Алтынай: Брейк-данс жөн эле бий эмес
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин 17 жаштагы тургуну Алтынай Абдурасулова спорттук бийлердин түрүнө кирген брейк- данс боюнча жакында Тайванда, Жапонияда өткөн олимпиадалык сынактарга катышып келди. Адатта бозойлор бийлеген бул бийге Алтынайдын кызыгуусу мындан үч жыл мурун башталган. Кызынын тандоосун колдогон ата-энеси күнүнө бир нече сааттап машыгуусуна шарт түзгөн. Алтынайдын шыгы артып, брейк-данс боюнча чет өлкөлөрдө өткөн бир нече мелдештерге катышып, жеңүүчү да болду. Брейк-данс быйыл спорттук бий катары таанылып, өспүрүмдөр арасындагы олимпиада оюндарынын программасына киргизилди.