Чек ара бийлик менен оппозицияны айтыштырды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров 24-мартта Ошто белгиленген курултай чек ара маселеси үчүн токтотулганын айтты. Бир күн мурун интернетте оппозициялык айрым активисттердин бийликти күч менен кулатуу боюнча сүйлөшүүсү делген жашыруун жазылган аудио тасма тараган.