К.Молдошев: Кийик атууга мораторий киргизүү керек

Аксай, Арпада аркар-кийиктерди атууга мораторий киргизүү сунушу чыкты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин байкоочу кеңешинин мүчөсү, эколог Кайрат Молдошев "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.
“Азаттык”: Нарын облусунун экологдору Аксайда аркар-кийиктерди атууга мораторий киргизүү сунушу менен чыгып атышат. Алар ырасмий документтерде ал жактагы аркар-кийиктердин саны көп көрсөтүлгөнү менен чынында бул тоо жаныбарлары абдан эле азайып кеткенин айтышууда. Мындай демилгени колдойсузбу? Дегеле ушул тоо жаныбарларын сактоо аракеттери кандай болуп атат?

Кайрат Молдошев: Албетте бул жакшы демилге болуп атат. Муну колдош керек. Себеби өзүңөр билесиңер, мындан бюджетке канча акча түшүп атканы боюнча маалыматтар так эмес. Ар лицензия алып алган кандай туристтик фирмалар иштеп атышат. Анан алар кийиктердин канчасы атып атат, канчасын алып кетип атат деген маалыматтар болбогондуктан, байкоолор боюнча тоо жаныбарлары азайып кеткен.

Өзүңөр билесиңер, мындан бир нече жыл мурда табиятка чыгып, аркар-кулжа атабыз деп тик учак менен чыгып кырсыктап кетишкен. Бул эки жолу болгон. Анан бизде байыртадан эле "Кожожаш" эпосу айтылып келген. Аркар-кулжа кыргыздын тотеми болуп эсептелинет. Ошол себептүү табияттын күчүн эске алып, жанагыдай кырсыктарды алдын алуу, сакталыш үчүн мораторий жарыялоого туура келет. Көтөрүлүп аткан бул демилгени мен толук колдойм.

“Азаттык”: Маселенин башка өңүтүн да айтып атышат. Мисалы, ошол аркар-кийиктерди атууга келген чет элдиктер кыйла акчаларды Кыргызстанга таштап кетип атканы, андан мамлекеттик казынага салыктар төлөнүп атканы айтылат. Бул боюнча так маалыматтар жок деп атасыз. Эмне себептен ушундай так маалыматтар жок? Ушуну сиздер байкоочу кеңештин мүчөсү катары талап кылбайсыздарбы?

К.Молдошев: Албетте болот. Биз эми жаңы эле кеңеш болуп түзүлдүк, президенттин жарлыгы менен. Ноябрдан бери иштеп атабыз. Анан быйылкы иш планга ушундай нерселерди киргизип атабыз, ачык-айкындык болсун деп. Анткени чындап эле канча түшүп атканын билбейбиз. Негизи аркар-кулжа атууга так ушул биздин Айлана-чөйрөнү, токой чарбаны коргоо агенттиги берет да лицензияны. Булардын бюджетин карап чыксак, иштеп аткан адамдардын айлыктары эң эле төмөн экен. Булар кантип иштеп жүрүшөт? Эми негизинен булар гранттар менен иштейт. Бирок биз жанагы сырттан аркар-кулжа атуу үчүн келген туристтерден канча түшүп атканын изилдейли деп атабыз.

“Азаттык”: Аркар-кийик атуу чоң бизнеске айланып кеткен деген пикирлер бар. Лицензияларды Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги берет деп айттыңыз. Андыктан бул маселеде булардын дарегине да көлөкө түшчүдөй. Маселен, чет элдиктер бир кийик атуу үчүн 5 миңден 10 миң долларга чейин төлөшөт делет. Кийиктин этин деле базарларда үстөлдүн астына катып алып сатып атканын көрүп жүрөбүз.

К.Молдошев: Булар биз менен иштешели деп эле атышат, андыктан көлөкө түшпөйт буларга. Анткени булардын өздөрүнө эле жакшы. Кайсы бөлүмү, кандай лицензия берип атат, кайсы маалга, канча жылга берип атат? Баарын караш керек.

Мисалы, лицензияны азыркы маалда, аркар-кулжа төлдөп аткан маалда бербеш керек. Анткени мунун кесепеттери жаман. Өз убактысы менен берип атышабы, канча берип атат? Ушул боюнча ачык иштегиле деп атабыз булар менен чогуу.

“Азаттык”: Бирок так ошол аркар-кийик төлдөп аткан маалда, февраль-март айларында аң уулоолор күчөп атканы айтылып келатпайбы. Сиз айткан тик учактардын кырсыкка кабылуусу март айында болгон. Бул боюнча көзөмөлдү күчөтүү керектир?

К.Молдошев: Албетте. Биздин бир мүчөнүн айтымында, Ысык-Көлдүн Саруу деген айылында баягы кырсыктар болоор алдында бугу көрүнгөн экен. Анан аксакалдар айткан экен, "токтоткула атканды" деп. Ошол жактагы көзү ачыктар да айтыптыр, “кырсык болот жакында” деп. Анткени көлдө элдин тотеми бугу да. Анан аксакалдар айтыптыр, “бул жаныбар адамга жакын башынан. Келип бизге кабар берип атат. Жанагыдай төлдөп аткан маалда атканды токтоткула” деп айтышкан экен. Бирок бул маалымат жеткен эмес да. Биз кийин угуп калдык муну.

“Азаттык”: Рахмат.