“Кыргызымдын залкар уулу - улуу Чыңгыз”

Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасы боюнча тартылып жаткан фильм. Актерлор - Адиз Ражапов жана Мадина Талипбек.

Турмуштун ачуу даамын, таттуу даамын,

Түшүнөсүң окусаң чыгармасын.

Бул адам дүңгүрөтүп дүйнө элин,

Көтөрүп келген элинин кадыр-баркын.

Баштап келген адабиятта жолдун башын,

Сүйдүртүп карабастан кары-жашын.

Кандай тагдыр болсо да жеңип кетээр,

Улуулугун, күчтүүлүгүн махабаттын.

Жазгандары байырлап сан кылымды,

Жазат сыпаттап сан түркүн адамдарды.

Айырмалап нааданын да, жакшысын да,

Туура жолго, таза жашоого багыттады.

Дагы бир чыгармасы “Кыяматы”.

Адам менен жаратылыш касташканы.

Анын артынан залал тарткан бүт ааламдын,

Зулумдуктан пайда болгон алааматы.

Жаз келсе да дале турган бүчүрөйүп,

Жарк этип ачылбастан өмүр жазы.

“Согуш!” деп соолуган каректерден,

Энелердин, эжелердин агып жашы.

Миңдеген кыргыздын уландары,

Кээ биринин жалгызы - бычакка сабы,

Ошондо өлүп жаткан ай талаада,

Ошол өндүү кыргызымдын баатырлары.

Кыйраган нечен кыргыз азаматы,

Арналып эл-жери үчүн каны-жаны.

Ажал менен алпурушуп ээн талаада,

Жайылтып нечендеген кызыл канды.

Ушуларды чагылдырган чыгармасы,

“Бетме-бет”, “Эрте жазда турналары”.

“Биринчи мугалим” жана дагы,

“Саманчынын жолу” менен “ Жамийласы”.

Бир сөзүндө жазуучубуз суроо салат;

“Канткенде адам уулу адам болот?”

Анын жообун чыгармаларында талдап жүрчү,

Көрөлү биз дагы ойлоп, баамдап.....

Менимче, билимге умтулуп эмгектенсек,

Эл-жеримдин керегине жарап берсек,

Анан дагы тарыхты унутпай атабыздай,

Түп көтөргөн чыгаандарды турсак эстеп.

Мына ошондо улуулугун унутпай,

“Кыргыз”деген атына так жугузбай,

Чыгарына ишенебиз атабыздай,

Кыргызымдын уул-кыздары дагы далай!

“Делбирим”,

Эх чиркин, Алла Таалам “мегин” деп,

Бул өмүрдү берип койсо эки ирет.

Болоор эле тарбия баарыбызга,

Кылбаганга каталарды экинчи ирет.

Бирок жашоо болбойт тура ойлогондой,

Жашайлы туура эмесин дайым ондой.

Кечиришип, сыйлашып жакындарды,

Кадимкидей, эч нерсе болбогондой.

Бирок жашоодо бардыгына даяр туруп,

Туура эмес нерселерге көздү жумуп,

Башты сунуп муюп калбай башты көтөр,

Туш тарабын турса да сокку уруп!

Баары эле көтөрө бербейт тагдыр сынаса,

Жашоодо буттан тайып алган жаза,

Таанышабыз биз эми Илияс менен,

Атабыз жазган “ Делбирим” чыгармада.

Чыгармадан Илиясты алып карасак,

Эрте эле ата-энеден жетим калат.

Мына эми эр жетти улан болуп,

Башынан кечирип нечен азап.

Мүнөзү татаал, өзүмчүл, кекчил болуп,

Жүрөгүнө мерездик күчү толуп.

Ата-эне мээримин татпай өсүп,

Катаал мүнөз адам болду жетим болуп.

Ишке орношуп, мына эми иштеп жатып,

Мандайына тагдыры муну жазып,

Автобаза жумушунан мына минтип,

Калды жүрөгү Асел кызга болуп ашык.

Баш кошушту ата салтын кармабастан.

Ата-эненин каршысына карабастан.

Үй-бүлөлүү адам болуп толук кандуу,

Оңолуп калды турмушу аздан-аздан.

Ошол жолку жумуштагы чыр-чатактар,

Жашоосун башка нукка буруп салды.

Бактылуу күнү бузулуп, аракка кирип,

Байкабады басканын чоң капканды.

Эми минтип эки адамдын ортосунда,

Кеч калса калып калат Кадийчада.

Ошентип жрүп байкабаптыр баласынын,

Кантип чоңоюп калганын Саматтын да.

Ойлобоптур бул убактылуу нерсе экенин.

Түшүнбөптүр жашоо маңызы сүйүү экенин.

Бул дүйнөдө бар байлыгы -үй-бүлөсү,

Бактысы колундагы учуп кеткенин.

Издесең болбойт башка себептерин,

Адам өзү жасайт өздүк келечегин.

Илияс дагы запкы тартты, жаза басып,

Оңдобой жүрүп мүнөзүн, кекчилдигин.

Жашоодо жакшы мүнөз – жарым ырыс,

Адамга керек жерде жардам кылыш.

Өкүнбөй колдогуңа ыраазы болсоң,

Болот дайым өмүрүндө алга жылыш.

Бирок Илияс андай болбой өжөр болуп,

Ал мүнөзү дайыма жолун тосуп,

Көп нерседен куру калды жашоосунда,

Жүрө берип көк беттенип, муздай тоуп.

Мына эми жалгыз калды туңгуюкта,

Калбай эми караан тутуп карманарга.

Өмүрдөгү эң жакыны эн биринчи,

Тун бактысы – ажырап уулунан да.

Көрсө адам бар бактыны учурунда,

Баалай албай колунан учурганда.

Бар нерсенин бардыгы кеткенде гана,

Кеч болгондо түшүнүп калат тура....

Тынайбекова Бүбүсара Эркинбековна, Бишкек шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.