«16 жыл зомбулукта жашадым»

Иллюстрациялык сүрөт.

Алты балалуу келин он күн мурда үй-бүлө зомбулугунан Жалал-Абаддан качып келген. Келин «Азаттыктагы» маегинде зомбулукка чыдаган 16 жылдык жашоосун сүрөттөп, күйөөсүнүн токмогунан жүрөгү ооруп калганын айтып берди.

35 жаштагы жаштагы келин он күн мурун кызыл камчы күйөөсүнөн качып, Бишкектеги бир туугандарыныкына келген. Ал үй-бүлө күткөн 16 жылдан бери жонунан таяк кетпегенин айтып берди:

«Азыр Бишкектеги эже-сиңдимдин жанындамын. Балдарыма да чындыкты айтпай келе бердим. Уруш болбогон бир себептерден эле чыгат. Мен качып кеткен 24-апрель күнү бир жактан үйгө 20 мүнөт кеч келгеним үчүн урушуп, сөгүп, сабай баштады. Андайда колу ооруп же чарчап калса таяк менен уруп, муунта баштачу. Ал күнү да ошондой болду. Адаттагыдай эле уруп бүтүп, кечирим сурап, конокко кетип калды. Мен шашып жолго чыгып, кетишим керек деген чечим кабыл алдым. Чөнтөгүмдө акчам жок эле. Ошол күнү биздин айылга милицияда иштеген бир киши куран окутканга келген экен. Ал мени посттордон өткөрүп, андан ары Бишкекке бараткан машинеге отурдум. Туугандарыма чалып, алар мени Бишкектен акчасын төлөп, тосуп алышты».

Атын атагысы келбеген бул келин 19 жашында турмушка чыккан экен. Күйөөсү Москвага маал-маалы менен барып-келип иштеп жүрчү. Азыр айылда эле утурумдук курулуш жумуштарында иштейт. Келин өзү иштебейт, алты баласы менен үйдө отурат. Экөөбүз сүйлөшкөн эки сааттын ичинде ал бир нече жолу дары ичип, сүйлөгөн сайын муундары калчылдаганы сезилип жатты.

«Мектептин бүткөндө эле күйөөм мени ала качып кеткен. Бирок мен аны таанычумун. Ата-энем адегенде башка облуска турмушка чыкканыма каршы болушту. Акыры көңүлүмө карап макул болушту. Мен Баткенден болом. Бизде кыз кишиге салт абдан катуу. «Кыз чийден тышкары» деп, «барган жериңден келбе» дешет. Айылга уят болом деп мен да чыдап жүрө бердим. Бирок акыркы күндөрү жүрөгүм катуу ооруй баштады. Ошондо да чыдап жашасам, мен оорукчан болом же бир нерсе болом деп ойлодум. Азыр сыналгыдан кино көрүп, ызы-чууну уксам эле калтырай баштайм. Жиним келип, бир топко чейин муундарым калчылдайт. Ал болсо азыр чалып, кечирим сурап, «кайталанбайт» деп ишендирүүгө аракет кылууда. Туугандарым «бул жолу кетпейсиң, бул жолу барсаң сени муунтуп, өлтүрүп коёт» деп жатышат. Себеби үч жыл мурун кетип, айткан сөздөрүнө ишенип келген элем. Балдарым уруш болгон учурда болушса, аларды да сабап же эшикке чыгарып салат. Алар ыйлап эле отуруп калышат. Анан мени башка бөлмөгө алып кирип ура баштайт».

Дагы караңыз «Кош бойлуу келинди күйөөсү катуу сабаптыр...»

Келиндин мектеп курагындагы беш кызы жана бир эркек баласы азыр күйөөсүндө калган. Ал 16 жыл бою ушул балдарын ойлоп, аларды атасыз калтырбайын деген максатта зомбулукка чыдап келгенин айтты:

«Кичүүлөрү эгиздер - экинчи класста окушат. Ортончусу эркек. Улуулары кыздар. Кыздарымдан да аябай кооптоно баштадым. Себеби аларды уруп, басынтып, такыр эле чүнчүтүп жиберди. Кыздарга башкача мамиле керек да. Бирок ал урушуп, уруп кайра эле «кечирип койгула» дей берет. Мен ушунча жыл балдарым үчүн чыдадым. Алты бала менен кайда барам, жетим кылбайын аларды деп ойлогом. Аягында чыдаганга мүмкүн болгон жок. Өзүм да такыр чүнчүп, оюм бир жерде болбой ооруй баштадым».

Биздин каарман укук коргоочуларга, юристтерге жана кризистик борборлордун бирикмесине жардам сурап кайрылган. Учурда балдарын Бишкекке алып келүү боюнча маселе каралып жатат.

Гендер маселелери боюнча адис, укук коргоочу Гүлбарчын Жумабаева кыргыз коомунда үй-бүлөлүк зомбулукту сыртка чыгарбай, чыдап жашаш керек деген түшүнүк калыптанып калганын, ал тургай айрым учурларда үй-бүлө бузулганы үчүн аял кишинин өзүн айыптагандар кадыресе эле көрүнүш экенин белгилейт. Мындай абалда аялдын өзүнө карата ишеними да жоголуп, коркуу сезимине чырмалып калат.

Гүлбарчын Жумабаева.

«Дайыма физикалык жана моралдык зомбулукта жашаган аялдын аң-сезиминде да өзгөрүүлөр болот, - дейт ал. - Ал «жашоо ушуну менен бүттү, эгер кетчү болсом балдарым менен кайда барам, көчөдө калам» деп ойлойт. Ага бул ойду анын күйөөсү да дайыма айтып, басынтып турат. Биз мындай учурлар менен иштешкенде «башкысы дениң сакпы, иштей аласыңбы, демек баары жакшы болот» дейбиз. Ал аялга «сен жаңы жашоо баштап кете аласың» деп, өзүнө болгон ишенимди пайда кылууга аракет кылабыз. Себеби көбү коркот, ошон үчүн кете албайт. Алар үчүн кийинки жашоосу бүдөмүк сезилет. Ар бир учурда зомбулукка чыдабаш керек, тилекке каршы, айрым учурда анын аягы аянычтуу бүтүшү мүмкүн деп түшүндүрөбүз».

Алты балалуу келинге азыр психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлүүдө. Ал ушул күндөрү Бишкектин четинен ижарага батир, иш издеп жатат. Ушул эле күнү кечинде балдары келгенин бизге чалып кабарлады:

«Бир күн мурун «балдарымды алып келишим керек» деп чалдым. Ал макулдугун берген жок. Кээ бир туугандары мени балдар менен кармап калабыз деп ойлошуптур. Кечээ ал жумушта болгон чакта иниме чалып, кабарладым. Ал барып, балдарымды алып чыгып кетиптир. Кайненем жок, кайнатам эле бар. Ал кээде ичип алат. Ага ар кандай кишилер келе берет. Менде жалаң кыздарым болсо эмне болот деп корктум. Иним тааныштар аркылуу блокпосттордон өткөрүп, Бишкекке жиберди. Бул жактан аларды тосуп алдым. Азыр атасы тууралуу сүйлөшүп отурсак, бири үн катпайт, дагы бири «атамдын мүнөзү чорт, мага ошонусу жакпайт» дейт. Өзгөчө кыздарымдын келечегинен коркуп калдым. Аларга меникиндей жашоо каалабайт элем. Мен эми артка кайтпайм. Бирок ошол эле маалда кантем, кандай жашайбыз деген ойлор тынч койбой жатат. Мектеп жашындагы балдарыма кантип билим берем? Айтмакчы, ушундай абалга карабай кыздарымдын баары дилгир, жакшы окушат. Өзүм батир издеп, иш табышым керек. Кандай болгон күндө да өз жашоомду куруп кеткенге аракет кылам. Иштеп, эмгек кылсам менин жашоом деле оңолот деген үмүтүм чоң».

Бишкекте коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук былтыркыга салыштырмалуу 62% көбөйгөн. Расмий маалыматка караганда өлкө боюнча зомбулукка байланыштуу 65% көп кайрылуу түшкөн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү карантинде отурган маалда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кыйла күч алган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​