Т.Акеров: Муфтият терең талданбаган чечим чыгарды

Табылды Акеров

Саясий серепчи Табылды Акеров муфтияттын жума күндөрү эс алуу тууралуу чечими талаштуу жагдайларга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
“Азаттык”: Муфтияттын кызматкерлери уламалар кеңешинин чечими менен мындан ары жума күнү иштен бошотулду. Жума күнкү иш ишембиге которулган экен. Жаңы жылдан соң ушундай эле чечим өлкөнүн башка аймактарындагы мечиттерге жайыла тургандыгы айтылып атат. Кандай ойлойсуз, муфтияттын мындай чечими этикалык жактан алганда туурабы? Анткени мусулмандар муфтияттын тутумунда гана эмес башка мамлекеттик же жеке ишканаларда да көп да...

Табылды Акеров: Негизи бул жерде буга чейин муфтияттын көпчүлүк мечиттерге колу жетпей келген. Анткени жаңы мечиттер өтө көп ачылган дагы, алар өздөрүнүн башчыларын шайлап алып иш-аракет жүргүзүп келишкен. Анан Ош, Жалал-Абад облустарындагы окуядан кийин муфтият бардык мечиттерди колго ала баштады. Себеби бир топ мечиттерде, Оштогу мечиттерде да ар кандай туура эмес чакырыктар болгону аныкталган. Ошондуктан бардык мечиттерди бир нукка келтирели деген дагы аракет болуп атат окшойт. Анан жанагы жума күнкү иштен бошотуу боюнча нерсе келип чыгып, муфтийдин айтуусу боюнча имамдар жергиликтүү мечиттерге барып, жума намазга катышуусуна кызыкдар болуп атышат экен. Бир чети ошол негизде дагы жасалган аракет деп ойлойм.

“Азаттык”: Этикалык жагын айтып кетсеңиз. Башка мамлекеттик кызматтарда, жеке ишканаларда иштеген мусулмандар мурдагыдай эле иштей берет. Анан муфтияттын тутумундагылар эс алып атышпайбы бул күнү?

Т.Акеров: Ооба. Мына жакында эле Жогорку Кеңеште да айтып атышпайбы, “жума намазга бара турган учурда эки саат ишти токтот туралы” деп. Ушул нерсе менен да байланыштуу болуп калышы мүмкүн муфтияттын ушул кадамга барып атканы. Анткени, “саясатчылар өздөрү айтып аткандан кийин, анда биз деле ушундай кадамга барып, жасай берсек болот турбайбы” деп ойлоп атышат. Эми бул маселе изилденбей туруп жасалып атат. Себеби жер-жерлердеги карапайым мусулмандар муну туура көрүп, “биз дагы жумуштан бошошубуз керек” деп талап кыла башташат. Ушул жагы менен кооптуу мындай иштер. Андыктан өтө терең изилдеп көрүп туруп, анан чечим кабыл алыш керек болчу.

“Азаттык”: Маселенин укуктук жагын да карап көрсөк. Баш мыйзам боюнча Кыргызстан динден тыш мамлекет. Мындай чечим мамлекеттик мыйзамдарга шайкеш келеби?

Т.Акеров: Мен айтып атам, ошондуктан биздеги мамлекеттик мекемелерде иштеген мусулмандар да "жума күнү бошоткула" деп талап кыла баштаса, муфтияттын бул иши мамлекеттик мыйзамдарга каршы келип калуусу мүмкүн. Ал эми Кыргызстанда мамлекет диндин ишине кийлигишпегенден кийин бул жерде өздөрү каалагандай чече беришет. Бирок мамлекеттик, же башка мекемелер менен мыйзам талаасында буларда талаш болуп калуусу мүмкүн.

“Азаттык”: Рахмат.