«Согушту эстеген сайын ыйлай берет...»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Согуш ардагерлеринин бүгүнкү сөзү - эртеңки тарых. Жалал-Абад облустунун Сузак районунда Ата Мекендик согуштун сегиз гана ардагери калды. Алардын үчөө өз алдынча баса алса, калганы төшөктө. Катары суюлуп бараткан ардагерлер согуш талаасындагы оор жылдарды үшкүрүксүз эскере алышпайт.