"Бажычыларга баары боло берет”

Бажы пункту.

Бүгүн “Фабула”, “Мантыш”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Вечерний Бишкек”,”Муниципалдык кызмат” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити Мирлан Алымбаев даярдаган “Мураскер” операциясынан корккон оппозиция” деген аталыштагы ой-пикирлердин топтомун басты.

Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов: - Биздин саясатчылар бийликке каршы убактылуу эле бириге коюшуп, бийликке жеткенден кийин кайрадан бирин-бири жей башташат. Азыркы президент болом деп аткандардын мамлекетти өнүктүрүү боюнча даярдалган көз караштары жок. Популизм менен элди алдагысы келет,- деп, саясат таануучу Алмаз Акматалиев:-Оппозициянын башкы максаты–бул бийликке келүү. Болгону мыйзам талаасынан чыкпай туруп күрөшүүсү керек,-деп, экономист Искендер Шаршеев:- Президенттикке аттангандардын арасында жалпы эл колдоп кете турган талапкер жок,- деп, саясатчы Темирбек Асанбеков:- Азыркы саясатчылардын баары көп жылдан бери бийликке аралашып, эч кандай жыйынтык чыгаралбагандар жана алардын артынан ээрчип алгандар, биринин да арбын электораттары жоктугунан биригип алып күчтөнүүгө аракет кылып жаткандар,- деп жооп берди.

Гезитте “Тайырбек Сарпашевдин кызматтан кетишине Бакиевдердин мүлктөрү себеп болдубу же бийликке кызмат кылчу миссиясы аягына чыгып калдыбы?” деген макала, КТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун “Оторбаев, Жумагуловду кызматтан алган Байкоочу кеңеш бу жолу да күтүлбөгөн кадамдарга барып коюшу мүмкүн” деген маеги бар.

“Муниципалдык кызмат” гезитинен белгилүү журналист Папан Дүйшөнбаевдин Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы дайындалган стат катчысы Жазгүл Кийизбаева менен болгон “Кадрлардын жетишсиздиги жылдан жылга көбөйүүдө” аттуу маегин, ушул эле автордун “Баатырдыгын 45 жылдан кийин билген” деген кызыктуу макаласын жана башкаларды окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити айтылуу акын-сатирик Эсенгул Чопиевдин жаңы ырларын, жазуучу Күлбүбү Бектурганованын “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата макаласын, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүркановдун “Саргайган сары кагазда ыры калчу чыгармалар” деген ат менен акын Качкыналы Сыдыгалиевдин ырлары сыйлыкка татыктуу чыгарма экендигин баяндаган макаласын, жазуучу Азиз Мамбетмусаевдин “Казыбек казалчы” аттуу баянын, жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Актоко” аттуу тарыхый повестинен үзүндү жарыялады.

“Эркин тоо” гезити журналист Атай Алтымышевдин “Кыргызстан суу ресурстарынан үзүр көрүүгө мезгил келди” деген макаласын, “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаеванын маегин, “Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директору Бакыт Сыдыковдун “Тармагыбызда жетишкендиктер арбын” аттуу маегин, юридика илимдеринин доктору Тилек Асаналиевдин “Жаңы кодекстер 2019-жылы гана ишке кирет” аттуу маегин жана “Гүлшан Молдоеванын академиясынын тушоосу кесилди” аттуу макаланы окурмандарына тартуулады.

“Мантыш” деп аталган гезиттин 4-саны жарыкка чыкты. Гезиттен журналист Данияр Исановдун “Ооруктагы оор күндөр” деген ат менен профессор Шарше Керимбаевдин баскан жолун баяндаган макаласын, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы тренери Александр Крестининдин маегин, “Депутат Автандил Кулбараков Жумгал районунда хоккей майрамын уюштурду” деген ат менен эки беттен турган сүрөттүү баянды, таланттуу жазуучу жана акын Сейит Жетимишовдун “Армансыз акын болбос, адам болбос” атуу жаңы ырларын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Бизге Путин менен Медведев келет” деген макала менен ачты. Орусия элчисинин сөзү боюнча, алгач Кыргызстанга Владимир Путин келип президент Алмазбек Атамбаев экөө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу кенен кеп кылышарын, Путин кетери менен эле орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев келерин Александр Тузовдун макаласынан билсеңиздер болот. Александра Василькованын макаласы “Эми сомдун доллар сыяктуу өз символу болот” деп аталса, Азамат Касыбековдун макаласы “Бажычыларга баары боло берет” деп аталды.