Байболов: "Жабылуу аяк..." саясаты жүрүүдө

Кубатбек Байболов

2010-жылдагы апрель-июнь окуяларына айыптууларды Кыргызстанга алып келүү маселеси боюнча мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов ой бөлүштү.
- Апрель-июнь окуяларына түздөн-түз катыштыгы бар адамдардын алынып келинбей жатканы түрдүү себептер менен түшүндүрүлүп келет. Сиз бул аракеттерден майнап чыкпай жатышынын негизги себебин эмнеден көрөсүз?

- Эң негизги себеби - "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" деген чоң саясаттан келип чыгып жатат. Парламенттеги апрель-июнь окуялары боюнча токтомдун долбоорун радиодон уктум. Бул эл алдында бир түркүн, карышкырлар да ток, малдар да аман калсын деген маанайды калтырып жатпайбы. Кептин баары ошондо болуп жатат.

- "Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" дегенге кимдер кызыктар болушу мүмкүн?

- Буга азыркы бардык саясий күчтөр кызыктар болуп жаткандай маанай калып жатат.

- Натыйжада азыркы бийлик күнөлүү адамдарды алып келүүгө чечкиндүү аракеттерди көрбөй жатабы?

- Негизги күнөөкөрлөр бул жерге келгенде абдан олуттуу маалыматтар чыгышы мүмкүн. Менимче, анчейин кызыктар болбой жатат го дейм.

- Мисалы кандай маалыматтар чыгышы мүмкүн?

- Мисалы ошол эле Батыров келсе, ошол эле Салахудинов келсе... Мына Салахудинов да издөөдө жүрөт деп айтылды. Аны ким көрсөтмө берип, ким чыгарганын прокуратура бүт билет. Андай болсо ошол тууралуу айтылбайбы. Аларды таппай, кармап келе албай жатабыз дегенден көрө, ким чыгарганын таап, жок дегенде “эй, туура эмес кылыптырсың” дегенге кудуретибиз жетпей жатпайбы.

Башкаларды болсо, маселен мени болсо төө бастыга алып, жемелеп жатышпайбы. Андай болсо Салахудиновду коё берип жибергендерди эмнеге жоопко тартпайт. Ошону менен куру билиш болуп жатпайбы. Бул иш жүзүндө жөн гана ишара, куру билиш. Орусча айтканда “имитация”.

- Анткен менен сиз да башкы прокурор болуп иштегенсиз. Ошол учурда эмне үчүн чечкиндүү чара көрүлгөн эмес? Көзгө көрүнөрлүк кандай иш жасалды эле?

- Биз болгон аракеттердин баарын жасаганбыз. Бирок мен болгону беш ай иштедим. Бирок издеп, таап келүү прокуратуранын милдети эмес. Бул атайын кызматтардын милдети. Мына азыр эмне үчүн баланча, эмне үчүн түкүнчө болгон деп жооп таба албай жатабыз. Ал эми бирден бир жооп, ошончо тополоң болуп жатканда эмне үчүн бир фото, эмне үчүн бир видео документ жок. Атайын кызматтардын негизги милдети тополоң болуп жатканда ошолорду тартыш керек эле да. Биз жок дегенде аларды туура эмес иш кылыпсың деп айтканга жарабай жатпайбызбы. Калган кылмыштарын койдум. Элементардык нерселерди жасай алышкан эмес да.

Мына азыркы башкы прокурорго да эмне үчүн издеп таппайсыңар деп доомат коюп жатышпайбы. Ал прокуратуранын милдети эмес да. Ал атайын кызматтардын, керек болсо чалгындоо, контрчалгындоонун, оперативдүү иш жүргүзгөнгө мыйзам жүзүндө милдеттендирилген органдардын милдети. Прокуратура бизге өткөрүп бергиле деп кагаз жөнөтөт. Аяктан жооп келген. Мен да жибергем. Аяктан бере албайбыз деген жооп келген. Андан башка прокуратура эч нерсе кыла албайт. Прокуратура тымызын барып туруп, аларды бөктөрүп келе албайт да. Өз учурунда 1917-жылы “Трест” деген операция болуп, Савинковду чет мамлекеттен сууруп келишпеди беле.

- Парламенттин кечээки жыйынында Максим Бакиевди Улуу Британия менен меморандумга кол коюп, андан кийин экстрадициялоо аракетин көрүүгө болоору айтылды. Деги эле апрель-июнь окуяларын күнөөлүү адамдарды алып келүү канчалык реалдуу? Мүмкүнчүлүк барбы?

- Азыр реалдуу эмес. Биринчиден, ал мамлекеттер күнөөлүү адамдарды бербей жатат. Экинчиден, чындап эле алып келебиз деген маанай болбой жатат. Себеби, аларда азыр доорон сүрүп жаткандарды кылтактап, моюндап турган маалыматтар бар да.

- Күнөөлүү адамдарды алып келүүнүн кандай жол-жоболору бар?

- Атайын кызматтар иш жүргүзүшү керек. Эгер биз өтө оор кылмыш жасаган адамдарды ушул турган Алматыдан бөктөрүп келе албасак, анда биз жүздөгөн, миңдеген офицерлерди кармап, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен эмнеге багып жүрөбүз?