Түшүмдөгү кызыл алма

Иллюстрациялык сүрөт.

"Мен билген Айтматов" сынагына келген макаланы сунуш кылабыз.

Мансур ашыгып, шашып келатты. Колуна тоголок формадагы бир нерсе алып алган, кагазга ороп. Колунда тегиз бышкан, кыпкызыл, чоң алма. Чуркап келе жатты, шашып келе жатты сулуусуна алма сунганы, деги бир кадамы арбысачы. Кубанып алганын кантесиң.

Тердеп, кургап, толкунданып алганычы. Сагынычтан кубарган эки жаш. Кыз да аны көздөй чуркады. Жетип барып экөө тең бир демге токтоп калышты. Мансур берүүгө ашыгып келген алмасын сунат. Жамгыр да нөшөрлөп жаап кирет. Эки жаштын арзуусуна күбө болуп жамгыр төктү. Экөө тең эч нерсе болбогондой, "жамгыр, токтобостон төгө бер" дешип, жаанга жуулуп, жетелешип жөнөшөт. Бейкапар, дүйнө түгөл экөөнө тең.

Арууке түшүнөн чочуп ойгонду, сүйгөнү Мансурду көздөй умтулган кыздын жүзүн көрө албады. Төшөгүнөн туруп, “ушул түшүмдөгү кыз мен болсом экен” деп тиледи.

Жайкы каникул аяктап, окуучулардын баары мектепти көздөй жөнөгөн маал. Сентябрь. Айлана сапсары болуп, укмуштай кооз.

Бири окууну, бири жанында отурган шеригин, дагы бири жөн гана мугалимин сагынышып, дагы бири “ии, каникул бүтпөй турса болмок”, деп ичи ачышып мектепке кайтып келишти.

Класска биринин артынан бири кирип келип атышты. Арууке кирип келгенде, мугалимдин эшикке чыгып кеткенинен пайдаланып, баягы эле чоң мурун Эсенбек тийише кетти: “Оо, Арууке, мурдагыдан да арыктап алгансың го, ширенкенин чийиндей болуп”. Аны уккан тапан Айбек жөн калабы... "Арыктабай анан, үч ай бою Мансурун көрбөсө, сагыныч курттай жеди да!". Ха-ха-ха! Баары каткырып калышты.

Чын эле кусалыктан кубарган Арууке айыбы ачылган немече манаттай кызарды. Мансур эки класс өйдө, 11-класста окуган, шыңга бою келишкен, кара көз, кара каштуу, көргөндүн көзүн күйдүргөн жигит. Арууке болсо супсулуу болуп кетпесе да, орто бойлуу арыкчырай келген сары кыз. “Сүйүү деген ушинтип адамды жейт турбайбы”, - деп улантты дагы бири.

“Эй, кайдагы сүйүү, сүйүү жок бул жашоодо”, - деди Эсенбек.

Көп сүйлөбөгөн Арууке бул ирет сөзгө кошулду: “Кантип жок, сүйүү бар, ошол сезим бар үчүн жашоо уланып жатат”.

“Ооба, Эсенбек сен өзүн сүйүп көрбөсөң эле, сүйүү жок дей бересиңби”, - деп сөзгө аралашты, класстын старостасы Жазгүл.

Ошентип, каникулдан кайтып келген биринчи эле күнү окуучулар бул темада талашып-тартышты. Ар ким өз тажрыйбасына, уккан, билгенине карата өз оюн далилдеп жатышты. Өз оюн айткан боюнча башка эч нерсе дебеди, Арууке.

Эртең менен Арууке өзүн абдан жаман сезип турду, түшүндө Эсенбек “Сүйүү жок, жок, жок" деп кайталап жатты. Ата-энесинен эрте эле ажырап калган Арууке байкеси менен жеңесинин колунда өскөн. Түнт, эч кимге ачылып сүйлөй бербеген Арууке, үйүнөн да, мектептен да китеп колунан түшпөйт. Анын чыгармаларын окуганда, өзгөчө бир ажайып дүйнөгө түшкөндөй сезет өзүн. Анын жашоосунун маңызы - бул китеп жана өзүнөн эки класс өйдө окуган Мансурга болгон аруу, таза махабаты.

Жан дүйнөсү эңшерилип, күнү бою жаман болуп жүрдү. Китеп текчедеги китептерге көзү түштү. Китеп…. Көптөгөн суроолоруна жооп издеп, ушул китептерден жооп таап, жан-дүйнөсү жеңилдеп калаар эле. Бул жолу да ошондой болду. "Ч. Айтматов" деп жазылган кырынан турган боз китепти алды. Колуна алып, барактап отуруп, “Кызыл алма” чыгармасына көзү түштү. Бул чыгарманы мурда да окуган. Анан дагы мурдагы жумадагы кызыл алма тууралуу түшү эсине түштү. Кайра-кайра окуп, канааттанып, оорусуна дабаа тапкандай, суроосуна жооп табылгандай, жан-дүйнөсү тынч алып, көңүлү көтөрүлүп, денесине канат бүткөндөй, асманга оболоду… Арууке, Мансур көздөрүнөн бакыттын учкуну чачырап, эгиздердей жетелешип бара жатышты.

Бактыбекова Уулкан

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.