Айтматовдун тайлары менен таанышуу

Чыңгыз Айтматовдун таятасы тууралуу китеп.

«Мачкаралык Хамза – Чыңгыздын таятасы» деген китептин таржымалы тууралуу эскерме.

2004-жылы Саха-Якутия Республикасынын Алдан шаарында насип буйруп жашап калдым. Бир тууган сиӊдим ал жакта уулу экөө базарда соода кылышчу. "Келип кет, эл көрүп, жер көрүп кетесиң, жанымда эле жүрчү" деп чакырган. Бир жолу Хабаровск шаарына кетишип, ордуна мен товар сатып калдым. Түшкө жуук якут аял келип, өз тилинде товар наркын сурады. Кыргыздар менен якуттардын кебетеси кээ бир жагынан окшошуп кетишет. Ал мени якут деп ойлоду окшойт. Орусчалап түшүнбөгөнүмдү, якут эмес, кыргыз экенимди айттым.

"Кыргыз Орусиянын кайсы облусуна карайт?" деп күйдүрүп атпайбы. Кыргызстан өзүнчө республика экенин, Орто Азияда жайгашканын, түнт тайгасынан чыкпаган элүүдөн ашкан сөзмөр аялга түшүндүрсөм да билбейт. Акыры: "Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду билесиңби?" десем, жан кире түшүп бакылдай баштады. Жазуучунун «Деӊиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасын көп окуганын, башка чыгармаларын да билээрин саймедиреди. Айтматов кыргыз экенин, мен дагы кыргыз экенимди, 1978-жылы 50 жылдык мааракесинде жолугушууга келгенде эл менен кошо сүрөткө түшкөнүмдү, китебине автограф жаздырып алганымды айтып мактандым. "Улуу жазуучунун улутташысыӊ, ал баскан жерди басасыӊ, ал дем алган абадан дем аласыӊ" деп якут аял бакылдаганын койбойт, "Кыргызстанды билбейт, Айтматовду билет" деп мен сыймыктандым. Мекенден алыста жүргөндө Мекендин кадыры билинет. "Кыргызстанды билишпейт, Айтматовду билишет" деп, ыӊгайы келгенде айта коюп жүрдүм.

Чыңгыз Айтматовдун чоң ата, чоң энеси жана таята-таенесинин сүрөтү. Сүрөт Бурулкан Бакееваныкы.

Буйруктанбы, тагдыр мени 2014-жылы курбум Венера аркылуу жазуучунун апасы Нагима Айтматованын бир тууган агасы Шарифтин баласы 80 жаштагы Ренат Шарифович Абдувалиев менен кездештирди.

«Мачкаралык Хамза – Чыңгыздын таятасы» деген китебин сатып жүрүптүр. Китеп орус тилинде, 500 гана нускада чыгыптыр. Автору өзү. Өмүр бою дарыгер болуп иштептир. Чоң атасы, Ч. Айтматовдун таятасы жөнүндөгү чыккан биринчи китеп. Демөөрчүсү 66 жаштагы пенсионер Жамиля Хамидова экен. Мен эртеси өз иштерим менен Астанага бараткам. Беш китепти ала кеттим. Базардагы кыргыздар алышты. "Кыргызчасы барбы? Жок болсо которуп кыргызчасын чыгарбайсыңарбы?" деп суранышты. "Сонун идея экен, эмнеге кыргызчасын которуп чыгарууга болбосун?

Таятасы кайдан, качан келгени, окурмандарга кызыктуу болмок. Орусчадан которуу менин колумдан келбейт. Кимге айтып, кимден сурансам?" деп ойлонуп калдым. Астанадан келсем үйгө курбум, ОшМУнун профессору Бүшарипа Укуева келип калыптыр. Иш оӊ келет деген ушул. Ал студенттерге жазуучунун чыгармаларын окутчу. Экөөбүз кеңештик. Бүшарипа «автор уруксат берсе которуп көрсөмбү» дейт.

Чыңгыз Айтматовдун тайларынын санжырасы (сүрөт автордуку).

Ренат Шарифович Абдувалиевди үйгө чакырдык. Үч пенсионер сүйлөштүк. Бүшарипа котормой болду. Абдувалиевде жазуучунун таятасынын 1900-жылы үй-бүлөсү менен түшкөн, эч жерде жарыяланбаган сүрөтүн жана Айтматовдун кичинесинен берки 34 сүрөтүнүн түп нускасын көрүү жана апасынын, агасынын баласы менен үйүбүздө бир дасторкондон даам сызуу, бирге сүрөткө түшүү, эжеси Нагима жөнүндө көп нерсени угуу Бүшарипа экөөбүзгө буйруган экен.

Татарлардын Мачкара кыштагынан качан, кантип келип калышканы, атасынын байлыгы, чоңойгон чоң үйү, 1932-жылдардагы кыйынчылыктары жөнүндө эжесинин айткандарын Ренат Шарифович айтып берди. Эч жерде жазылбаган көп нерсени айтып берген.

Китепти Бүшарипа эки ай ичинде которуп бүттү. Басмакананын иштерине бүт өзүм чуркадым. 500 нускадагы китеп сапаты жакшы кагазда бир далай эле акча болду. Улуу жазуучунун таятасы жөнүндөгү китептин кыргызчасын чыгаруу Бүшарипа экөөбүзгө Аллах тарабынан буйруган болсо керек. Баары бүткөндө балдарыбыз менен кеӊештик. Балдарыбыз басмаканага акчасын төлөп коюшту. Китепти чыгаргандан кийин көбүнө бекер эле тараттык.

Чыңгыз Айтматовдун таятасы жашаган үй. Бурулкан Бакеева алып келген сүрөт.

Бүшарипа экөөбүздүн балдарыбызга, неберелерибизге улуу жазуучу жөнүндөгү 34 сүрөттүн түп нускасынан алынган, таятасынын өмүрү жөнүндөгү документтеринин, Төрөкул Айтматовдун качан кайтыш болгону тууралуу аялына берген справканын көчүрмөсү флешкабызда сакталып калды. Бүшарипа экөөбүздүн жашыбыз 70ке жакындап, өмүр бизде канча калды? Көзүбүз өтсө урпактарыбыз сыймык менен сүрөттөрдү көрүп жүрүшөт эмеспи.

Бир өкүнгөнүм - "Ренат Шарифовичке жолугуп, эжеси жөнүндө айткандарын жазып калсаңар" деп тааныш журналисттерге кайрылдым. Кайдыгер болуштубу же сааты чыкпадыбы, жолугушпай калышты. Ренат Шарифович Абдувалиев 83 жашында каза болду. Бүшарипа экөөбүз билген Айтматов мына ушундай!

Бурулкан Бакеева

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.