Апрель окуясы: аскер сотунун өкүмү чыкты

Апрель соту, 17-ноябрь, 2010-жыл

Республикалык аскер сотунун 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмү чыкты.

Аскер соту Нурлан Ашымбеков бүгүн өкүмдү окуп бүттү. Ага ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иниси, мамлекеттик күзөт кызматынан мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды. Ал эми экс-президенттин уулу, УКМК төрагасынын кеңешчиси Марат Бакиев сыртынан 27 жылга кесилди.

Соттун буга чейинки инстанциясында атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевди он жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин эркиндикте жүргөн Мурат Суталинов менен Данияр Дунганов сот залында камакка алынды. Аларга 2010-жылдын 7-апрелинде нааразылык акциясына чыккан адамдарга курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген айып тагылган.

Бишкекте Ак үйдүн алдында 2010-жылдын 7-апрелинде болгон элдик толкундоонун натыйжасында 77 адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган.