Аксакалдар үн катты

Кыргыз эли илгертеден эле аксакалдардын сөзүнө кулак төшөп келген.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун бул жолку чыгарылышы аксакалдар кеңеши жана элдик курултайга арналды.
Талкууга Кусейин Исаев, президенттин аппаратынын эксперт-кеңешчиси Кадыр Кошалиев жана “Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов катышты.

“Азаттык”: 9-февралда Бишкекте аксакалдардын республикалык жыйыны болуп, анда Кыргызстан калкынын аксакалдар кеңеши түзүлгөнү айтылды. Жыйынга катышкандардын көпчүлүгү элдик курултай өткөрүү демилгесин колдошту. Жыйынга президент Роза Отунбаева да катышып, элдик курултай демилгесине колдоосун билдирди.

Роза Отунбаева: Урматтуу аксакалдар, мен да бул демилгени буга дейре түпкүлүгүндө колдоп келгем. Болгону бул маселени мамлекеттик, коомдук түзүлүшүбүзгө кандайча киргизебиз, юридикалык негизи, саясий орду кандай болот, классикалык үч бийлик бутагы менен курултайдын карым-катнашы, байланышы кандайча ишке ашат? Бийликтердин тирешүүсү жол бербей, кээ бир замандаштарыбыз айткандай, элдин атынан көзөмөл функциясын аткара алабы? Анда эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеңештин функциясы кандай болот? Албетте бул жерде тактоочу маселелер арбын. Коюлган суроолорго сиздерди туура жооп табат деп ишенебиз. Курултай эл үчүн адилеттиктин элдик кепилдиги катары кызмат кылышы мүмкүн. Курултай маселесин көтөрүп жаткан сиздер менен тыгыз иш алып барууга даярбыз.

Бексултан Жакиев: Убактылуу өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болду беле? Мурунку бийликтин кылган кылмыштарын айтапай туруп бүт Убактылуу өкмөттүн мойнуна жаба салышы туура эмес. Убактылуу өкмөттүн иши толтура. Аны баарыбыз көрүп атабыз. Эгерде бул Убактылуу өкмөттүн бийлиги болбосо Ош жолу чатакта, кыргын жүрүп отуруп Кыргызстан жок болмок.

Кемел Ашыралиев: Биз бул жерде жалпылап айтып атабыз. Качан түз айтканга үйрөнөбүз. Бизге бийликтин кереги жок. Мына Апас Жумагулов “мен Аскар Акаевден улуумун, ал киши менен иштештим эле, Акаев туура эмес жолго баратасың деп айталган жокмун, кыргыз эли” деп калкка айттыбы? Жетинчи кабатта бүт бойдон коррупция каптап кетти, Манастын арбагы урсун дегенде, бул жерде отурган эч ким айткан жок да. Ошол эле Апас Жумагулов “эгерде Үсөн Сыдыков болбогондо 90-жылдагы Ош окуясы болмок эмес” деп айтпадыбы. Мен да облустук комитеттин катчысы болуп иштегем.

Калыс сөз дайыма эле жаңырган эмес

“Азаттык”: Бизде аксакалдар кошулган жыйын болсо эле кошоматчылардын жыйынына айланып кеткенине эл да көнүп калган. Бүгүнкү аксакалдар жыйыны мурдагы жыйындардан эмнеси менен айырмаланды? Мындайча айтканда “дүжүр аксакалдардын” жыйынына айланып кеткен жокпу, же андан башка жагынан айырмаланды деп айтууга кандай негиз бар?

Кусейин Исаев: Бүгүнкү жыйын ушуга чейин түзүлгөн ар кандай аксакалдардын жыйынынан жана алардын кеңешмелеринен айырмаланды. Эки президенттин учурунда тең биздин аксакалдар өтө уят болуп, ошолорго кандайдыр бир көз каранды болуп, аксакалдар болбой эле, “дүжүр чалдар” болуп калган болчу. Бул өтө уят, шылдың сөз эле.
Азыр радиодо чыкканыбыздын өзү эле курултай, гезиттерибиз да курултай.


Бүгүнкү аксакалдар кеңешинин катышуучулары мурунку советтик партиялык кызматта иштеген, элге-журтка аттын кашкасындай таанымал аксакалдар. Ошолордун дээрлик көпчүлүгү калыс сөзүн сүйлөгөндөй болушту. Албетте сөз арасында азыркы бийликке, ошол жерде отурган президентке, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасына ар кандай жылуу сөздөрдү айтууга, ошолорго жагынуу жактарын көрсөтүп коюшкандар да болушту. Бул салт болуп калган экен, бат эле жок кылып жибергенге болбойт.

Бирок негизинен бүгүнкү аксакалдар жыйыны абдан маңыздуу болду, абдан жакшы сөздөр, чын пикирлер айтылды. Бул жагынан алганда азыркы түзүлгөн аксакалдар кеңеши ушул күнгө чейинки республикабыздын аймак-аймак болуп, уруу-уруу болуп түзүлүп келген аксакалдар ынтымагынан, аксакалдар кеңешинен, ынтымагынан алда канча жогору жана саясий, социалдык, улуттук жагынан алганда да алардан жогору болду деген пикирдемин.

“Азаттык”: Кадыр мырза, президенттик аппараттын өкүлдөрү бул жыйынды уюштурушту, президент Отунбаева сөз сүйлөдү. Бул жыйынды уюштуруунун, бул жыйынга катышуунун артында сиздер көздөгөн максатты ачыктап кетсеңиз.



“Азаттык”: Ошол эле учурда сөз арасында “президенттик шайлоону токтото туралы” деген кептер айтылып кетти. Ушул да ар кандай ойго түртпөй койбойт экен.

Кадыр Кошалиев: Курчубек Акназаров аксакал - өндүрүштүн адамы. “Биз акыркы жылдары аябай саясатташып кеттик, шайлоолордон колубуз бошобойт. Быйыл күздө президенттик шайлоо башталса, жайы менен ошого даярданабыз, мүмкүн президенттик шайлоону кышка койсок кандай болот” деп жүрөгүндөгү сөздү айтты. Ал узартып коелу деген жок. Мен ушундай түшүндүм. Ал эми залдан анча-мынча сөздөр айтылды. Бирок бул жыйын Роза Исаковнанын ыйгарым укуктарын канча бир жылга узартууга байланышкан сценарий менен өткөн жок. Муну азыр ачык эле айтып коюш керек. Андай маселе боюнча Роза Исаковна өзү да дайыма айтып келатат.

Кызык жери: жыйындын аягында эл “эр жигит көтөрө албаган татаал мезгилде президент болдуңуз, сизге бата берип коелу” дешти. Канча сынды укту, канча ысык-суук сөздү укту, эл айкөл экен, аягында эл өзү туруп сизге кыйын мезгилде келгениңиз үчүн бата берип коелу деген сөздү залдан көтөрүштү.

“Алдыда жүрсө ак жолтой, артында жүрсө сан колдой”

“Азаттык”: Бүгүнкү аксакалдар жыйынындагы негизги чечилген бир маселе бул бирдиктүү республикалык аксакалдар кеңеши түзүлдү. Буга чейин Бакай кеңеш, ардагерлер кеңеши деп бир нече уюмдар иштеп келген экен. Бирок ушул уюмдардын бардыгынын эле элге ишеними, аброю жок болуп келгени эч кимге жашыруун эмес. Аксакалдар чогулган жерде бийликке кошомат айтылган жыйынга айланып кетчү эле. Ошон үчүн эл дагы көп ишенбей калды эле. Бүгүнкү аксакалдар кеңеши мурдагы аксакалдар уюмунуна өзгөчөлөнүп, калыс, бийликке конструктивдүү, чын мамиле түзө алган институтка айланабы деген суроону көпчүлүк берип жатат. Ушул суроону биз бир сыйра электен өткөрсөк.

Кусейин Исаев: Албетте биздин акыркы 15-17 жылдын ичинде түзүлгөн ар кандай аксакалдар кеңеши, алардын биримдиги айрым гана кыска мөөнөттөгү кызыкчылыктар үчүн түзүп калган болчу. Мисалы сарбагыштын бир баласы кызматтан түшүп калса, же кызматтан куулуп калса, ошолор чогулуп алып президентке кирип, “ушуну жөн койбосуңарбы” дегендей маселени айта берчү.
Эки президенттин учурунда тең биздин аксакалдар өтө уят болуп, ошолорго кандайдыр бир көз каранды болуп, аксакалдар болбой эле, “дүжүр чалдар” болуп калган болчу.


Чынына келгенде ушул кезге чейинки түзүлгөн аксакалдардын ар кандай кеңешмелери, бирикмелери ушунун тегерегинде болушкан. Бүгүнкү түзүлүп аткан аксакалдар кеңеши республикалык деңгээлде болду.

Экинчиден, жалпы улуттук, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерге кийлигише турган болду. Үчүнчүдөн, бул өзү президенттин, же парламенттин, спикердин астынан эмес, өздөрүнчө көз карандысыз, бирок саясий маселе болобу, экономикалык маселе болобу, ошолор боюнча өздөрүнүн пикирин калыс түрүндө, көз карандысыз билдирип туруу деген көз карашта болушту. Төртүнчүдөн, курултай жөнүндө маселе катуу талкууланды. Өзүнчө бул маселеге дагы кайрылабыз го. Ал жерде да аксакалдардын өзүнүн айта турган, өзүлөрүнүн ордун, пикирин билдире турган шарт түзүлүп калды.

“Азаттык”: Эдил мырза, эл алдында аксакалардын аброю жана жоопкерчилиги кандай болуш керек?

Эдил Байсалов: Кандай болуш керегин бардыгыбыз эле билебиз. Аксакалдарыбызды дайыма кыргыз эли сыйлап келген, дайыма төргө отургузуп, сөзүн капка салчу элбиз. Бирок тилекке каршы, агайлар айтып кеткендей, акыркы 20 жылда улуу наамды, абройду биздин аксакалдарыбыз сактай алган жок. Аны бүгүн моюнга алышыптыр.

Булардын бардыгын биз сыйлайбыз, Үсөн Сыдыков болобу, Ашыралиев, Акназаров болобу. Аксакалдардын кеңеши бүгүн түзүлсө биз аны колдошубуз керек. Бирок ошол эле учурда бул миңдеген уюмдардын, миңдеген демилгелердин бири. Аксакалдар болобу, жаштар болобу, аялдар болобу, азыр сөз эркиндиги деп атабыз, пикир жүргүзүү, ой айтуу боюнча бардыгыбыз эркинбиз. Ошондуктан алар деле бардыгыбыз менен кошо бирдикте мамлекеттик суроолор боюнча пикир айтууга эркин. Бирок чечимдерди жалпы элибиз, эл шайлаган органдар кабыл алышы керек деген ойдомун.

“Азаттык”: Кадыр мырза, аксакалдар кеңеши элдик ишенимге ээ боло турган уюмга айлана алабы, ушундай ишеним барбы?

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, бул аксакалардын өзүнүн дымагына, аксакалдык наркына, мезгилдин талабына байланыштуу нерсе. Биз алар үчүн жооп бергенге акыбыз жок. Бүгүн айтылгандай эмгектин, согуштун ардагерлеринин кеңеши менен биргеликте ушул улуу ишти мамлекет, журт болгондон кийин, биринчи көчтү түзүү үчүн аксакалдардын маселесин алдын ала ордуна коюп, алардын дагы пикирлерин угуп, бүгүн бир топ ойлор айтылды, андан ары улап кетүү аксакалдардын өзүндө. Себеби биз ар бир ишке кийлигише бергенде туура эмес болуп калат.

Байсалов көптөгөн уюмдардын бири деп салбадыбы. Чындыгында ошондой. Бирок ошол эле мезгилде аксакалдар кыргыздын улуттук, коомдук түзүлүшүндө көптүн бири катары карабайт элем. Бакай атаны айткандай, алдыда жүрсө ак жолтой, артында жүрсө сан колдой дегендей, аксакалдар көч баштаган акыл-эстүү ойду, сунушту киргизген. Азыр да эгерде биз кыргыз коомун оңдойбуз, тазалайбыз десек аксакалдардын үнү угулуп туруш керек.

Эдил Байсалов: Ошондо да эстеп калышыбыз керек, Манас атабыз жоого чыгып атканда Бакай атабыз 28-30 жашта экен. Аксакал дейбиз, ал киши карыган чал эмес, ошол эле 5-6 жыл улуу киши экен.

Курултайлардын саны артып, сапаты түштүбү?

“Азаттык”: Бүгүнкү жыйында айтылган негизги дагы бир орчундуу маселе элдик курултай болду. Президент тараптан да колдоо сөз айтылды, жыйынга катышкандардын көпчүлүгү да муну колдошту. Бирок ошол эле учурда коомчулукта буга карата көз караштар ар кыл экенин айтып кетишибиз керек. Каршы болгондор да, колдогондор да бар дегендей. Элдик курултайдын Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда саясий, укуктук негизи кандай болууга тийиш деген маселе дагы эле болсо кырынан турат. Кусейин мырза, ушул суроону сиз жандырып көрсөңүз.



Кадыр Кошалиев: Бүгүнкү биз жашап жаткан Баш мыйзамдын 52-беренесинде элдик курултай жөнүндө маселе бар. Демек атуулдар чогулуп, өзүнүн укугуна жараша ой-сунушун билдире алышат. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын элинин атынан эки орган укуктуу, бул – Жогорку Кеңеш жана президент.

Буга чейинки эки президент деле өздөрү каалаган курултайларын чакырып келишкен. Азыр деле ошону жасаса болмок. Бирок андай кылбастан салттуулукту, мыйзамды сактап, бүгүн адегенде аксакалдардын пикирин укту, эми жакын арада коомчулуктун, мындайча айтканда курултай идеясын көтөрүп жаткан тараптардын пикирин угуп, атайын тегерек үстөл өткөрөлү деп жатабыз.
Бул жыйын Роза Исаковнанын ыйгарым укуктарын канча бир жылга узартууга байланышкан сценарий менен өткөн жок.


Элдин пикирин уккандан кийин уюштуруу тобун, же комитет түзүп, андан ары кетебиз. Бул мындайча айтканда эволюциялык, элдин пикири менен эсептешип жасалган кадамдар. Мен ойлойм, бул – нормалдуу көрүнүш.

“Азаттык”: Элдик курултай бул кыргыздар үчүн туура жолбу, же жокпу деген күмөн ойдо көпчүлүк туруп атпайбы. Бул суроого, Эдил мырза, сиз кандай жооп берет элеңиз?

Эдил Байсалов: Курултай биз үчүн тарыхыбызда, маданиятыбызда абдан маанилүү орган, институт. Ошол эле учурда биз унутпасак, мурда Манас атабыздын, Байтик батыр, же Курманжан даткалардын учурунда гезит, радио жок болчу, ошондо жылына бир жолу элдин мойнуна мүшкүл түшкөндө 3-4 ай мурда айтылып, жайлоолордо кырка боз үйлөрдү тигип, ошол жакта учурап, талкуулашчу.

Азыр болсо радио, гезит бар, профессионалдык учурда Жогорку Кеңеш сыяктуу органдарыбыз турат. Ошондуктан курултайды, архаичный институт кылып өтө эле сыйынбасак. Азыр биз күнүгө курултай болуп турабыз. Азыр радиодо чыкканыбыздын өзү эле курултай, гезиттерибиз да курултай. Ошончо эле курултай деген сөз кимдир бирөөгө жакса, Жогорку Кеңешти деле курултай кылып коелу.

“Азаттык”: Рахмат.

Тасмада: Аксакалдар жыйыны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аксакалдар жыйыны