Искакова: Бажы биримдигине шашылбайлы

Кыргызстандын Швейцария, Италияда жана Лихтенштейндеги элчиси, ошондой эле Женевадагы БУУнун өкүлчүлүгүндөгү жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Гүлнара Искакова “Азаттыкка” маек курду.
- Сиз үч өлкөдө элчи жана эки эл аралык уюмда Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп иштеп жатасыз. Алгач сиз кеминде бир жарым жылдан ашык убакыттан бери иштеп жаткан Швейцария тууралуу айтып кетсеңиз. Азыр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын абалы кандай?

- Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер абдан жакшы. Мурдатан бери эле Швейцариянын Кыргызстанга болгон мамилеси түз болуп келген. Анткени биз элине деле окшошуп кетебиз. Алар да бизге окшоп көп тилдүү, көп улуттуу өлкө. Кыргызстанга окшоп тоолуу мамлекет. Башынан бери эле бизге көбүрөөк көңүл буруп, бизге жардам берип келет.

Швейцария Кыргызстан соңку окуялардан кийинки кыйынчылыктардан оңой эле чыгып бара жатканын көрүп жатат. Алар биз тандаган жолду абдан колдошот

Экономика жагын алганда, көбүнчө соода багытында кызматташуу бар. Кыргызстан алтынды Швейцарияда тазалайт. Биздин товарлар Швейцариянын базарына чыга албайт, азырынча эрте болуп жатат. Анткени биздин товарлар стандарттык текшерүүдөн өтүшү керек.

Бирок Кыргызстанда Швейцариянын кызматташтык боюнча бюросу бар. Алар абдан көп долбоорлорду жүргүзөт. Швейцария көбүнчө жардам катары каражат бөлөт. Бир жылда 17 миллион швейцариялык франк Кыргызстанга жардам катары берилет. Анан Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда мамиле пайда болгондон кийин 229 миллион швейцариялык франктан көп жардам берилген.

Италиядагы кыргыздар ынтымактуу

- Сиз Италиядагы элчи катары да иштеп жатасыз. Буга чейин Италияда консулдук ачуу демилгеси көтөрүлгөн. Азыр бул өлкөдө канча кыргызстандык бар, консулдук ачууга зарылчылык барбы? Ал качан ачылат?

- Бул маселени Италиядагы мигранттар мурдатан бери эле көтөрүп келе жатышат. Биз бул демилгени колдоп жатабыз. Анткени Италияда мигранттар көп. Расмий каттоо жүргүзүлбөсө да, кайрылууларга караганда азыр Италияда 3-5 миңдей кыргызстандык бар. Алар көп эле юридикалык маселелерге туш болушат. Кээ бирлери паспортторун жоготуп алышат, же документтеринин мөөнөтү өтүп кетет. Натыйжада кандай гана маселе чыкпасын аларды Италиянын бийлик өкүлдөрү менен чогуу ордунда чечсе жакшы болмок. Ошондуктан консулдук ачуу зарылчылыгы бар.

Италиядагы кыргызстандыктар

Биз Женевада отургандыктан Италиянын шаарларынан алыспыз да. Мисалы, Неаполго баруу үчүн бир эле жакка 14-15 саат машина менен жүрүү керек. Ошондуктан биз бат-баттан бара албайбыз. Жыл сайын эки эле жолу барабыз. Азыр консулдук качан ачылары белгисиз. Аны биздин өкмөт чечет.

- Айрым Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Италияга кыргызстандыктарды алдап алып барып, иштеткен көрүнүштөр тууралуу да айтылып келет. Бул боюнча кандай маалыматыңыз бар? Маселени жөнгө салуу боюнча элчилик кандай аракеттерди жасады?

- Чынын айтсам, бирөөнү сатып ийип, кул кылып жатат деген маалыматтар менде жок. Жаман жактарын көп көргөн жокмун. Мен атайын Неаполго барып, биздин мигранттар менен жолуктум. Ал жерде кыргыздардын ассоциациялары да иштейт экен. Алар андай нерселерди айтышкан жок. Бирок кыйынчылыктар болот экен. Мисалы, бирөө оңой эле жумуш табам деп барып, кара жумушка туш болушат экен. Же ооруп калышат, кээде өлүмдөр да болот экен.

Бирок биздин жарандар абдан кыйын экен. Өз ара акча чогултуп, жардам беришет. Биздин элчилик алыс да, керек болсо бизге деле кайрылбай эле өздөрү ордунда чечип коюшат экен. Болгону Италиядагы бир кыргызстандык түрмөдө отурат экен. Италиянын бийлик өкүлдөрү муну жакшы көрсөткүч деп айтып жатышат.

Кыргызстан - ачык өлкө

- Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин иши сынга алынып келет. Маселен, чет жердеги кыргыз атуулдарына жетиштүү көңүл бөлбөйт деген доомат айтылып жүрөт. Сиз үч элчиликти жетектеп жатасыз, жарандарга жетиштүү жардам берилип жатат деп ишендире аласызбы?

- Биздин элчиликтердин иши көп да. Биздин жарандарга жардам берген элчи жана консул гана бар. Болгону үч кызматкер бар. Бир кызматкер үч өлкөнү жана консулдук иштерди карайт. Калган эки дипломат Бириккен улуттар уюму жана башка эл аралык уюмдар менен иштейт. Ошондуктан биз өз ара сүйлөшүп алганбыз. Биздин жарандардын кандай маселеси болсо, бизге кайрылса, аларды чечкенге аракет кылабыз.

- Сиз жакында Бириккен улуттар уюмунун Женевадагы өкүлчүлүгүндө июнь окуялары боюнча, Кыргызстанга карата резолюция кабыл алынарын билдирдиңиз эле. Түшүндүрүп кетсеңиз, бул кандай резолюция?

- Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши бар да. Ошол кеңешке Кыргызстан да мүчө. Ал кеңешке жалпы 47 мамлекет мүчө болуп саналат. Башка мамлекеттер да кошулуп иштешет. Бирок алар байкоочу болуп турушат. Кыргызстанда июнь окуясы болгондо бул кеңеш “14/14” деген резолюция кабыл алган.

Ал резолюциянын негизинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Кыргызстандын июнь окуяларынан кийин адам укуктары боюнча жасаган иштерин карап, кеңештин кийинки жыйынында баяндама жасоого милдеттендирилген. Кийинки жылы ал баяндама жасаган. Анын жыйынтыгы менен дагы бир резолюция кабыл алынган. Эми келе жаткан июнь айындагы 20-сессияда кайта эле жогорку комиссардын Кыргызстан боюнча баяндамасы каралат. Анын жыйынтыгында балким кандайдыр бир чечим, резолюция кабыл алышы мүмкүн.

- Кеңештин чечими негизинен сунуштар болобу, же кандайдыр бир санкциялар да кабыл алынышы мүмкүнбү?

- Кыргызстанга карата кандайдыр бир санкциялар болушу мүмкүн эмес. Анткени Кыргызстан абдан ачык өлкө. Эл аралык уюмдар, БУУ менен абдан жакшы иштешип жатат. Буга чейин резолюция гана болгон. Бирок резолюциянын кабыл алынышы деле өлкөнүн беделине жакшы таасир бербейт. Анткени бир мамлекетке карата резолюция кабыл алынышы ал өлкөдө көйгөйлөр бар экенин көрсөтүп турат. Кыргызстан көйгөйлөрүн чечип туруп, бөлөк мамлекеттер менен тең иштешсе жакшы болоор эле. Анткени резолюциялар көбүнчө Беларус, Судан, Сомали, Гаити, Түндүк Корея өңдүү маселеси көп мамлекеттерге карата кабыл алынат.

Бажы биримдигине шашылбайлы

- Сиз Бүткүл Дүйнөлүк уюмунда Кыргызстандын туруктуу өкүлүсүз. Бул уюмга мүчө болгон Кыргызстан Бажы бирикмесине кирем деп жатат. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирсе, Дүйнөлүк соода уюмунун кандай шарттарына аткарышы керек?

- Абдан жакшы суроо. Биз Бажы биримдигине Орусиянын шартында киребиз. Негизи Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна киргени биз үчүн ылайыктуу болду. Анткени алардын тарифтик көрсөткүчтөрү бир аз болсо да жакындашып калды. Ошентсе да Орусиянын көрсөткүчтөрү Кыргызстанга караганда айырмаланып турат. Кеминде бир жарым пайыз айырма бар. Бул бир караганда кичинекей айырмадай көрүнгөнү менен миллиондогон акчалар тууралуу сөз болуп жатат. Кыргызстан кайсы товарлар боюнча айырма бар экенин табышы керек. Анан ошонун негизинде Орусия менен келишим түзүп, Бажы биримдигине кириши керек.

Башында Кыргызстан дүйнөлүк соода уюму менен келишим түзгөн да. Ошол келишимдин шарттары Бажы биримдигинин шарттарына келишпей калат. Ошондуктан Кыргызстан кызыкчылыктары келишпей калган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген айрым өлкөлөр менен кайрадан сүйлөшүүгө кириши керек. Балким Кыргызстан компенсация да төлөшү мүмкүн. Бул болсо Кыргызстан үчүн чоң акча болуп калат. Ошондуктан шарттарын абдан жакшы иликтеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бажы биримдигине шашпай киришибиз керек.

- Ошондо сиз үч мамлекеттеги элчинин ишин аткарып, эки уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп иштеп жатасыз. Кантип башкарып, кантип жетишип жатасыз?

- Бизге негизги жардамды Тышкы иштер министрлиги берет. Биз Женевада приоритеттерге карата иш алып барабыз. Кайсы маселелерде Кыргызстандын кызыкчылыгы көбүрөөк болсо, ошого көбүрөөк көңүл бурабыз. Июнь окуяларынан улам адам укуктары маселесин эл аралык уюмдар көтөргөндөн кийин бул маселе биз үчүн негизги багытка айланды. Азыр июнь окуялары боюнча маселелер Кыргызстандын ичинде чечилип бүткөндөн кийин эл аралык деңгээлге чыгат. Мындан улам биз бул маселелер боюнча Кыргызстандын жообун берип турушубуз керек. Мындан тышкары экономикалык дипломатия да негизги приоритет болуп кала берет. Женева адам укугу кеңеши менен абдан белгилүү. Азыр Кыргызстан бул кеңеште вице-президент болуп иштеп жатат.