Арадан эки жыл өттү...

Ак үйдүн алдында Апрел жана Аксы окуяларынын курмандыктарына арналган эстелик ачылып, “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде маркумдарга куран окулду.
Апрель окуясында набыт болгондордун жакындары эмне үчүн күнөөлүүлөр ушул күнгө чейин жазаланбайт деп, бийликке тикелей суроо коюшту.

Болгону 23 жашта эле...

Чыңгыз Актанов болгону 23 жашта болчу. Ал 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдынан башына ок тийип, каза тапкан эле. Артында 9 айлык баласы жана кош бойлуу келинчеги калган. Жесири Майрамгүл Олжобай кызы балдарынын атасыз өсүп жатканына өкүнөт:

- Жолдошум каза болгондо бир балабыз бар эле. Экинчиси 5 айлык боюмда болчу. Колумдан келишинче атасынын жоктугун билдирбегенге аракет кылып жатам. Бирок көчөдөн башка аталар балдарын эркелетип жатканда жаман болобуз. Ошону көргөндө абдан кыйын. Атабыздын орду толбойт, анын ордун эч нерсе менен толтура албайбыз. Биздин атабыз жок өтүп жаткан күнүбүздүн баары кыйын. Ар бир күн бизге кыйын. Башка эч нерсе айта албайм...

Майрамгүл Олжобай кызы 7-апрелде элге от аткандар жазаланбай жатканына нааразы.

- Тоок уурдаганды деле камайт эмеспи. 100дөй адам өлдү, дагы кандай далил керек? Эмне үчүн соттой алышпайт? Буга биз аябай нааразыбыз. Ошол эле орундарда баягы эле акаевчилер, бакиевчилер отурат.

Ал эми 7-апрелде набыт болгондордун бири Мырзабек Жумаев 54 жашта болчу. Үч кыз, бир уулу бар эле. Жубайы Гүлжан Солгунбаев жолдошунун бейитинде аны эскерип отурду.

- Жолдошум университетте иштечү. Эртең менен жумушка кеткен, ошол боюнча көрбөй калдык. Мурда эле “Курманбек Бакиев кетмейинче элдин турмушу оңолбойт” деп айтып жүрчү. Жумушунан чыгып алып, аянтка барган окшойт.

2010-жылы 7-апрелде атылган октон Казакстандын Жамбыл облусунун тургуну, 16 жаштагы Илья Шиян да набыт болгон. Анын бир тууган эжеси Ольга Шияндын айтымында, Бишкекке конокко келген иниси ошол күнү тополоң болуп жатканынан кызыгып, Ак үй алдына бара калып, ажал тапкан. Ольга Бишкектеги эстеликтин ачылышына жана “Ата Бейиттеги” куран окуу аземине катышып, 7-апрель боюнча “Азаттыкка” буларды айтты.

- Убакыт дарылайт деп айтып жүрүшөт. Бирок ал жоготууга даба боло албайт экен. Эстеген сайын жүрөгүң кысылат. Бул жоготуунун орду толгус. Мен баарына тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү каалайм. Эл бул окуяны унутпашы керек. Жок дегенде ушундай болуп, бир жылда бир эскерип туруу зарыл. Эл бул эркиндик кандай жоготуу менен келгенин билет жана анын баасын унутпайт деп ишенем.

“Белгисиз адамдын бейити”

2010-жылы 7-апрелде атылган октон 87 адам каза таап, анын 27си “Ата Бейит” мемориалдык комплексине коюлган болчу. Бул жерге коюлду делгендердин бири Маралбек Максымбеков тирүү болуп чыгып, анын Орусияда иштеп жүргөнү кийин белгилүү болгон. Анын уулу өз атасын өлдү кылып, өкмөт берген 1 миллион сомду алып, качып кеткени айтылган.

Бул окуя белгилүү болор замат коомчулукта “анда Максымбековдун ордуна ким көмүлгөн” деген суроо жаралган эле. Бирок өткөн жылы күзүндө ал жерге 1957-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Дүйшөнбек Чалабаев көмүлгөнү аныкталган. Анын жубайы Айгүл Исмаилова жолдошун Казакстанга жумушка иштегени кетти деп жүрүшкөнүн, бирок кабарсыз кеткенден кийин издей башташканын айтат. Ал “Ата Бейитке” жолдошуна куран окутуп барган жеринен “Азаттыкка” буларды айтты:

- “Бул адам Ала-Тоо аянтында биринчи болуп окко учкан. Ким тааныса, кабарлашкыла” деп гезитке телефондору жазылыптыр. Өзүбүз да шекшинип издей баштаганбыз.

"Азаттык": Бирок сиз ушул жерде чындап эле жолдошуңуз жатканына ишенесизби?

- Ооба. Анткени Ала-Тоо аянтында каза тапкан жериндеги сүрөттөрү да бар.

Бирок “Ата Бейиттеги” Дүйшөнбек Чалабаев көмүлгөн жайдагы ташта дагы эле “бул жерге белгисиз адам көмүлгөн” деп жазылып турат. Айгүл Исмаилова ал таштын бетине жолдошунун ысмын жаздырууга аракеттенип жатканын билдирди.

7-апрел курмандыктарына арналып, Ак үйдүн жанында расмий эстелик ачылып, "Ата Бейитте" куран окулду. Ага мурдагы өлкө башчысы Роза Отунбаева, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы жана спикер баштаган аткаминерлер катышты. Президент Атамбаев эстеликтин ачылышында буларга токтолду:

- 7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Бул элдин жеңиш күнү. Бул күнү эл бийликтин булагы экендигин так далилдеген. Эл өзүнүн эл экендигин, эл толкуса сел экендигин көрсөттү. Көлдөй толкуган эл сел болуп, авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу режимин алып түштү. Эл адилетсиз бийликке эч качан тизе бүгүп, чөгөлөбөй тургандыгын көрсөттү.

Жакындары бийликке нааразы

Ал эми “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев эстеликтин ачылышында сүйлөп жатып, 7-апрель боюнча күнөөлүүлөр жазаланбай жатканы үчүн бийликти сынга алды.

- 7-апрель соту ар кандай себептер менен созулууда. Өзгөчө 10-15 күнгө созулса, азыр айлап созулууда. Буга бийлик өзгөчө көңүл бурбаса болбойт. Сот иши эскирип, актуалдуулугун жоготот. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Бакиевдер жана Данияр Үсөнөв баш болгон кылмышкерлер тайраңдап жүрүшөт. "Карга карганын көзүн чукубайт" дегендей, алардын Убактылуу өкмөттүн колдоосу менен качып кетишкени белгилүү.

Ошондой эле Жамансариев “Бакиевдин кадрлары жогорку кызматтарга коюлуп жатат” деп нааразы болду.

- Төрөкул Беков деген ким? Биздин билгенибиз боюнча, ал Курманбек Бакиевдин бир тууган бөлөсү жана жардамчысы болгон. Биздин жакындарыбызды аткылап, өлтүрүп, майып кылган, кордогон Бакиевдин бөлөсү келип, жардам берем деп бузукулук кылганы бизди ардантат. Ошондой эле Максим Бакиевдин бир тууган кайнагасы Бакыт Кененбаев жакында Маданият жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Муну эмне деп айтсак болот? Же башка кадрлар жокпу? Өкмөт башчынын 7-апрель революциясына жасаган мамилеси кейитет.

2010-жылы 7-апрелде 87 адам каза таап, жүздөгөн адамдар жаракат алган. Бирок жаракат алгандардын арасынан каза тапкандар арбыган. Ушул күнгө карата өлгөндөрдүн жалпы саны 100дөн ашкандыгы айтылууда.