Үйлөр арзандачудай эмес

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, үй сатуу рыногунда 2012-жыл эң активдүү жыл болду.
Сатып алуулардын басымдуу бөлүгүн айыл чарбасы үчүн алынган жер, андан кийин жеке турак жай, батир түзгөн. Анткен менен эксперттер Кыргызстанда жаштардын көбү үйсүз жүргөнүн, бул жактагы айлык менен турак жайлуу болуш кыйын экенин белгилешүүдө.

“Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайларды каттоо жана анализдөө бөлүмүнүн эксперти Айдар Сукенбаев жана экономист Искендер Шаршеев.

“Азаттык”:
Айдар мырза, сиздердин маалыматка караганда, өткөн жыл алып-сатуулар боюнча эң активдүү болгон экен. Өзгөчө Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана Жалал-Абадды атаган экенсиздер. Демек жарандар акчаны кыймылсыз мүлк аркылуу сактоого басым жасап калышты десек болобу?

Айдар Сукенбаев: Ошентип айтсак деле туура болот. Биринчиден, жарандар өзүнүн акчаларын буга чейин доллар менен сактап келишкен. Бирок 2003-жылдан 2007-жылга чейин доллардын өйдө төмөн өзгөрүүсүнө байланыштуу адамдар каражатын кыймылсыз мүлк алуу жолу менен сактап калышкан.

Ошол мезгилде сатып алуу-сатуулар күч алган. 2007-жылы бизде ипотека программасы ачылып, Казакстан банктары Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууну күчөткөн. Ал эми 2012-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга которгон акчалары жогорулады.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Былтыр кыймылсыз мүлккө баа 10-20% өсүптүр. Кийинки жылдарга божомолдор кандай, кескин кымбаттоолор болбойбу?

Айдар Сукенбаев: Божомолдоонун өзү жакшы иш эмес, аны алдын ала айтуу кыйын. Ошентсе да баа кескин түрдө өспөйт деп божомолдоп жатабыз. Экономиканын өсүшүнүн темпи ага жол бербейт.

“Азаттык”: Кыймылсыз мүлк сатып алгандардын көбөйгөнү элдин байыганын көрсөтөбү?

Искендер Шаршеев: Бул көрсөткүч кыргызстандыктардын байыганын көрсөтө албайт. Кызыгы ипотекалык кризистен сырткары, дагы башка кризис күчөгөндө эл кыймылсыз мулктү сатып алууга аракет кылат.

Экинчиден, баалар бир өсүп, кайра төмөндөй баштаганда сатып алгандардын саны көбөйөт. Жалпы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча бизде анчалык деле өсүү болгон жок. Тескерисинче ички дүң продукт 6% түштү, быйыл деле төмөндөө байкалып жатат. Ошондуктан эл байып атат деп айтпайт элем.

Мисалы, Сингапурда пенсия, жөлөк пул, акысыз медициналык камсыздандырууну жок кылып, бирок ар бир үй-бүлөгө турак жай берет экен. Бизде деле ошол тажрыйбаны колдонсо, канчалаган жаштар үйлүү болуп калат эле.

Үйлүү болуу - бул кире эмес. Анын да коммуналдык төлөмдөрү бар. Ошондуктан жашап, ошолорду төлөш үчүн чуркап иштемек. Азыркы социалдык турак жай маселесин ушинтип чечсе деле болмок.