Кулабас тоо

Чыңгыз Айтматов атасы Төрөкул Айтматов жана апасы Нагима Айтматова менен.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго.

Миң тогуз жүз жыйырма сегизинчи,

Жыл, декабрь болгондо он экинчи.

Жаш жубайлар Төрөкул Нагиманын,

Көзүн жарды тун перзент жөлөк, күчү.

Жетине албай ата-эне бактысына,

Арча бешик камдашты “тактысына”.

Ысым койду “Чыңгыз!” деп ак тилекте,

Ээ болсун деп жеңиштин ак туусуна.

Кубантканда жубайларды төрт бала,

Заман келди бейпил күндү өрт чала.

“Тазалашты” элдин ичин “душмандан”,

Ийиндеги башка кошуп бөрктү ала.

Нагимага Төрөкулу жалбарды:

“Шекерге кет жаныңа алып балдарды.

Кара туман тооруп турат заманды,

Токтотконго экөөбүздө ал барбы?”

Нагима эне канат каккан куш болуп,

Көөдөнүнө, көкөйүнө муз тоңуп,

Келип түштү Шекер айлын пааналап,

Маанайы пас абалында суз болуп.

Жаалданып жай жаткан ташты сөкпөй,

Каарданып жакпаган ашты төкпөй,

Үй-бүлөгө Чыңгызы жөлөк болду,

Бошоңдуктан эчкирип жашты төкпөй.

“Бериш үчүн жазаңды, сазайыңды,

Өлүм менен өкүмдү жазайынбы?

Эч ким сени таба албас жайга барып,

Сен көмүлчү көрүңдү казайынбы?”

Деген кепти айкырган желдет чыкты,

“ Баатыр болсоң жекеге кел” деп чыкты.

Жазган өкүм кынтыксыз ишке ашсын деп,

Мөөрү менен өкүмүн “эмдеп” чыкты.

“Алышты – деп – атайлап куйрук басып,

Атылсын!” деп чечишти буйрук жазып.

Төрөкул тоо кулады көп ичинде,

Койгону үчүн кадамын “мыйрык басып”.

Баары батты тар көргө “тыгылышып”,

Кеткен сымал аскадан “жыгылышып”.

“ Жутуп алды” чоң оро кучагына,

Турпак менен камырдай жуурулушуп.

Күндөр өттү күрөлгөн кар өңдөнүп,

Айлар жылды айдалган нар өңдөнүп.

Жылдар акты дайранын шар суусундай,

Кенен жолдор Чыңгызга тар өңдөнүп.

Кечтер келди жылдызга асман толгон,

Өмүр өттү жомоктой дастан болгон.

Чыңгыз күттү атасы Төрөкулду,

Атчан, жөөлөр тынымсыз баскан жолдон.

Атакесин сагынып күттү Чыңгыз,

Азап-муңга балбандай түттү Чыңгыз.

Өзгөрүлүп тар заман бар заманга,

Өлбөстүктүн желегин тикти Чыңгыз.

Торолсо да курактын карчыгасы,

Таркабады Чыңгыздын зар-кусасы.

Кулабас тоо токсонду багындырды,

Жылдыз болуп өчпөгөн таңкы асыл.

Жетегинде баратат кылым кербен,

Үч кыл комуз сыяктуу кылын керген.

КЫРГЫЗ ЖУРТУМ бар болсун түбөлүккө,

Алп Чыңгыздай атактуу уулун берген.

Бүбүсара Калыкова, Бишкек шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.