Бүгүнкү маңкурттун образы сахнада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Назым Меңдибаировдун “Кылым карытар бир күн” спектакли аншлаг менен өттү. Чыңгыз Айтматовдун татаал чыгармаларынын бири катары белгилүү көлөмдүү роман буга чейин сахнада сейрек коюлуп келген. Театр күйөрмандары жаңы спектакль көрүүчүлөргө жеткиликтүү тил менен сахналашып берилгендигин оң баалашты.