Апрель ыңкылабына тогуз жыл
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башындагы бийлик ыңкылап жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган. Ондогон адам жарадар болушкан. Акыркы жылдары алардын ичинен бир нечеси дүйнөдөн өттү. Жараатынан айыга албай келаткандар да бар.
“Элдик көтөрүлүштүн көздөгөнү ишке аштыбы, ыңкылап максатына жеттиби?” деген суроо дале актуалдуу. Ошондо бийликке келген Убактылуу Өкмөттү сындагандар элди баштап чыгып, үй-бүлөлүк бийликти кулатканы менен кийин өз ара бийлик талашып, ыңкылаптын маани-баркын кетиришти деп айтып келишет. Мансап талаш ыркты кетирип, мурунку режимди колдогондор аз өтпөй кайра эле бийликке келгенин Убактылуу Өкмөттөгүлөр деле танбайт. "Азаттыкка" берген маегинде Темир Сариев мындай дейт:
"Танганда эмне, бийлик талашуу, бийлик бөлүшүү болгон. Анткени КСДП “биз башкарабыз” деди, “Ата Мекен” “биз башкарабыз” деди. “Ак шумкар” “биздин салымыбыз бар” дедик".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сариевдин айтымында, мына ушундай дымактын айынан лидерлердин эч кимиси убактылуу президент болгусу келген эмес экен.
"2008-жылы октябрда менин айылыма барып, ошол жерде "Төш булак декларациясын" кабыл алганбыз. Атамбаевден башкаларынын баары барган ал жерге. Ошондо Каптагаевдин сунушу боюнча, эгерде бийликке келип калсак убактылуу бийлик түзүп, анын башына кийин президенттикке барбай турган адамды коёбуз. Ал ошол өткөөл мезгилде, адегенде парламенттик, анан президенттик шайлоону өткөргөн соң бийликти тапшырып кетет. Бир жыл же бир жарым жыл деген мөөнөттү дегенбиз. 7-апрель күнү кечинде, саат 11де "Форумда" Убактылуу Өкмөттү түзгөндө ошол принцип болду".
Сариев өзүнүн, Атамбаевдин жана Текебаевдин да президент болуу дымагынан улам убактылуу президент Роза Отунбаева болуп калганын ушундай чечмелеп жатат. Айтылып жаткан "Төш булак декларациясы", Бакиевдик бийлик куларынан 1,5 жыл мурдагы пландар тууралуу буга чейин коомчулукка белгилүү болгон эмес.
Ыңкылапчыл лидерлердин дагы бир негизги демилгеси өлкөдө күчтүү парламенттик башкарууну орнотуу эле. Ага ылайык, негизги чечимдерди бир адам – президент гана кабыл албай, жамааттык институт - парламент кабыл алып, өлкөнүн негизги багытын аныкташы керек болчу. 2010-жылы Конституция ушул максатта өзгөртүлгөн.
Конституция 2016-жылы да өзгөртүлүп, парламенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары дагы бекемделди делгени менен, ага чейин да, кийин да “кол бала” аты өчпөй келатканын депутаттар өздөрү да моюнга алып келатышат. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, учурда камакта жаткан Өмүрбек Текебаев мунун бир себебин мындан көрөт:
"Кийинчерээк Атамбаев өзүнүн жеке бийлигин орнотуп, парламентаризмге өтүү процессин басаңдатты. Жаңы саясий маданияттын калыптанышын токтотту. Жаңы стандарттагы саясатчылар пайда болгон жок. Мына, бүгүн Атамбаев өзү айтып отурат. «Парламентаризмге өтүшүбүз керек. Президент болгон адамдын ичинде эмне ой бар экенин билбейт экенсиң, жакшы деген адамың деле бийлик колуна тийгенде бузулат экен» деп. Албетте, анын акылы кеч кирип жатат. Бирок кеч болсо да Атамбаев эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли ушундан жыйынтык чыгарышыбыз керек", – деди Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде.
Дагы караңыз Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек»Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз партиясын улам бекемдеп, алдыдагы парламенттик шайлоодо жеңип келүү аракетин бийликтен кетери менен эле баштаган. Акыркы күндөрү саясий активдүүлүгүн да күчөтүүгө аргасыз болду.
Буга социал-демократтардын бир бөлүгү өзүнчө бөлүнүп, 3-апрелде курултай өткөрүп, Атамбаевди төрагалыктан кетирип, “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылды жетектеген Сагынбек Абдрахмановду партия лидери деп шайлап жибериши себеп болду. Бул чечимди ишке ашырып, мөөргө ээ болуу үчүн Абдрахманов партияны кайра каттоодон өткөрүү ниетинде.
«Юрист, нотариус катышып, юридикалык негизде баарын каттап жатышты. Кайра каттоодон өткөндөн кийин колубузда мөөр болот. Съезд партиянын башкы органы болуп эсептелет. Ошондуктан съезддин чечимине баары баш ийиши керек».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бирок бул курултайга буга чейин КСДП саясий кеңештин мүчөсү деп бекиткендердин бири да келген жок. “Келишти” деген Абдрахманов бир да фамилияны атаган жок. Абдрахмановчулардын каттоодон өтүү аракети партияны талашкан соттошууга алып барары күтүлүп жатат.
Атамбаев башында турган КСДП албетте Абдрахмановду партия лидери, ал чакырган жыйынды курултай катары тааныган жок. “Артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор бар” деп айыптады экс-президент.
Бул сөз 6-апрелдеги КСДПнын курултайынан соң айтылды. Анда бир жыл мурда эле жаңыланган саясий кеңеш кайра өзгөрдү, партия лидеринин орун басарлары көбөйдү. Алардын бири, депутат Рыскелди Момбеков акыркы жыйын анык КСДП "абдрахмановчулар" эмес экенин эске салып коюу, ошондой эле ал тарапты колдогон саясий кеңештин мүчөлөрүн катардан чыгаруу экенин жашырган жок. Муну "саткындардан арылуу" деп мүнөздөп жатышат. Ушул логиканы улап, жаңыланган саясий кеңештин тизмесине көз жүгүрттүк. Анда депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Чыныбай Турсунбеков жок. Андан тышкары Атамбаевдин эң жакын кишилери саналып келген Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, ошондой эле Осмонбек Артыкбаев да кирбей калышкан. Момбеков мунун себебин мындайча чечмеледи:
"Икрам, Фариддер саясий кеңеште турса мен ал саясий кеңешке мүчө болбойт болчумун. Мага окшогон бир топ кишилердин пикири ушундай. Анткени президентке таасир берген ушул эки адам болгон. Алмазбек Шаршенович өзү деле "кетирген катачылыктарымды мойнума алам" деп жатпайбы. Бул жерде Фарид менен Икрамдын президенттин алдында жоопкерчилиги бар да. Ал эми Осмонбек Артыкбаевдин саясий кеңешке кирбей калышына ЖЭБдеги авария боюнча акыркы тергөө иштери жүрүп жатканда "Мага Сапар Исаков түздөн-түз буйрук берди" деп айыптоо иретинде айткан сөзү себеп болду го дейм", деди Момбеков.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Албетте бул ирет да экс-президент бир кезде өзү мактап сүрөгөн президент досунун дарегине ачуу кептерин айтты. Мурдараак социал-демократтар партиясынан чыкканын жарыялаган Асылбек Жээнбеков Атамбаевдин “короосуна таш ыргыткан” эле.
Ошол эле учурда Атамбаев кызматтан кеткенден кийин адатка айланткан кечирим суроону унуткан жок. Бул ирет 2016-жылы Энелер күнүндө таарынткан укук коргоочу Азиза Абдирасулованын көңүлүн алды. Партиянын саясий кеңешине Адил Турдукуловду кошуу менен жарандык коомго жакын болуу далалатын билдирди. Каалаган саясий топторду “сүйүнүп кошуп аларын” да жашырган жок.
Курултайга Атамбаевди колдоп сүйлөбөй калган айрым депутаттар Рыскелди Момбеков, Карамат Орозова, Альфия Самигуллина, Мухтар Айнакулов келип калганы делегаттардын өзүн да таң калтырды. Муну социалдык тармактарда КСДПчылар ийгилик катары сыпаттап жазышты.
Ошол эле маалда бул ирет Атамбаевдин билдирүүлөрү, партиядагы жаңылыктар коомчулукта мурдагыдай кызуу талкууланган жок.
Мунун өзү социал-демократтардын ич ара жаңжалы менен Жээнбеков-Атамбаев кайым айтышуусуна кызыгуу азайып, тескерисинче бир жаңсыл болбогон бул маселеге кыжырдануу күчөгөнүн айгинелегендей. Мурдагы президент Роза Отунбаева да мына ушуну баса белгилеп жатат.
"КСДП тегерегинде сөз көп. Эртең менен турсак үч радио тең ушул теманы кууруп, чагып атат. "Ким эмнени, кантип айтты? Дагы кайсы саясатчы кандай баа берди?" деп эле. Кагылайын, кыргыз эли, болду да эми, Атамбаевдин тегерегинде "Ал эмне дейт экен, кимге кандай ат койду?" дегенди токтотпойлубу. Менин оюмча биз иш менен алектенбей жатабыз. Биздин жетекчилик да жалаң ушуну менен алек. Эмнеге съезддин жанында аңдып жүрүшөт? Биз мындан өткөнбүз. Бир эмес, эки жолу".
Чек арадагы маселени чечүү аракети
Иш десе адегенде экономика эске келет. Ал эми экономиканы илгерилеткендер - ишкерлер. 19-марттан бери “Ак-Тилек – Автожол” көзөмөл өткөрүү бекетинде Казакстандын текшерүүсү күчөп, жүк ташыгандардын өтүшү кескин солгундады. Натыйжада күнүнө 250-300 жүк автоунаасы кезекте турат.
Экономика министри Олег Панкратов чек арадагы чектөө “ЕАЭБдин шарттарын одоно бузуу” деп баалап, Евразия экономикалык комиссиясындагы кыргыз министрлерин чакыртып алууну өкмөткө сунуштады.
Ал эми казак тарап ЕАЭБ шарттарын аткарып жатышканын билдирип, кайра Кыргызстанга доомат коюуда. Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчи орун басары Куат Рахимов транзит аркылуу Орусияга деген товар Казакстанда калып, ал үчүн салык төлөнбөй жатканын басма сөз жыйынында билдирди:
"Кыйыр салык алуу маселеси анык, абдан чоң жана чечилбей калып жатат. Экинчи жагдай товар - транспорттук документтерге байланыштуу. Ал жерде бир товар көрсөтүлөт, аныгында башка товар. Саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мына ушундай жагдай ансыз да сындан башы көтөрүлбөй келаткан өкмөткө нааразылыкты күчөттү. Буга жума күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каяша жооп кайтарды:
"Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп айтып жатышат. Унчукпай, сүйлөшүүлөр менен чечилчү айрым экономикалык маселелер, абдан кылдат мамиле кылчу маселелер бар. Өкмөт аны карап, байкоочу болуп турган жери жок. Биз өз деңгээлибизде иштеп жатабыз. Кудай буюрса бул чечилет. Муну биз Евразия Экономикалык Биримдигиндеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк. Бүгүн, эртең туура чечимге келебиз деген ойдомун".
Ишембинин кечинде байланышып “Ак-тилек – Автожол” бекетинин жетекчиси Азамат Анарбаевден абалды сурадык:
"Учурда 236 машине турат. Мурун бир саатта 4-5 машине өтсө азыр 8-9 машине өтүп жатат. Качан толук өтүп бүтөрүн айта албайм, үч-төрт күндө бүтүп калат го".
Украина жаңы лидерди тандагысы келет
Ал тапта Украина президенттик шайлоо менен алек. 31-марттагы биринчи айлампадан 39 талапкердин ичинен куудул Владимир Зеленский менен президент Петр Порошенко суурулду. Зеленский 30,2%, Порошенко 15,9% добуш топтогон.
Утулган талапкерлердин көбүрөөк добуш алгандары негизинен Порошенкого каршы пикирлерин билдиришүүдө. Бирок тарапкерлерин Зеленскийди колдоого да чакырышкан жок.
“Азаттык” бир топ украиналык саясат талдоочуларга кайрылганда бул жолку шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгы эл “эски саясатчылардан” тажаганын көрсөттү деп белгилешти. Ушундай учурда мурда-кийин саясатка аралашпаган, “Элдин кулу” телесериалынын башкы каарманы – “элдик президентти” ойногон Владимир Зеленский купулга толуп турган чагы.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бирок Порошенко да оңой эмес. 2018-жылдын аяк ченинде талапкерлер рейтингинде бешинчи келаткан президент ыкчам аракеттери, саясий технологиянын, атаандаштарынын пикиринде административдик ресурстун күчү менен экинчи мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгара элек.
Мурдагы союздаш өлкөдөгү башкы окуяны кыргызстандыктар да кызуу талкуулап жаткан учур. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаш талапкердин миллиардер жана учурда бийликте турган талапкерден алдыга чыгып жатканынын өзү Кыргызстанга сабак болчу көрүнүш деген ойдо:
"Азыр эми Интернеттин доору, кыргызстандыктар мунун баарын көрүп жатат. Бизде деле ушуну жасаса болот экен деген ой саясий элитада эле эмес, карапайым элде да пайда болууда. Эң башкысы, Украинадан үлгү ала турган жактар көп. Бул жакта бийлик элдин тандоосун урматтап атат. Анткени бизде бийлик бир талапкерге токтолсо, ошону гана өткөрүү үчүн болгон күчүн, ресурсун бир адамга жумшап жатпайбы. Биз ошондон качып, чыныгы элдик тандоого койсок каражаты жок, бирок элде колдоосу бар адамдар чыкканга мүмкүнчүлүктөр бар".
Саясаттан сырттагы турмуш
Албетте маалымат каражаттарынын биринчи беттери жалаң саясатка, саясий талкууга толуп жатат. Бирок жай турмуш да нугунда жана кызуу. Жазгы талаа иштери, жайлоонун камы чоң түйшүк эмеспи.
Ушул күндөрү Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү ачылып, анда Улуу Жибек жолу өткөн Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы, биомаданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүүдө. 28-апрелге чейин болчу иш-чарага 16 өлкө катышып жатат.
Дооронбек Садырбаевдин тасмалары бир ай бою Кыргызстандын бардык аймактарында көрсөтүлөт. Ага чейин апрелдин башынан бери режиссердун чыгармачылыгына арналган жумалык уюштурулду.
Ноокен районунун Сакалды айылында кыз-келиндер жана аялдар футбол мелдешин өткөрүштү.
6-апрелде Кыргызстандын хоккей курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасын 7-4 эсебинде утту.