Апрель ыңкылабы: төрт жылдан кийин...

2010-жылдын 7-апрелинде гранатанын сыныгы тийип, эки бутунан ажыраган милиция кызматкери Алмаз Акчекеев.

Апрель ыңкылабынын төрт жылдыгы алдында анын курмандыктарынын саны 113кө жетти. Алардын 78и 2010-жылдын дал ошол 7-апрель күнү борбордук аянтта окко учкан. Апрель ыңкылабын “Азаттыктын" кабарчылары менен анын катышуучулары эскеришип, ал эми кыргызстандыктар бул кандуу окуянын сабактары тууралуу ой бөлүштү.
Бакыт Турганбаев кезинде атактуу Тапанча балбан менен үзөңгүлөш жүрүп, көптөгөн той - аштарда күрөшкө түшчү. Кийинчерээк соодага өткөн. 2010-жылдын 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында эки бутуна тийген ок аны экинчи топтогу майыптардын катарына кошту. Ошондон бери ал кандай күндү кечирүүдө жана ден соолугу кандай? Кабарчыбыз Али Токтакунов Бакыт мырзаны Апрель окуясында оор жаракат алгандарга бөлүнгөн үйдөгү батиринде кепке тарткан:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Бут сөөгүмдү экинчи ок чачыратты"



Апрель ыңкылабынын маалында оор жарат алгандардын арасында милиция кызматкери Алмаз Акчекеев болгон. Аянтта жарылган граната Алмазды эки бутунан ажыратып, түбөлүккө майып кылды. Прапорщик Акчекеевге өкмөттөн үй берилгени менен аны мыйзамдаштыра албай келет. Учурда иштебейт, пенсияда. Аны менен кабарчыбыз Бакыт Асанов жолуккан:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Биз ыңкылапчылардын да, бийликтин да тарабында болбой калдык"



Мария Кемелбекова - 2010-жылдын 7-апрелинде борбордук аянтта окко учкан 78 кыргызстандык жарандын аркасында жер муштап, муңга батып отуруп калган энелердин бири. Анын Мирланы аман болсо ошол күздө апасын келиндүү кылмак. Маркум Мирлан Кадыралиевди “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаков апасы Мария менен чогуу эскерет:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Уулумду сагынуу мен үчүн азап"



Сиз үчүн 7-апрелдин сабагы эмнеде? “Азаттыктын” кабарчылары кыргызстандыктарга мына ушундай суроо менен кайрылышты:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Апрель ыңкылабынын сабактары



7-апрель окуясында ажал тапкандардын жакындарына жана оор жаракат алгандарга мамлекет миллион сомдон кенемте, бир батирлүү үй жана Апрель баатыры деген күбөлүк бергени белгилүү. Бирок ошол эле учурда “Апрель баатыры” деген наамга жамынган псевдобаатырлар көбөйдү деген катуу сын коомчулукта айтылып келет. Бул сындын чоо-жайын кабарчыбыз Улан Эгизбаев сураштырды:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Апрель баатырынын" атына жамынгандар



Өткөн төрт жыл ичинде 7-апрель окуясы жеке эле публицистикалык эмес, прозада, поэзияда, драмада, музыкада көптөгөн чыгармалардын жаралышын шарттады. Кабарчыбыз Аманбек Дилденбайдын баяны:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Апрель ыңкылабы көркөм дүйнөдө