Чыгыш менен Батышты жакындаткан Айтматов

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү.

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчө сүрөтчү-айкелчилери өз эмгектерин койду.

Илинген сүрөттөрдөн бул дүйнөдөн өз ордун таппай боздогон Акбара менен Ташчайнарды, адамзатка тиешелүү асыл сапаттын баарынан ажырап, айланага маңыроо караган Жоломанды, ээрчишип мектепке бараткан Султанмурат менен Ажымуратты көрүүгө болот.

"Жамиля. Үйгө карай жол." Сүрөтчү Александр Долинский.

Маданий саамалыкка көз салып жүргөн жаштардын бири Нурболот Азаматов алган таасири менен мындайча бөлүштү:

- Алгач Айтматов атабыздын чыгармачылыгы жалгыз гана Ата Мекендик сүрөтчүлөр эмес, коңшу мамлекеттеги сүрөтчүлөрдүн көз карашы менен ачылып жатканы мыкты жетишкендик. Ушул тариздеги иш-чаралар мындан дагы кеңейиши керек.

Бир гана шаарыбыздагы көркөм-өнөр музейинде эмес аймактардагы музейлерге да жетсе, аймактагы сүрөт көрүүчүлөрү да ушул эмгектер менен таанышса деген ой пайда болду, - деди Нурболот.

"Бетме-бет". Сүрөтчү Маура Байтурсынова.

Иш-чараны «Евразия» чыгармачыл инсандардын Гильдиясы уюштурган. Гильдиянын Кыргызстандагы башчысы Гүлнара Мамбетсадыкова көргөзмө Чыңгыз Айтматовдун былтыр белгиленген 90 жылдык мааракесинин алкагында өткөн иш-чаралардын уландысы экенин белгиледи:

- Мен англиялык, орусиялык же казак сүрөтчүлөрү Айтматовго кандаймамиледе болду экен деп ойлогом. Көргөзмөнү өткөрүп жатып ал өлкөдөгү айрым сүрөтчүлөр Айтматов темасына кайрыла турганын билдим. Көргөзмөнү бир гана Айтматовго болгон астейдил мамиле эмес, Европа жана Азиянын чыгармачыл инсандарынын маданий диалогу деп түшүнөм.

"Жер эне". Тамила Мамытова.

Көргөзмөгө жыйырмага чукул сүрөтчүнүн эмгеги коюлган. Алардын арасында адискөй жана жаш сүрөтчүлөр бар.

Казакстандан келген искусство таануучу Мария Жумабаева сүрөт искусствосунда Айтматовдун чыгармачылыгы канчалык деңгээлде чагылдырылганына учкай токтолду:

Мария Жумабаева

- Биз Айтматовдун масштабын билебиз го. Ал кишинин өнөрүндө тек гана Кыргызстан менен Казакстандын өткөн-кеткен тарыхы эмес, учурдагы жагдайлар жана дүйнөлүк маселелер камтылган. Айтматовдун философиясы терең, ал келечекти да ойлоп кеткен. Фантазиялык элементтерди колдонгон. Ошондуктан сүрөтчүлөргө Айтматовдун оюн жеткирүү оңой эмес. Алар андай максат койбойт.

"Ак баранын көз жашы" чыгармасынын негизинде тартылган сүрөттөр.

Жумабаева мындагы кыл калем чеберлери да Айтматовдун чыгармачылыгына эркин көз карашы менен токтолгонун кошумчалады.

"Кызыл алма". Тамила Маматова.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев Айтматов темасы искусствонун бардык жанрында түгөнгүс кенч экенин белгиледи.

"Биринчи мугалим". Сүрөтчү Гущин Игорь.

- Өз учурунда билесиз Лидия Ильинанын Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасы боюнча тарткан сүрөттөрү Бүткүл союздук көргөзмөлөрдө чоң байгелерге ээ болгон. Биздин улуу классиктерибиз Чуйковдон баштап Айтиев, Акылбеков, Чокморов ушул кишинин чыгармаларына токтолуп келген. Бүгүнкү сүрөтчүлөр да Айтматов менен анын чыгармаларына кайрылып келет, - деди Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев.

Шыгаев бул көргөзмө Айтматовдун чыгармалары кыл калем чеберлерин дайыма толкундатып, шыктандырып келерине далил деген ойдо.

"Бугу эне". сүрөтчү Лариса Пак.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөт көргөзмөсү 5-мартка чейин уланат.

"Ак кеме". Сүрөтчү И. Киназбеков.

Көргөзмөгө "Евразия" чыгармачыл инсандардын Гильдиясынын Кыргызстан, Британия, Казакстан, Орусиядагы мүчө сүрөтчү-айкелчилеринин эмгектери коюлду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.