Кайдыгерлик, кан жолдо кыйылган өмүр

Бишкек шаары, Кайсын Кулиев атындагы көчө. Алыскы сапарга даярдык көрүп жаткандар. 17-декабрь, 2018-жыл.

Кыргызстанда акыркы күндөрдө он чакты кишинин өмүрүн алган жол кырсыктары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун кайрадан күн тартибине чыгарды.

13-декабрда таңкы саат алтыга жакын Бишкек-Ош жолунда болуп, үч кишинин өмүрү кыйылган кырсыкка эл ташыган жеңил машиненин айдоочусунун көзү илинип кеткени себеп болгон.

Жекшембиде жети орундуу дагы бир автоунаа Бишкек-Торугарт жолунда каршы тилкеге чыгып, беш адам бөөдө өлүмгө дуушар болду.

Ушул эле күнү Ош-Бишкек жолунда баласынын сөөгүн алып бараткан жаран жол кырсыгына кабылып, бир нече киши жабыркады.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында катталган маалыматтардан улам Кыргызстандын жолдорунда, айрыкча Ош-Бишкек трассасындагы кырсыктардын көбү таңга жуук же түндө каттала турганын байкаса болот.

Анткени жүргүнчү ташыган айдоочулар түн катып же таң атпай жолго чыгышы адатка айланган. Мындан тышкары акыркы күндөрү автобус жана кичи автобус менен Орусияга чыгып, ара жолдо калып, үшүгөн кишилердин нааразылыгы көбөйдү.

Бишкек-Торугарт жолундагы беш киши каза болгон кырсык. 16-декабрь, 2018-жыл.

​Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жол кырсыктарынын 50 пайызы Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт сыяктуу чоң трассаларда, 40 пайызы чоң шаарларда, 10 пайызы аймактардагы ички жолдордо орун алат.

Быйыл эле өлкө аймагында катталган жол кырсыктары 500дөн ашты. Тиешелүү органдар "бул көрсөткүч былтыркыдан 6,2 пайызга төмөн, кырсыкта каза болгондор, жабыркагандар да бир топ азайды" деген менен Кыргызстан жол кырсыктары көп катталган өлкө бойдон калууда.

Өлкөдө акыркы төрт күн ичинде эле жол кырсыктарынан сегиз киши ажал таап, бир нече адам ар кандай жараат алды. Бир тобу оор абалда ооруканада жатат. Жол кырсыктары канчалаган адамдын майып болуп калышын шарттоодо.

«Фольксваген Пассат» айдоочусу менен өрттөнүп кеткен. 16-декабрь, 2018-жыл.

​16-декабрда Ысык-Ата районунда, Бишкек-Торугарт айланма жолундагы үрөй учурган кырсыкта "Тойота-Ипсум" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, өзүнүн эле эмес башка жарандардын да бөөдө өлүмүнө себепчи болду.

- 16-декабрда саат 16.00 чамасында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышып, "Пассат" айдоочусу менен кошо өрттөнүп кеткен. Жалпысынан беш киши каза болду. «Тойота Ипсумда» жети киши, ал эми экинчи автоунаада айдоочу жалгыз болгон."Тойота-Ипсумдун" айдоочусу Кочкор айылынын тургуну. 1993-жылы туулган. Айдоочуну кошкондо төрт киши окуя болгон жерде каза болгон. Үчөө Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочу чыгыштан батышты көздөй келатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Биздин инспекторлор кырсык тууралуу маалымат түшкөндө үч мүнөт аралыгында жетип барышкан. Ошол кезде "Пассат" өрттөнүп аткан экен. Өрт "Тойотага" өткөнү калган. Инспекторлор бул машиненин ичинде кыпчылып калган жаранды чыгарууга жетишкен, - деди Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу. Боом капчыгайы.

Бул кырсыкка себепчи болгон айдоочу туруктуу жүргүнчү ташып иштеп келгени маалым болду.

Кыргызстанда акыркы кезде автоунаалар кескин көбөйдү. Буга жараша ары-бери каттагандардын деле таксисттерден арзаныраак баада киши салып кеткен учурлары жашыруун болбой калды.

Мисалы, Нарын шаарына туруктуу каттаган таксилерге жол кире 500-600 сом болсо, өздөрүн "попутчик" деп атагандар жүргүнчүлөрдү 300-400 сомго салып кетишет. Аларды башка жактан издебей эле Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу табууга болот.

13-декабрда Токтогул районунда катталып, үч киши каза тапкан жол кырсыгына жети орундуу машиненин айдоочусунун көзү илинип кеткени түрткү болду.

Ушул окуядан улам "Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу канчалык деңгээлде сакталып жатат?" деген суроого жооп издеп, Бишкектен район-шаар, облус-айылдарга каттаган такси токтогон жайларын кыдырдык.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарына кетчү таксилер негизинен Ош базарынын жана Батыш автобекетинин айланасында турушат. Бул каттамдардын дээрлик баарына көбүнчө жети орундуу машинелер каттайт.

Жалал-Абад облусуна каттаган таксилер.

Кезек күткөн таксисттер менен сүйлөшүп жүрүп, түштүк аймактардан кардар алып келип, эгерде киши чыгып калса, чарчаганына карабай дароо артка жөнөп кеткендер да болорун билдик.

Айрымдары Бишкекке келгенден кийин машинесинде эле бир-эки саат эс алып, кайрадан он сааттан ашыкка созулган сапарга аттанып чыгаарын айтып беришти. Ал ар бир айдоочунун өзүнө болгон ишенимине көз каранды экен.

- Уйкусун кандырбай кеткендер көп, толтура. Аны караган эч ким жок болуп жатпайбы. Ал үчүн Сосновкадан кармаш керек. Мисалы, азыр эле бул жерди карасаңар айдоочулар арасында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөр бар, - деп айтты Алмаз.

Жүргүнчү талашкан айдоочулар.

Ал эми беш-алты сааттык жолго, мисалы Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарына каттагандардын арасында бир күндө эки сыйра барып келүүгө жетишкендер бар. Ошол эле кезде туруктуу эл ташыган айдоочулар бир ооздон жолдун сырын мыкты билишерин, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу маанилүү экенин айтып жатышты. Алар жол кырсыктарына көбүнчө тажрыйбалуу таксисттер эмес, жаңы каттай баштагандар же эл сөзү менен айтканда "попутчиктер" кабылат дешет.

- Мына, мен Бишкекке келгениме үч күн болду. Үч күндөн бери киши толбой кете албай жүрөм. Мага окшогондор бир жумада эки жолу барып-келип иштейт, - деди Эрнис аттуу айдоочу.

Батыш автобекетиндеги Баткенге кетчү таксилер токтогон жер.

Алыскы аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ичинде айрым айдоочулардын катуу ылдамдык менен келгенин айткандар чыкты. Ат-Башы айылынан Бишкекке такси менен сапарга чыккан Айнагүл аттуу жаран беш саат бою "кудайлап" коркуп келгенин жашырбады:

- Машинедеги алты жүргүнчүнүн ичинен мен эле айттым. Калгандары ооз ачып да коюшкан жок. Биринчи акырын айдашын өтүндүм, андан кийин урушуп да көрдүм. Көңүл бурбады. Аябай катуу айдап келди, башка машинелерди шаштырып, андан ашып өтүп жатты. Жолдогу кафеге токтогону менен шаштырып жакшы тамактандырган жок. Жолду катар телефон менен сүйлөшүп келди. Бишкекте андан бетер башаламан. Машинелерди да туура токтотушпайт. Мына, азыр бирөө коюп кетеби деп коркуп, жолдон өтө албай турам. Тартип деген жок болуп калды.

Жүргүнчү издеген айдоочу.

Кызыгы, эч бир орган же мекеме айдоочулар жана машинелердин техникалык абалын текшере албайт. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Оторов кесиптештери эскертүү менен гана чектеле турганын айтты:

- Эл ташыган таксисттер болобу же жөнөкөй айдоочу болобу, алардын эс алуусун көзөмөлдөгөн эч бир орган жок. Биздин кызматкерлер айдоочуларды токтоткон учурда чарчаганын байкаса, эс алууну сунуш кылат. Бирок кыйнап эс алдырууга укугу жок. Кээ бир айдоочулар тобокелге салып жолго чыккан учурлары кездешет. Биз маалымат каражаттары аркылуу түндө жолго чыкпоого үндөп турабыз. Кайдыгер карабагандар ага көнүп, дем алып чыкканга аракет кылышат. Айрымдары шашып атканын жүйө кылып жолго чыгып алышат.

Бишкек-Ош жолундагы катуу кырсыктардын бири. 8-октябрь, 2017-жыл.

Таксисттердин башын бириктирген "Трасса такси" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Турсунбай Шарапов өкмөт транспорт маселесине кайдыгер карап жатат деп нааразы болду:

- Бишкекте оор жүк ташыган айдоочулар ар кайсы жерде, мисалы азыр Садыгалиев-Мурманский көчөлөрүнүн кесилишинде турат. Таксисттер ар кайсы жакта. Туруктуу жери жок. Өкмөттүн автобекети автобуска, машинеге же маршруткага орун таап бере албайт. Аянты да аз. Түштүккө каттаган айдоочулар Ош базардын айланасындагы жол чырак алдында турушат. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери келип кубалайт, "белгинин алдында туруп алыпсың" деп 300 сом айыппул салат. Калган убакта ошол жерде эле туруп атпайбы? Кимиси таксист, кимиси таксист эмес экенин билбей баш айланат. Канча жылдан бери эле ушундай. Жайдын күнү Оштон Бишкекке келген айдоочу 10 саат жол жүрсө, кышында 15 сааттай жол жүрөт.

Айдоочулардын "Тилеке" коомдук бирикмеси таксилерди иретке келтирүүдө жана жүргүнчүлөрдү ташууда жоопкерчиликти күчөтүү боюнча сунуш менен өкмөткө кайрылып жүрөт. Анын кайрылуусунан азырынча майнап чыга элек.

Коомдук бирикменин жетекчиси Жеңишбек Үсөнов ар бир таксисттин лицензия менен иштешине шарт түзүлүп, аларды мамлекет көзөмөлдөшү керек экенин айтты:

Жеңишбек Үсөнов.

- Азыр кимдин эшигинин алдында машинеси болсо, ошонун баары таксист. Биз Транспорт жана жолдор министрлигине да кайрылдык. Аларда да мындай укук жок экен. Менимче, Бишкектеги ар кайсы жердеги такси токтогон жайдагы автоунааларды мамлекет көзөмөлгө алмайынча абал оңолбойт. Жүргүнчү ташууда өзүнчө тартип болушу керек. Биз ошондуктан лицензия менен иштөөнү сунуш кылып атабыз. Диспетчердик кызмат аркылуу иштеш керек.

Транспорт жана жолдор министрлиги да жүргүнчү ташыган жеңил автоунаалардын ишин көзөмөлдөгүсү келет. Бирок ишкерлердин каршылыгы азырынча буга тоскоол болууда.

Министрликтин автомобил транспорту бөлүмүнүн башчысы Нурмат Мусабековдун айтымында, мекеме транспортун мыйзамда каралган түрүн гана көзөмөлдөй алат. Ага автобустар менен эл аралык жүк ташуу кирет.

- Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн биз сунуш берип, мыйзам долбоорун даярдаганбыз, - дейт ал. - Жүргүнчүлөрдү ташыгандардын баарына лицензия берип, ишин көзөмөлдөйлү дегенбиз. Лицензия алып иштесин, баары эртең менен автобустардын айдоочулары сыяктуу эле медициналык кароодон өтсүн, машинеси техникалык кароодон өтүп, өздөрүнүн медициналык маалымкаты болсун дегенбиз. Бирок төрт жылдан бери мыйзам долбоору өтпөй жатат. Себеби, ишкерлер буга каршы чыгышкан. Экономика министрлиги ишкердикти жөнгө салуучу орган катары "коррупциялык схемаларды алып келет" деп, биздин айткандарыбызды жүйө катары кабыл алган эмес.

Автобекеттеги автобустар.

​Автобус демекчи, транспорттун бул түрүнүн ишине да нааразылык бар. Күздөн бери Казакстан аркылуу Орусияга жолго чыгып, ара жолдо калгандар тартылган видеолор Интернетке байма-бай чыгып жатат. Алар Бишкекте Ош базарынан "жылуу-жумшак автобус менен Орусияга арзан жетесиңер" деген убадага алданып, ден соолугунан ажыраганын айтып келишет.

Мисалы, Айчолпон аттуу кыз автобус менен Москвага барып, жолдо катуу кыйналгандыктан ооруп калып, кайра келүүгө аргасыз болгон:

- Биздин артыбыздан автобус менен да кыргыздар келишти. Ичинде алты жаштагы бала бар экен. Суук, меши иштебейт, эшиги да жабылбайт. Бала көгөрүп катып калган. Тоңуп калыптыр. Муну мен башкалар да бала-чака менен чыгып алып, жолдо кыйналбасын деген ниетте айтып атам. Келгенден кийин менин бутум ооруп, бөйрөгүм жылдырбай калды.

Москвага бараткан мигранттар.

Бишкектеги Батыш автобекетинен Орусиянын алты шаарына байма-бай автобустар каттайт. Красноярск, Тюмень шаарларына жумасына төрт, Омск, Томск, Екатеринбургга эки жолу, Москвага үч жолу каттамдар жүргүзүлүп турат. Москвага чейинки билеттин баасы 4500 сом.

Автобекеттин карамагында эл аралык каттамдарга чыккан 70тен ашык автобус бар. Алар он беш жүк ташуучу фирмага таандык. Кыргызстандын жараны Нурзат быйыл октябрда Бишкектен Москвага баруу максатында билет үчүн автобекеттин кассасына кайрылган:

- 20-октябрында билет сурап барсак, кассир "билет баасы 5500 сом" деди. Анан колубузга Канат деген кишинин визиткасын берди. Ага байланышып, Кулиев көчөсүнөн жолуктук. Ошол жерде автобуста 4000 сомдон билет сатат экен. Биз ал автобустун мамлекеттик экенин билген эмеспиз. Менчик деп ойлогонбуз. "Акчасы арзан экен, ушуну менен эле кете берели, элдин баары эле кетип атпайбы" деп чечтик. Миң сом берип кеткенбиз. Минтип автобуска билет саткандар көп экен. Бирок анын мамлекеттин автобусу менен кетет экен. Биз Канатка 22-октябрда келсек, көпкө күттүрүп, "автобуста орун калбады" деп спринтерге салып жибермекчи болду. Биз ага макул болбой, акчабызды кайтарып берүүнү талап кылып, "автобекетке барабыз" деп көшөрдүк. Ал акчабызды бербей, "автобекетке барып автобуска өзүм жайгаштырам" деди. Анын менен жол кирени кайра 4500 сомго баалашып, машинеге салып бекетке таштап кетти. Анда автобуста аз эле киши болчу. Кордайдан толуп калды. Кулиев көчөсүндө Канат деген киши келгендерге жакшы микроавтобусту ачып көрсөтүп коюп, бирок жөнөгөндө начар эле автоунаа менен кетирет экен. Кээ бирлери отургучу жок эле жатып кетишет экен. Мени узатканы баргандар аны көрүп байкап калышыптыр.

Орусияга жүк жана жүргүнчү салып жөнөп жаткан кичи автобус.

"Азаттык" Ош базарынын тегерегинде жүргүнчүлөргө билет саткандардын да оюн укту. Жарандар айткан Канат аттуу адамдын өзүн таба алган жокпуз.

Бирок аны менен чогуу иштеген Баястан автобуска билет азыр сатылбай жатканын, жай мезгилдеринде гана сатыларын, учурда кишилерди жеңил автоунаа жана кичи автобус менен Орусияга жиберип келатканын билдирди:

- Биз кичи автобус жана жеңил машинелер менен жиберип жатабыз. Жүргүнчүлөр үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Кээде машине бузулат. Техника деген техника да. Андай учурда башка машине жиберип, эч кимди талаада калтырбайбыз.

Жеңил машине менен Орусиядан Бишкекке келген Шаттыбектин айтымында, эл айла жоктон узак сапарды тандап алууда.

- Баага карайбыз да. Мен өз ыктыярым менен эле жеңил машине менен келдим. Эч кандай нааразылыгым жок. Учак менен поезддин билети кымбат, ошондуктан бизге машине менен чыккан чөнтөгүбүзгө ыңгайлуу, - дейт ал.

Ош базарынын айланасында "Бишкек-Москва каттамы боюнча жүргүнчү жана жүк жеткирилет" деген жарнамалардан баш адашат. Шабдан эски машинесинин ичин кеңсеге айлантып, Орусияга жүргүнчү жиберип турат экен.

- Биздики жеке фирма, - дейт Шабдан. - Биз жеңил машине жана спринтер менен иштейбиз. Автобус менен жүргүнчүлөр которуп отургузуу аркылуу барышат. Биз казактар менен иштешебиз. Казактар "акырына чейин алып кетебиз" деп биз менен сүйлөшүп, келишим түзөт. Анын баасы арзаныраак. Ошондуктан биз элге жеңил машине менен барса болорун түшүндүрсөк деле, "арзан" деп автобуска качышат. Көбү "жол кирени жеткенден кийин берем, туугандарым тосуп алат" дешет. Ноябрда Бишкектен автобус чыккан. Алар Казакстандан башка автобуска отургандан кийин көбү карыз болуп калган. 30 миңден ашык акча ошол жактан бериле турган болгон. Автобустун бензини жетпей, бири-бирине жүргүнчүлөрдү которуп жүрүп отурушкан. Акыркы автобус "акчаны бергиле" деп, алар бере албай, айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда ызы-чуу чыгып, элди таштап кетип калган. Автобус менчик, аны бул жердегилер чыгарат. Жүргүнчү көп кеткен учурда автобекеттеги автобустар жетишпейт.

Бишкек-Москва каттамы.

Айта кетчү жагдай - Чүй көчөсүнөн тартып Кулиев көчөсүнө чейин алыскы аймактарга жана эл аралык каттамдарга чыккан транспорттун саны өтө көп.

Жалаң эле Ош базарында эмес, Батыш автобекетинин тегерегинде деле ушул көрүнүш.

Ош базарынын тегереги.

Негизи эреже боюнча кандай гана жүргүнчү ташуучу болбосун автобекет аркылуу чыгышы керек. Бирок мамлекеттик автобекет таксилерди батырмак тургай, өз айланасын туш келди токтогон машинелерден тазалай албай келет. ​Бишкекте эки автобекет бар.

"Кыргыз автобекети" ишканасынын директорунун орун басары Алмаз Байсопуев муну мамлекеттик органдардын укуктары чектелгени менен түшүндүрдү:

- Автобекеттин тегерегинде, айрыкча Жибек Жолу көчөсүндө турган мыйзамсыз жүргүнчү ташуучулар чоң кыйынчылык жаратып атышат. Ар бир багыт боюнча автобекеттин ичинен орун берилген. Жеңил машинелерге да, автобустарга да. Бирок алар каттамдын эрежесине баш ийгиси келбейт. Мындан тышкары, эл аралык каттамдар боюнча да чоң маселе бар. Алар Ош базардын тегерегинде касса ачып алып, жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз жиберип жатышат. Булар жүргүнчүлөрдү алдап билет сатып, андан алып барып кайра казактардын автобусуна салышып, жоопкерчиликти моюнга алган эч ким жок болуп жатат. Ошол себептүү биз элди Бишкек автобекети аркылуу кассадан билет алып, каттамга чыгууга чакырабыз. Бул жерден каттамга чыгарда айдоочулар медициналык кароодон өтүп, автобус техникалык кароодон өтөт. Ал эми ички каттамдар боюнча, автобекет таксилердин баарына орун бербейт. Бир күндө канча машине жөнөсө ошолорго гана орун берет. Бир күндө түштүк облустарга 30-50 машине гана кетет. Биз ошолорго гана орун беребиз. Калгандары эс алып, кезеги келгенде кетиши керек.

Бишкектеги автовокзал.

Биз кайрылган бардык мекемелер "Транспорт тармагындагы башаламандык токтойбу?" деген суроого мыйзамдык укуктары чектелүү экенин айтып, алакан жайып жатышты. Учурда бир да мекемеде аймактарга жүргүнчүлөрдү ташыган канча такси бар экени тууралуу так маалымат жок. Расмий эмес түрдө 500дөн ашык такси каттап жатканы айтылат.

Ошентип, Кыргызстандын трассаларына эле эмес, чет жакка сапар чеккен айдоочулар менен машинелердин абалына кызыккан эч ким жок экени белгилүү болду. Мамлекет жана тиешелүү мекемелер бири-бирине жана мыйзамдагы боштуктарга шылтап, канча жылдан бери мындай башаламандыкка көз жуумп келатышат. Транспорт жана жолдор министрлиги "таксисттерди лицензия менен иштетүү камтылган мыйзам долбоору колдоого алынса, маселе чечилмек" деп кол куушурат. Ал арада айдоочулардын "Тилеке" коомдук бирикмеси ушул сунушту парламентке киргизип, тармактык комитет жакын арада карай турган болду.

"Азаттыктын" архиви: Кандуу жолдор: күнөө кимде? 29-ноябрь, 2017-жыл. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.