошол министрлик иштейт эмеспи. Ошондой министрликке жоопкерчилиги жок, мекенчил эмес кадрлардын барышынан ушундай кырдаалга кептелип калдык.
Бул кадрларды тандоодогу соңку жаңы тарыхыбыздагы кечирилгис чоң ката. Мындайды эч качан кайталабашыбыз керек. Статс катчы, орун басарлары - баары баш болуп турист болуп кетиптир. Ошол кызматты ээлеп тургандар мурда бир күн мамлекеттик кызматта иштебеген адамдар экен. Кантип ошондой адамдарды биздин Жогорку Кеңештин депутаттары ошондой кызматтарга түртөт? Буга моралдык укугу жок болчу.
“Азаттык”: Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын кадрларды тандоо, дайындоо жаатына келгенде бир топ сын айтылып келет. Азыркы бийликтин учурунда кадрларды дайындоого келгенде сапаттык жаңы жылыштар байкалабы?
Чолпонкул Арабаев: Бүгүнкү бийликте кадр маселеси боюнча саясий эрк бар экенин сезип жатам. Кадр кызматкеринин жетекчиси менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда ушуну байкадым. Акыркы алты жыл ичинде мындай жакшы жылыш болгон жок. Кадрларды тандоодо кемчиликтер толуп кетти. Ошонун жыйынтыгы - Тышкы иштер министрлигиндеги, Экотехинспекциядагы, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигиндеги ж.б. мамлекеттик жогорку органдардагы кетирилген кемчиликтер.
Саясий эрк болуп, биринчи кезекте кадрларды тандоонун тутумун өзгөртүшүбүз керек. Кадр даярдоодо жаңы багытка өтүшүбүз керек. Керек болсо, дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбаларда “штучная подготовка” деп коет, ар бир келе турган кадрга терең көңүл буруп даярдаш керек. Мамлекеттик кызматта иштеп жаткандан кийин, элдин эсебинен жашап жаткандан кийин, жоопкерчиликти сезиш керек да! Мисалы, кечээ Тышкы иштер министрлигине жаңы, жаш кадр келгенде мен абдан кубандым. Бүт маселелерди ичинен билген, ошол системанын өзүнөн өнүп чыккандарды колдошубуз керек.
“Азаттык”: Кадрларды коюуда парламенттеги фракциялар жогорку, ортоңку, жадагалса төмөнкү кызматтарга чейин кийлигишип, өз адамын сунуш кылганы айтылып жүрөт. Фракциялардын ага мыйзамдуу укугу барбы?
Чолпонкул Арабаев: Мага саясий партиялар беш жылга келген убактылуу орган катары сезилет. Анткени алардын тандаган кадрлары ошого мисал болуп жатат. 2010-жылдагы талап да ушул болгон. “Ак жол” партиясынын кетирген катачылыгы кайталанбашы үчүн болгон. Ошондуктан кадр тандоодо абдан этият болуш керек. Ал эми ошол Конституцияны жазып жатканда Жогорку Кеңештеги фракциялар өкмөттүн курамын гана тандап, бөлүштүрө турган болгон, башкача айтканда министрлерди гана тандоого жол берилген. Кийин бара-бара фракциялардын табити ачылып, өкмөттөн баштап айылдык деңгээлге чейин, мекеме-ишканага чейин киришип кетпедиби. Себеби "бизге шайлоо учурунда жардам берген, партиянын мүчөсү" деген шылтоолор менен бардык жерге өз кадрларын таңуулай башташты.
“Азаттык”: Мейли, сунуш кылды, бирок жыйынтыгында келип алар Мамлекеттик кадр кызматынын кадырын кетиришти. Эми алардан жоопкерчиликти сурай турган мыйзам жолу жокпу?
Чолпонкул Арабаев: Мыйзам жолу бар. Эгерде ошондой алешемдик кетсе, мамлекеттик кызматкерди кылмыш жоопкерчилигине чейин тартканга мыйзам жол берет. Мисалы, азыр бир эмес, эки премьер-министрдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, өйдө-төмөн болуп аткан учур. Ошондуктан мамлекеттик кызматка келүүдөн мурун "ошол жүктү арта аламбы" деп жакшылап ойлонуш керек.