Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

Эмдөөдөн алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтөт.

SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина.

29-мартта Kыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Ал максатта Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. Биринчи болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ийне сайдырды. 

Бишкектеги эмдөө борборунун бири. 

SinoPharm вакцинасы.

Вакцина сакталган кутуча. 

Иш башталды. 

Вакцина алууга келген аял.

Вакцина алган кишиге эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу карта берилет. 

Вакцина алуу үчүн кезекке турган жарандар. 

Журналисттерге вакцина менен эмдөө - бүгүнкү күндүн эң маанилүү жаңылыгы болду. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн соң журналисттерге интервью берип жаткан чагы. Анын айтымында, вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен министрлик жооп берет".

Эмдөө борбору.

Жабдуулар өтө маанилүү. 

Эмдөөнү күткөндөр.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 53 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны – 84 653.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. 

Вакцина алган соң ар бир адам жарым саат дарыгердин көзөмөлүндө болот. 

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле маалымат жыйынында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүн экенин айтты: “Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү”.