Анда жол коопсуздугун сактоого тиешелүү шарт түзүү, айдоочулук күбөлүк берүүгө көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу чаралар камтылган.
Бийлик аны каржылоого "Мегаком" ("Альфа телеком") уюлдук компаниясын сатуудан түшкөн каражатты жумшоону мерчемдөөдө.
Жол коопсуздугу жана өлкөдө катталган жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган Коопсуздук кеңешинин 17-июлдагы жыйыны жабык өттү.
Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыктарынын санынын өскөнү бул жаатта кескин чечимдерди кабыл алууну талап кылып жатканын билдирди.
Атамбаев маселеге олуттуу көңүл бурууга чакырып, жол коопсуздугун жөнгө салууга каражат табуу зарылдыгын, арак ичип унаа башкаргандарды жазалоону күчөтүү керектигин белгилеген.
Жыйынтыгында жол коопсуздугун күчөтүү жаатында алты бөлүктөн турган документ кабыл алынды.
Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдер боюнча аталган органдын катчысы Темир Жумакадыров жана тиешелүү орган жетекчилери журналисттерге маалымат берди.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун айтымында, бул чаралар жарандык коомдун сунушун эске алуу менен иштелип чыккан:
- Документтин биринчи блогу жол коопсуздугу жаатындагы ишти автоматташтыруу. Экинчиси - жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу. Үчүнчү блок болсо жол коопсуздугу боюнча мыйзамдык чараларды күчөтүү. Бул мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин көтөрүү менен катар айдоочулардын жоопкерчилигин да күчөтүүгө багытталган. Эгерде айдоочу адам өлүмүнө күнөөлүү деп табылса, ал жоопкерчиликтен качпагандай болушу керек. Биздеги маалыматтар боюнча учурда мындай кырсыктардан соң күнөөлүү айдоочулардын 40 пайызга жакыны эч кандай жазага тартылбай калат.
Буга кошумча аталган документ жол инфраструктурасын жакшыртуу, медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү жана бул жаатта маалыматтык кампанияны жүргүзүү чараларын камтыйт.
Документтин алкагында айдоочулук күбөлүк берген автомектептерге көзөмөлдү күчөтүү, жоопкерчилигин жогорулатуу да каралган.
Ошондой эле бийлик акыркы алты жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келген "Коопсуз шаар" долбоору жакын арада ишке ашат деген кезектеги убаданы берүүдө. Маселен, коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаковдун айтымында, бул долбоор "Таза коом" программасынын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында иштей баштайт:
- Коопсуз шаар долбоору көптөн бери айтылып келет. Бирок объективдүү жана субъективдүү себептертен улам аталган долбоор ишке ашпай турган. Биз азыр чоң "Таза коом" деген долбоорду ишке ашырганы турабыз. Анда бул маселе да белгиленди. "Коопсуз шаар" "Таза коомдун" бир бөлүгү болуп эсептелет. Быйыл жакын арада эки көчөдө пилоттук негизде иштей баштайт. Андан кийин башка шаарларда бул долбоор ишке ашырылат.
Коопсуздук кеңешинин жыйынында жол коопсуздугун жогорулатуу жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларга керектүү каржыны "Мегаком" ("Альфа телеком") компаниясынын эсебинен каржылоо чечими кабыл алынган.
Башкача айтканда, буга чейин бир нече жолу сатыкка чыгарылып, бирок кардар чыкпай келген уюлдук компания сатылса, андан түшкөн каражат бул тармакка жумшалат.
Кан жолдон ажал тапкандар азайган жок
Кыргызстанда жол кырсыктары акыркы жылдары өтө курч турган маселеге айланды. Кырсык кесепетинин каза тапкан жана жабыркаган адамдардын саны өсүүдө. Быйыл жыл башынан тарта эле өлкөдөгү кара жолдордо 2582 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 307 киши набыт болуп, 3 835 адам жараат алган.
Мындан улам жарандык коом бийликти керектүү чараларды көрүүгө чакырып келген.
Жол кырсыгын азайтуу боюнча сунуштарын берип келген "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетованын айтымында, Коопсуздук кеңеши керектүү чечимдерди кабыл алды, бирок маселе анын аткарылышында.
- Буга чейин деле убада кылынып, көңүл бурулгансып, бирок декларативдүү түрдө көп нерсе белгиленген. Бул маселе курч турат, чынында эле буга көңүл буруш керек деп ар бир түзүм киришип жаткандай сезилет. Бирок иш жүзүндө кандайдыр бир топ түзүп, анын ишин күндө көзөмөл кылбасак, бул деле бир топко созулуп кетчү маселеге айланышы мүмкүн.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мурдагы реформалар, "Коопсуз шаар" сыяктуу программаларды ишке ашырбай туруп Коопсуздук кеңешинин чечими ишке ашат деп айтуу кыйын деген пикирде:
- Эгерде өкмөттө саясий эрк болсо бул чечимдерди ишке ашырса болот. Шалаакылыкка берилип күнүмдүк иш менен алек болсо, бул чечимдер деле сөз жүзүндө калат. Мисалы, "Коопсуз шаарды" канча жолу көтөрдүк. Тендердин жыйынтыгы чыкпай турат. Ошондуктан бул чечимди дароо ишке ашат деген кыйын.
Ошол эле кезде Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө катталган жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана кесепетин жоюу чаралары да талкууланды. Бул жаатта президент тиешелүү органдардын ишин сынга алып, тезинен оңдоо тапшырмасын берди.