“Кыргызстанда эл аралык келишимдерге конституциялык көзөмөлдү күчөтүү зарыл” деп билдирди “Азаттыкка” Конституциялык палатанын сот-катчысы Чынара Айдарбекова.
Анын айтуусунда, ишке кире элек эл аралык келишимдерди конституциялык көзөмөлдөө - Конституциялык палата аткара турган милдеттердин бири.
“Биз ишибизди 2013-жылы июль айында баштаганыбызга карабай, биздин милдетибизге кирген ушул маселелер боюнча бир да иш келип түшкөн жок. Биз ЕАЭБге мүчө болдук, Кыргызстан эл аралык укуктун активдүү субъекти, эки-үч ай сайын өлкөдө эл аралык келишимдер түзүлөт, мындан улам алар канчалык деңгээлде Баш мыйзамга шайкеш келет деген суроо туулат. Айрым эл аралык келишимдерде Баш мыйзамга кайчы келчү нормалар болбойт деп айтыш кыйын. Андай учурлар Казакстанда, дагы башка өлкөлөрдө болгон. Бул жерде Конституциялык палатанын ролу өзгөчө маанилүү. Себеп дегенде, эл аралык келишимдердин бардыгы Баш мыйзамга карама-каршы келбеши керек” деп айтты Чынара Айдарбекова.
Анын ырасташынча, Конституциялык палата тууралуу мыйзамда башка өлкөлөрдөгүдөй эл аралык келишимдерге корутунду берүү жөрөлгөсү каралган эмес.
“Ошондуктан биз эртеби-кечпи ушундай кайрылуулар болуп каларын эске алып, келечекте Венециялык комиссиянын эксперттери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жарандык коом менен мындан ары кантип иштерибизди талкуулоону чечтик” деп кошумчалады.
"Азаттык": Конституциялык палатадан эл аралык келишимдер боюнча корутунду алууга кимдер укуктуу?
Чынара Айдарбекова: Мындай укук өкмөткө, Жогорку Кеңешке, премьер-министр менен фракцияларга берилген. Биз иштей баштагандан бери бул маселе боюнча 18 кайрылуу келип түштү. Бирок алардын бири дагы кайрылуунун талаптарына жооп бербегендиктен, артка кайтарылды.
Муну түшүндүрө кетейин, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга ылайык, түзүлүп жаткан эл аралык келишимдер жана алардын Жогорку Кеңеште жактырууга ээ боло тургандарынын документтеринде Конституциялык палатанын корутундусу кошо тиркелиши керек. Ошол себептүү биз иштей баштаган биринчи күндөн тартып, бизге ушул мүнөздөгү кайрылуулар түшө баштады. Бирок биз Конституциялык палата тууралуу конституциялык мыйзамдын нормаларына баш ийебиз, (мыйзамдар катарында ал баарынан бийик). Ошол мыйзам боюнча бардык мамлекеттик органдар бизге кайрылганда Баш мыйзамга кайчы келчү нормалардын кайсынысы күмөн жаратарын так негиздеп бериши керек.
"Азаттык": Кыргызстан ЕАЭБ боюнча бир катар эл аралык келишимдерди жактырды, сиздер алар боюнча да корутунду бересиздерби?
Чынара Айдарбекова: Биз күчкө кире элек эл аралык келишимдерди гана карай алабыз. Бирок бул жагдайда биз Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдын өзүн кароого укугубуз бар. Башкача айтканда, мыйзамды кабыл алуунун жөрөлгөлөрү так сакталдыбы, ушуга көңүл бурабыз. Ал эми келишимдин өзүнө тикелей корутунду бере албайбыз.
"Азаттык": Өкмөт ЕАЭБ келишими боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизгенде Конституциялык палатанын корутундусун коштубу?
Чынара Айдарбекова: Азыр мыйзам чыгарууда эки ачакейлик пайда болду: Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамда ар бир келишимге биздин корутундубуз алынышы керектиги көрсөтүлгөн. Биз болсо тигил же бул норманын Конституцияга шайкеш келиши боюнча күмөн жагдайлар болуп калса, сөзсүз кайрылгыла деп жатабыз.
ЕАЭБ боюнча өкмөт келишимдерди Жогорку Кеңеш ратификациялоого жөнөтөрдөн мурда биздин корутундубузду алышы керек болчу. Өкмөт бизге кайрылуу жөнөттү, бирок ал мыйзам негизинде так негизделбегендиктен биз аны кароодон баш тарттык. Ошол эле учурда биз аларга мындай түшүндүрдүк: Регламент жөнүндөгү мыйзам боюнча келишимдер Конституциялык палата тууралуу конституциялык мыйзамга кайчы келбеши керек. Менимче, келишимдерди ратификациялоого жөнөтөрдүн алдында анын конституцияга туура келишине кандайдыр бир күмөн саноолор болгондо гана биздин корутундуну кошуусу керек. Жыйынтыгында азыр өкмөт эки мыйзамдын кайчылаштыгынын туткунунда калды.
"Азаттык": Эгер эртең кайсы бир 6-чакырылыштагы парламенттин оппозициялык фракциясы Конституциялык палатага кайрылып, ЕАЭБ боюнча келишимдердин айрым нормалары Баш мыйзамга кайчы келерин ырастоону талап кылса эмне болот?
Чынара Айдарбекова: Эгер бардык жөрөлгөлөр так сакталып, бизге кайрылса, албетте карайбыз. Эгер биз келишимдин кайсы бир пункттары Баш мыйзамга кайчы келерин ырастай турган болсок, ал колдонууга жатпайт.
"Азаттык": Бирок Кыргызстандан тышкары башка өлкөлөр да келишимге кол коюп жатышпайбы?
Чынара Айдарбекова: Туура, ошон үчүн биз айтып жатабыз, мындан ары мамлекет эл аралык келишимдерди дыкат даярдашы керек. Анын артынан алардын Конституциянын талаптарына шайкеш келери же келбестиги тууралуу талаштар чыкпашы зарыл.