Айтматовду аздектегендерге белек

1000 нускадан турган китеп дүйнөлүк жазуучуну аздектеген замандаштарга, адабият сүйүүчүлөргө, Айтматов таануучуларга, студенттерге, окуучуларга арналат.

Роза Айтматова. 

“Азаттык” радиосу 2018-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ал мураска калтырып кеткен баалуулуктарды жайылтууга салым кошуу максатында 2018-жылдын июнь айында “Мен билген Айтматов” аттуу онлайн сынак жарыялаган.

Бир жыл ичинде конкурстун кат куржунуна жүздөн ашык эскерүү баяндар, блогдор келип түшүп, алардын дээрлик бардыгы “Азаттыктын” сайтына жарыяланып турган.

"Менин ушул деңгээлге жеткениме, ушундай актриса болгонума Айтматовдун чыгармалары себепкер",  -  деди Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова китептин бет ачаарында сөз сүйлөп жатып. 

"Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева. 

Китепке “Мен билген Айтматов” аттуу онлайн сынагына катышкан чыгармалардын мыкты деп тандалып алынгандары, Чыңгыз Айтматовду эл арасында көргөн, качандыр бир кезде жолуккан адамдардын эскерүүлөрү киргизилди.

Кыргыз эл жазуучусу, мурдагы маданият министри Султан Раев Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узаткан күндү эстеди. 

Тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов. 

"Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу макаланын автору, акын Ибрахим Түркхан.  

Чыңгыз Айтматовдун замандашы Сакан Сатыбеков учурда 88 жашта. 

Түрк жана кыргыз акыны Ибрахим Түркхан жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен. 

“Айтматовдун элдеги элеси” – “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан төртүнчү китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган "Азаттык жана демократиянын жарчысы", “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” китептери жарык көргөн.

Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттык” радиосу топтогон эскерүүлөр “Айтматовдун элдеги элеси” деген ат менен китеп болуп басылып чыкты. Китептин бет ачары бүгүн, 7-июнда радионун Бишкек бюросунда өттү.