АКШдагы Кыргызстандын эгемендик деми

«Ынтымак» кубогунун алкагында он штаттан келген кыргызстандыктар футбол, волейбол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүштү.

АКШнын Огайо штатындагы мекендештер 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүн белгилешти. Сүрөттө Кошмо Штаттардагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Бакай Оморов. 

Огайо штатындагы мекендештер арасында жыл сайын «Ынтымак» кубогу өтүп келет. Быйыл кубоктун 10 жылдыгы белгиленди. 

Ырчы Сыймык Бейшекеев АКШдагы мекендештер арасында ыр ырдап, эгемендик күнү менен куттуктады. 

Цинциннати шаарында кыргыз маданий борбору ачылып, чакан китепкананын бет ачары болду.

Иш-чараларга Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев катышты. 

Майрамдык иш-чараларды «Kyrgyz USA Community» уюму уюштурган.

АКШнын Огайо штатындагы мекендештер жыл сайын 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүндө өтүүчү «Ынтымак» кубогунун 10 жылдыгын белгилешти.