Айдаркен сымап комбинаты ишке кирди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дээрлик 10 жылдан бери өндүрүшү токтоп калган Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары да ар кайсы тарапка иш издеп кеткен. Ишкана маянага эле 12 млн. сом, мындан тышкары салык төлөмдөргө карыз болгон. Кыргызстандык инвесторлордун эле көмөгү менен жанданган ишканада 300дөн ашык жумушчу тартылып, сымаптан тышкары сурьма да өндүрүлө баштады.