Алтай-кыргыз: байыркыны эске салган музыка

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте 8-июнда алтайлык жана жергиликтүү музыканттардын, ырчы, бийчи, композиторлордун концерти өттү. Кечеде алтай-кыргыз ырчыларынын дуети, бийи, түпкүлүгү окшош чыгармалары тартууланды. Байыркы элдик өнөрүн азыркы заманга ылайыкташтырып иштеп чыккан таанымал топтор өз өнөрүн көрсөттү. “Алтай ата-бабанын ыйык жери” деп аталган биргелешкен концертти “Хан-Алтай” коомдук бирикмеси Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурган.