Бизге белгилүү жана белгисиз Айтматов

Чыңгыз Айтматов.

Айтылбай келген өксүк кеп.

Мени Чыңгыз Айтматов менен маркум Казат Акматов тааныштырган. Ал менин “Чыңгыз Айтматовдун экологиялык этикасы” деген илимий популярдуу китебимди алгандан көп өтпөй:

- Бул китебиңди Айтматовдун өзүнө бердиң беле? - деп калды.

- Аны менен тааныштыгым болбосо, кайда экендигин деле билбесем, кайдан берем?

- Муну сөзсүз Чыңгыз Төрөкуловичке өз колуң менен беришиң керек,-деди Казат аке. Ал жакында Бишкекке келгенде сен жөнүндө айтып, кабыл алдырам.

Андан 10-15 күн өтүп өтпөй, Казат аке телефон чалды:

- Эртең саат ондо киночулар үйүнө келгин. Айтматовго чогуу киребиз.

Бул 2005-жылдын аягы болчу. Казат аке экөөбүз ээрчишип киргенден кийин Чыңгыз Төрөкулович ордунан козголо учурашып, анан дагы эшик жакты карап калды. Анын бир нерсени чаташтырып жаткандыгын сезип:

- Агай, мен сиздин чыгармачылыгыңыз жөнүндө ушул изилдөөмдү жаздым эле,-деп китебимди бердим. Ал китепти алып, тегерете карап көрүп:

- Бул китеп менде бар. Мурда алгам,- деп үстөлүнө коюп, Казат акеге кайрылды. - Сен бир жаш баланы ээрчитип келем дегениңден ал качан кирет деп күтүп жатпаймынбы.

- Мен айткан жигит ушул,- деди Казат аке ага. Мага бул жаш баладай көрүнөт.

Чыңгыз Төрөкулович ага:

- Сен да мага жаш баладай көрүнөсүң,- дегенде, экөө бири-бирин карап күлүп калышты.

Казат аке өзгөчө сөзгө арзыйт, аманчылык болсо, ал жөнүндө жазууну парзым деп эсептеймин. Айтматов өлөр жылы ал: “мени Чыңгыз Төрөкулович Ысык-Көлгө куда башылыкка алып барганы жатат” айтып жүрдү. Ал ошол убакта “Архат” романын аяктап, кийинкилери жөнүндө ой калчап, Тибет, Шамбала, анан эзотерикалык нерселерди көп айтчу. Ал бир жолу Айтматовго аркы дүйнөдөгүлөр, инкарнациялар тууралуу берилип айтып берсе, ал сөзүн бөлбөй аягына чейин угуп, анан: - Казат, ушундай жомокторго да ишенесиңби - деп улутунуп койгондугун айтып, нааразы болуп да калчу. Алар өзүнчө сөз, азыр өзүбүздүн темага кайрылсак, ошондон кийин Чыңгыз агага көп эле жолуктум, бир нече интервью да алдым. Анын менде чөнтөк телефонунун номери бар болчу, кайсыл убакта чалсаң алчу. Ошондой жолугушуулардын биринде:

- Сиздин “Гүлсаратыңыз” дүйнөлүк адабияттагы экологиялык темада жазылган эң улуу чыгарма. Мен башкаларга салыштырып окуп көрүп ушундай жыйынтыкка келдим,- дедим. Ал: - Аны кантип далилдей аласың?-деди эле, мен ага: - Сиздин чыгармаңызга чейин дүйнөлүк адабиятта жан-жаныбарлар фрагменттик түрдө гана чагылдырылып келсе, ал салт биринчи “Гүлсаратта” бузулган. Анда аттын кулун кезинен өлгөнгө чейинки башынан өткөргөндөрү кудум адамдардыкындай симпатиялык, антипатиялык сезимдерине чейин ачылып берилген. Мурда дүйнөлүк адабиятта андай көрүнүш болгон эмес,-деп, Л.Толстой, И.Тургенев, А.Чехов, А.Куприн, Г.Мелвилль, Дж.Лондон, Э.Хемингуэй сыяктуу өзүм билген авторлордун зоофилдик чыгармаларын санап, алардын кай жагынан “Гүлсаратка” жетпестигин айтып бердим.

Ал бир топко ойлонуп туруп, анан:

- Ал китебиңди орусчага котортсоң жакшы болмок, - деп, анан аны адабиятчылардан кимдерге бергенимди сурады.

Санак Кеңешбек Асаналиевге жеткенде:

-Ал эмне деди? –деди эле. - Бир айдан кийин жолуксам, серьезный китеп экен деп койду,- десем, ал да: -Ооба, ал серьезный китеп,- деп башын ийкеген.

Бир күнү түн жармысында Казат аке телефон чалып:- Айтматов сен жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып, мага бир иш тапшырды. Эртең менен Маданият министрлигине келгин, - деди. Эртеси экөөбүз министр Султан Раевге да кирдик. Султан мырзанын Айтматовдун салам-дубайын укканы да, бирок аны адатынча биз кабинетинен чыгарыбыз менен унуткандыгы да чындык.

Чыңгыз аганын тапшырмасы менен Мелис Айдаркуловдун жардамында “Сардал кыз” боюнча “Кабарда” маалымат жыйынын уюштурдук. И.Арабаев университетинде окурмандардын конференциясын өткөрөлүк десек, романды окуп чыккан бир да адам табылбагандыгынан, ал токтоп калды. Ошондон Чыңгыз аганын мага ыкластана мамиле жасай баштаганын байкадым.

Мени көптөн бери кызыктырган - чоң энеси Айымканга байланышкан маселе эле. Айымкандын аксылык экендиги биринчи жолу анын оозунан 1968-жылы Темиркул Үмөталиевдин 60 жылдыгы белгиленип жатканда чыгып, коомчулукка тараган. Кийин интервью макалаларында, “Балалыгым” деген эскерүүсүндө көп эле айтты. Бирок, Аксы деген бир жагы - айтылуу Аксыкент, экинчи жагы - Чартактан башталып, Чаткал кырка тоолоруна чейин созулган кеңири түшүнүк. Анын кай жеринен, кайсыл уруусунан?

Ток этерин айтсам, жашынан жомокторду, уламыш-баяндарды кулагына куя берип, Чыңгыз Айтматовду жомоксуз, баянсыз уктай да албай калгыдай абалга жеткирип (Малик Осмоновдун версиясында), анан “Манасчыга” алып барып уктатып, андан ары азыркы замандын “баян-жомокторун” жаратуучуга айландырган Сапар кызы Айымкан Аксынын Кашка-Суусундагы багыштардан болуп чыккандыгын укканымда чындап таң калгам. Айымкан эненин уругун сураганымда ал ойлоно түшүп; “аны эмне кыласың” деп күлүмсүрөгөндөй болгон. Көрсө, ошондо анын эсине Айтматтын атасы Кончужок болсо, чоң энеси “жылаңач” (ал беш кал дегенге кошулат) деген майда уруктан чыккандыгы келип, ага аргасыз жылмайса керек. Беш калдыктар менин кайын журтум.

Чыңгыз ага менен акыркы жолу 2008-жылы 22-апрелде телефондо сүйлөштүм. "Биздин редакцияга келип, атаңыз жөнүндө (ошондо Т.Айтматовдун 105 жылдыгы белгиленип жаткан) эсиңизде калгандарды айтып, журналисттер менен маектешип кетпейсизби” деген сунушума дароо макул болду. Башкы редактор Жедигер Саалаевге кирип, эки-үч күндүн ичинде жолугушууну өткөрбөйлүбү десем, ал: “азыр иш чаралар көп, балдар иче да башташат, аны майрамдан кийинкиге калтырайлы” деп койду. Майрамдан кийин агабыз Алматыга, андан ары Орусияга кетти... анан Германиядан сөөгү келди. Эгерде Саалаев макул болгондо, “Кыргыз туусу” Чыңгыз Айтматов акыркы жолугушуу өткөрүп, интервьюсун берген басылма катарында да адабияттын тарыхына кирип калмак ...

Белгилүү Айтматовдун белгисиз жактары

Бир караганда биз үчүн Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнүн бардыгы эле белгилүүдөй. Бирок, катардагы окурмандар түгүл, адабият жаатындагыларга белгисиздер деле жетишерлик. Алсак, анын тажик драматургу Бакы Садыков менен биргеликте жазган “Куюн” деген философиялык киноповести, архивинде сакталып турган “Чоор жана жер” чыгармасы окурмандарга жете элек. Ал мындан кырк жылдан ашык мурда баштаган “Кайрылып куштар келгиче” деген тарыхый романынын, “Бахианасынын” тагдырлары деле белгисиз.

Ал 20 жылдан ашык Союздагы эң абройлуу “Новый мир” журналынын редколлегиясынын мүчөсү болду, башка бир катар басылмаларда да ошондой милдеттерди аткарды. Ал убакта редколлегиялардын мүчөлөрү – басылманын багытын аныктоого катышкан, талаш туудурган чыгармалар боюнча жабык рецензияларды жазышкан. Чыңгыз агабыз да башкалардын чыгармалары боюнча көп эле жабык рецензияларды жазгандыр, алар изилдөөчүлөрүн күтүп тийиштүү басылмалардын архивдеринде сакталып тургандыр.

СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин 70тен ашык мүчөсү болсо, отурумдарга алардын бири калбай катышкандыгын, көрсөтүлгөн чыгармаларды талкуулоо дайыма курч мүнөздө өткөндүгүн Чыңгыз агабыз өзү эскерген. Анткени, комитеттин мүчөлөрүнүн талапкерлерге карата жекече антипатиялары жана симпатиялары болгон, ар мүчөсү бир же андан ашык чыгармага сүрөөнчүлүк кылган, талкууларда аларды өткөрүүгө аракеттенген. Айтматовдун ал отурумдардагы сөздөрү, албетте, комитеттин архивинде бар. Эгерде алар иретке келтирилип, тийиштүү комментариялары менен басылып чыгарылса же атайын изилдөө жарыяланса, сөзсүз коомчулуктун кызыгуусун жаратмак.

Социалдык, тарыхый жана философиялык өңүттөрдөн алганда улуу жазуучубуз дүйнөлүк ой казынасына, биринчиден, тарыхый эстутумдун жана тарыхый аң сезимдин маанисин өзгөчө терең ачып бергендиги, экинчиден, өзүнчө экологиялык этиканы түзгөндүгү, үчүнчүдөн,бүткүл чыгармачылыгы менен зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө каршы туруп, белгилүү деңгээлде Л.Толстой менен М.Гандинин зомбулуксуздук жөнүндө окуусун уланткандыгы менен кирип калды. Булар азыркы коомго өзгөчө чоң таасир тийгизүүчү өзөктүү маселелерден, бирок тилекке каршы, булар мезгилдин тутумунан алынып изилденип, жетиштүү деңгээлде ачылып бериле элек. Публицистикалык жана эпистолярдык мурастары делетолук окурмандарга жеткириле элек.

«Көптөгөн мифтер жаралган, алардын эң кеңири тарагандарынын бири - атам Талас облусунун Шекер айылында туулган дегени болуп саналат, -деген Санжарбек Айтматов 2009-жылы 4-июнда «Лица» гезитине жарыяланган «Улуу бала» («Старший сын») деген интервьюсунда. А бирок чындыгында ал 1928-жылы 12-декабрда Жалал-Абадда туулган».

Биз алиге чейин анын каерде төрөлгөндүгүн тактай албай жүрүп, анан кантип Ч.Айтматовду билебиз деп айта алабыз?

Папан Дүйшөнбаев

Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.