Адамзат цивилизациясында Айтматовдун философиясы

Иллюстрациялык сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына Осмонбек Кочоралиевден келген макаланы сунуштайбыз.

Мен Чыңгыз Айтматов атабыздын талантын алдын-ала көрө билүү даанышмандыгын жазуучулуктун көркөм өнөрдүн чен өлчөмү менен эле кароо кайсы бир деңгээлде жетишсиз болуп калат го деп ойлоймун. Себеби Айтматов атабыз өзү жашап турган диктатуралык режимдеги доордун саясаттагы, экономикадагы, улуттук идеологиядагы жаңылыштыктарын аргасыздан жазуучунун тили менен айткан улуу материалист философ деп айтсак да жаңылышпайбыз.

Ал коомдун тарыхынан, тагдырынан алдын-ала көрө билүү идеяларынан алынган өзөктүү окуяларга каарман жаратуудан мурда, турмуштук реалдуу каармандарга (автордон тышкары) эркин ойлонуу философиясын тартуулаган улуу жазуучу. Анткени Айтматовдун каармандары материалдык турмуштун өнүгүп-өсүү процесинде өзүнүн ким экендигин көргөзүп, далилдейт: өнүгөт, өсөт, такшалат, кыйроого учурайт. Дүйнөлүк деңгээлге чейинки өзүнүн прогрессивдүү философиялык идеяларын иштеп чыгат.

Мисалы, Толгонайдын согушка каршы Жер эне менен болгон монологу прогрессивдүү адамзат цивилизациясына кандай таасир калтыраарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Айтматов атабыз материалист философ катары коомдун кан кагым чордонунан жекеден көптүккө, жөнөкөйдөн татаалга өтүү процесстеринде турмуштук философиялык категорияларга таянуу менен адамзат цивилизациясынын дүйнөлүк маданий очогуна өзгөчөлөнгөн баалуулуктарды тартуулады десек жаңылышпайбыз.

Айтматов атабыз дүйнөлүк деңгээлдеги демократ ойчул катары "Жамийла" повестинде адамдын жан дүйнө эркиндигин чектеген феодалдык салттык кулчулукка чекит койду. Адам эркиндигинин акыл-эс революциясын жасады. Жамийланы өз доорунун мезгили айыптаганы менен адамзат цивилизациясынын маданий очогу алыскы Азиядан бир жарк эте көрүнгөн азаттыктын шооласы катары тосуп алды.

Материалдык дүйнөнүн өнүгүшү ушунчалык татаал, прогрессивдүү, регрессивдүү, эки жүздүү да болоорун эске алуу менен Чыңгыз атабыз "Адамдагы эң кыйын нерсе - күнүгө адам болуу керек" деп бекеринен айтпаса керек. Себеби байлык менен бийлик болгон жерде адамдык касиетти сактоо өтө оор болорун турмуш чындыгы көргөзүп келет.

Мисалы, согуш - бул дүйнө алкагындагы системалардын, идеялардын үстөмдүк кылуу үчүн атаандашууларынын жыйындысы. Ал эч кимге акка да, карага да, акыйкатка да, жалганга да, жашына да, карыга да карабай, алдынан чыккандарды жутуп кете берүүчү ажал оту. Балким Айтматов ушул позициядан "Бетме-бет" повестинде согуштан качкан Ысмайылга Жер эненин согушка күнөөсү жок бир пендеси катары жан сактап, жашоого кечирим жасаган чыгаар.

Бирок пенде өз чегинен чыгып, бир күнөөсү жок бечаралардын өлбөстүн күнүн көрүү үчүн жан сактап жашап кетүү үчүн карманып турган ырыскысын уурдап, материалдык жырткычка айланганда Айтматов адам акыйкатынын бийик чокусунан кайрылуу жасады. Согуштан качып жүргөн дезертирди багып жүргөн Сейденин жүрөгүндө адам чындыгынын улуулугу ойгонду. Ал тагдырдын талаасында чындык менен бетме-бет чыкты.

Айтматов "Кыямат" романында негизинен экологиялык маселелерди көтөргөн деген ойлорго мен толугу менен кошула албаймын. Себеби Айтматов материалист философ катары коомдун өнүгүп-өсүү процесстерин материалдык жактан иликтеп, изилдеп, дүйнөнү титиреткен зор державанын эртеңки кыйроо трагедиясын Бөрү эненин ыйы кылып искусствонун тили менен жеткирген деп айтаар элем.

Анткени коомдун саясий-экономикалык структурасында, улуттук идеологиясынын багытында зор держава дүйнөлүк тарыхтын мыйзамдарына туура келбеген жолго түшүп алды десек жаңылышпайбыз. Анткени пландуу экономика адам акылына алы жетпеген макулукту эле ыйлатпастан, адам акылынын өзүн да туңгуюкка камады.

Бул көрүнүш кагаз жүзүндө зор ийгиликтерди жаратканы менен реалдуу турмушта дүйнөлүк өнүгүү процесстерине дал келе албаган экономикалык абалды жаратты. Экономиканын туңгуюкка камалышы, өзгөрүшү саясатты да туңгуюкка камап, өзгөрөөрүн Айтматов атабыз көрөгөчтүк менен алдын-ала көрүп, бекеринен романга "Кыямат" деген атты койбосо керек эле.

Айтматовдук жазуучулуктун илими коомдук турмуштун саясий-экономикалык идеологиялык багыттарын камтуу менен бүгүнкү биздин турмушубузга сабак катары өз салымын кошо алат деп айтамын. Мисалы, саясатта идеологияда Айтматов 20-кылымда көксөгөн идеаларын бүгүн биз 21-кылымда Кудай буюруп көрүп отурабыз.

Бул эгемендүү мамлекет жана анын демократиясы, ал эми зор державаны кризиске алып келген чарбалык түзүлүш боюнча илимин бүгүн биз пайдалансак чоң-чоң ийгиликтерге жетишет элек деген ойдомун.

Тагыраак айтканда "Кыямат" романында, "Ак-Кеме" повестинде Айтматов чарбалык системанын тарыхый мыйзамдарын өндүрүш мамилелери менен өндүргүч күчтөрдүн куймасынан жаралган өндүрүш процессин жандуу каармандар аркылуу элестүү көргөзгөн. Мисалы, Кочкорбаев менен Бостондун, райондун акими, Орозкул менен Момундун ортосундагы өндүрүш процессин көргөзүү менен бири-бирине дал келбей калган өндүрүш мамилелери менен өндүргүч күчтөрдүн ортосундагы ажырымдарды далилдеген. Буга келечектин трагедиялуу тагдырлары күбө болот: Кенжеш, Нургазы.

Дал ушул проблемалуу ажырымдар бүгүнкү биздин да чарбалык түзүлүшүбүздүн көйгөйлүү маселелери деп айтсак болот. Себеби биз бүгүн өз алдынча эгемендүү мамлекет болгонубуз менен өзгөчө чарбалык түзүлүштүн системасында формалык жактан гана өзгөрүүлөр болбосо пландуу экономикага, диктатуралык режимге негизделген Союздун саясий экономикалык структурасынын базасында жашап жатабыз. Дал ушул көйгөйлүү маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана чарбалык түзүлүштө реформанын зарылдыгын көрө билген президентибиз 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп бекеринен жарыялабаса керек эле. Мындай кылым аралык улуу идеялардын бири-бирине дал келүүсү бул жакшылыктын жылы деп айтсак жаңылышпайбыз.

Тагыраак айтканда кыргыз элинин искусствосу саясатынан, экономикасынан жаралып кайра ага багыт берүүчү азык болоорун тарых дагы бир жолу далилдеп отурат. Дегинкисин айтканда Айтматов кыргыздын тилин, жүзүн, маданиятын, гумандуулугун дүйнө цивилизациясына таанытты деп сыймыктансак болот.

Кочоралиев Осмонбек

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.