«Украиндер мигранттарды кодулабайт»

Азамат Исмаилов.

Украинада 1500ге жакын кыргызстандыктар бар. Алардын айрымдары ишкерлик менен алектенсе, кээ бири эл аралык уюмдарда иштешет.

Украинанын жарандарына Европа өлкөлөрүнө визасыз кирүүгө уруксат берилгенден бери Украинанын жарандыгын алууну каалагандар көбөйгөнү байкалган. Украинадагы кыргызстандыктардын жашоосу жана бул өлкө менен болгон Кыргызстандын экономикалык мамилеси тууралуу Украинадагы кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү, Кыргызстандын Соода палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлү Азамат Исмаиловду кепке тарттык.

«Азаттык»: - Азамат мырза, Украинада кыргыз диаспорасы качан түзүлгөн жана Украинадагы кыргызстандыктар эмне менен алектенишет?

Дагы караңыз Таврия жериндеги кыргыз бейиттери

Азамат Исмаилов: - Украинада кыргыз диаспорасы 2005-жылы түзүлүп, 2006-жылдан тартып кадимкидей иштей баштады. Диаспораны түзүүдө андай деле кыйынчылык болгон жок. Анткени 2005-2006-жылдары Украинада коомдук уюмдарды негиздөө, каттатуу жеңил болчу. Биз ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп, кыргыз диаспорасын убагында каттатып алганбыз.

Украинада Орусиядагыдай кыргызстандыктар көп эмес. Учурда жалпы өлкө боюнча 1500ге жакын кыргызстандык бар. Биз диаспорага өз алдынча ишкерлик кылгандарды топтогонго аракет кылып жатабыз. Украинада базарда соода-сатык кылган жарандарыбыз көп. Андан тышкары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда (ОБСЕ), Эл аралык кызыл чырым комитетинде («Красный крест») иштеген кыргызстандыктар бар.

«Азаттык»: - Украинадагы кыргыз диаспорасы кандай иштерди жасайт жана кыргызстандыктарга кандай көмөк көрсөтөт?

Дагы караңыз Украинада пахта өстүргөн тың кыргыздар

Азамат Исмаилов: - Мен Украинага 2006-жылы баргам. Кийин атайын кеңешме түзгөнбүз. Биз ушул кеңешме менен жыл сайын ар кандай иш-чараларды уюштуруп, Украинага келген студенттерге ишкерлерден чогулган акчадан стипендия беребиз. Андан тышкары жыл сайын Ноорузда майрамдык иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстандан ырчыларды чакырабыз. Ошондой эле Кыргызстандын Украинадагы элчилиги менен өзүбүздүн арабызда биримдикти бекемдеш үчүн ар кандай иштерди жасайбыз.

Мен акыркы 5-6 жылдан бери Кыргызстандын Соода палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлүмүн. Эки өлкөнүн экономикалык мамилесин жакшыртыш үчүн бизнес-форумдарды уюштурабыз. Ага Кыргызстандан да, Украинадан да ишкерлер чакырылат. Украиналыктар Кыргызстанга барган учурлар да бар. Украина чоң жана Европага жакын мамлекет болгондуктан мүмкүнчүлүктөр көп.

«Азаттык»: - Украина менен кайсы тармакта кызматташса болот жана инвестиция тартууга аракеттер болуп жатабы?

Азамат Исмаилов: - Украина - 50 миллион калкы бар агрардык мамлекет. Андан тышкары кайра иштетүү боюнча да алдыда турат. Украина Европага жакын жайгашкандыктан Европадагы алдыңкы технологияны алып келип, колдонуп жатышат. Эгерде биздин ишкерлер Европадан техника алып, Украина кетирген каталарды кайталабай иштетип кетсе иш бир топ жеңилдейт. Мен өзүм да агрардык тармакта иштеп калгандыктан ушул тармакта Кыргызстанга инвестиция тартканга аракет кылып жатам.

Украинада Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташкысы келгендер көп. Бирок биздин мамлекет Орусиянын саясатынан тышкары чыга албаганына байланыштуу мамлекеттик мекемелер Украина менен иштешүүгө кызыкчылыгы жок. Ал эми жеке ишкерлер өз алдынча иштеп атышат. Бирок Орусия менен Украинанын ортосундагы жол жабык болгондуктан Украинадан Кыргызстанга транзиттик жүк ташып келүү оор болуп атат.

«Азаттык»: - Кайра Украинадагы кыргызстандыктарга келсек. Мигранттардын негизги маселелери кайсылар?

Дагы караңыз Украина кадырлаган кыргыз Баатыр

Азамат Исмаилов: - Эгерде мигранаттар көп болсо ошого жараша түйшүгү да көп болот. Украинада кыргызстандыктар аз болгондуктан андай деле чоң маселелер жок. Биз Кыргызстанда уюштурулап келаткан «Мекендештер» форумуна, диаспоралардын жыйындарына катышып, мигранттардын маселелерин талкуулап келебиз. Бул боюнча Орусиядагы жана Түркиядагы мигранттар боюнча көйгөйлөр көп. Ал эми украиналыктардын кыргызстандыктарга кылган мамилеси абдан жакшы. Украинанын эли ак көңүл, жөнөкөйлүк жагынан кыргыздарга окшоп кетет.

«Азаттык»: - Украинада калып, ал жакта орун-очок тапкан, жарандык алган кыргыздар да бар болсо керек?

Азамат Исмаилов: - Украинадагы кыргыз диаспорасы мекендештерди биринчи кезекте «мыйзамдуу жүргүлө» деп үндөйбүз. Ошондуктан туруктуу жашоого көбү эле уруксат алган. Украинада беш жыл туруктуу жашасаң жарандык алсаң болот. Азыр көбүнчө жаштар Украинанын жарандыгын алганга аракет кылышат. Анткени Украинанын жарандары үч айга чейин Европага визасыз эле кирип чыга алат. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланыш үчүн жарандык алууга аракет кылып жүргөндөр бар.

Украинага келген кыргызстандыктар бизди «Украинадагы кыргыз диаспорасы» деп Интернеттен издеп бат эле таап алса болот. Андан тышкары элчилик да жигердүү иштейт. Биз Украинада 10 жылдан ашык убактан бери иштеп келаткандыктан ким келсе да биринчи бизге байланышат.

Маектин аудио версиясын бул жерден угуңуздар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинадагы кыргызстандыктар (аудио)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.