Арзан үйдүн азгырыгы

Кыргызстанда ар кандай көз боёмочулук схемалардан жабыркаган жарандар көбөйдү. Айрыкча арзан баада турак жай куруп берүүнү убада кылгандарга акчасын берип, алдангандар көп болууда.

Адистер мындай кырдаалга жарандардын укуктук сабатсыздыгы жана мыйзамдагы мүчүлүштүктөр себеп болорун билдирүүдө. Милиция болсо жарандарды алдамчылык менен алектенгендерден сак болууга чакырды.

Бишкектин тургуну Азамат Султакеев арзан турак жай алам деп алдангандардын бири. Ал 2013-жылы борбордо араб инвесторлор куруп жатат делген көп кабаттуу үйдөн арзан батир алууну чечкен. Чөнтөккө ылайыктуу баага сүйүнгөн Азамат алгачкы төлөмдү төгүүгө да үлгүргөн экен:

- “Нур Багыты” деген компания болчу. "Араб инвесторлордун акчасына арзан үй курабыз" деп алгачкы төлөм катары 25 миң сомдон төктүргөн. Калганын үй башталгандан кийин төлөй баштамакпыз. 2013-жылы күздө башталат дешкен, анда болгон жок. Кийин 2014-жылы жаз деди, күз деди, 2015-жылы деле ушундай болду. Кийин күтө тургула, 2016-жылы башталат деп убада беришкен. Анда да болбоду. Күтүүдөн тажаганда үмүттү үзө баштадык.

Курулуш, Бишкек

Азаматтын айтымында, ал сыяктуу арзан үйдү каалагандар көп эле болгон. Эми анын баары же акчадан, же үйдөн жок арасат абалга тушукту.

- Араб инвесторлору акча берет дегени үчүн турак жайдын арзан болоруна үмүт артканбыз. Баарыбызга эле үй керек да, ишенгенбиз, - дейт Азамат.

Султакеевдин акчасын алып, арзан турак жай куруп беребиз деген компания алдамчылык менен алектенери белгилүү болгон. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, өткөн айда «Нур Багыты» аттуу ишкананы түзгөн эки адам кармалган. Алардын курулай убадасына алданган 50дөн ашык адам аныкталды. Компания башчылары камакка алынып, тергөө уланып жатат.

Азамат Султакеев арзан үй курууну убада кылган алдамчылардын кылтагына илингенин, берген акчасы колго тийбесин эбак түшүнсө, Бишкектин дагы бир тургуну Кенжебек үйлүү болом деген үмүтүнөн кайта элек. Ал учурда кытайлык инвестор курат делген үйдөн батир алуу үчүн айына 50 сомдон төлөп жатат:

Тилекке каршы, ар бир замандын өз Остап Бендери болот турбайбы. Ага алдангандар болот экен.
Дастан Бекешев

- Мен билген маалымат боюнча, кытайлык инвестор келип үй салып берет экен. Азырынча айына 50 сомдон төлөп тургула дешти эле сентябрга чейин берип койдум. Үй салынып баштаганда чарчы метрин 350 доллардан кылып беребиз дешти.

Кенжебек айтып жаткан бул схемага мүчө болгондор көп. Алар Бишкек мэриясынан кытайлыктар курчу үй үчүн жер бербей жатат деп митингге чыкканга да үлгүрүшкөн. Булардын башын кошкон Нурлан Асанов аттуу адам коомдук тартипти бузганы үчүн камакка да алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандарды 50 сомго үй берем деп бал тилге салгандар шылуундар экенин айтууда. Анын пикиринде, мындай азгырыктуу схемаларга ишенип, алданган жарандар көп:

- Көп эле жарандар мындай болушу мүмкүн эместигин көрүп турса да, ишене беришет. Эми элүү сомго кантип үй алса болот? Мүмкүн эмес экени белгилүү болуп турбайбы. Тилекке каршы, ар бир замандын өз Остап Бендери болот турбайбы. Ага алдангандар да болот экен.

Бишкек

Бишкектик адвокат Кален Сагыновдун айтымында, жарандардын ар кандай алдамчылардын кылтагына илинишине укуктук түшүнүктүн тайкылыгы себеп болууда. Мындан улам ар кандай топтор жарандарды алдоо менен пайдага туйтунууну адатка айландырышты:

- Бул жерде жарандардын юридикалык сабатын көтөрүү зарыл. Көпчүлүк жарандар келишим түзөрдө же бир иш баштарда келишимде эмне жазылганына деле көңүл бурбайт. Ким менен түзүп жатабыз, ал мыйзамдын негизинде иш алып барабы деп ойлонушу керек да.

Депутат Дастан Бекешевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, үлүшкө киргендердин укугун, милдеттерин так аныктаган, көз боёмочулук схемалар үчүн жоопко тарта турган мыйзамдык база Кыргызстанда жок:

- Мен өкмөткө бир нече жолу сунуштагам. Бизде үлүшкө кирип, курулуш кургандар боюнча атайын мыйзам керек. Мындай учурлар Орусияда көп болгон. Курулуш компаниябыз деп жерди ижарага алып, элдин акчасын алып качып кетишкен. Бизде да ошондой абал жаралды. Негизи курулуш компаниясын түзүп иштейм десе, үйдү курууга 70 пайыздан ашык каражаты болушу керек. Атайын кепилдик фонду дагы.

Ошол эле учурда Кыргызстанда мындай ар кандай каржылык пирамидалар да жайылууда. Алар белгилүү адамдардын атын пайдаланып, ар кыл акцияларды өткөрүүнү кеңири колдонушат.