Өзгөндөгү жер көчкүдө набыт болгондордун жакындарына, жалпы эле кыргызстандыктарга көңүл айтуу китепчеси Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен Стамбулдагы консулдукта ачылды. Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана түрк жергесинде жашаган кыргызстандыктар келип көңүл айтышууда.
24 адамдын өмүрүн алган табият кырсыгында каза болгондорду эскерүү Стамбулдагы консулдукта жекшембиде өттү. Алгачкылардан болуп Ванда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү көңүл айтып, Кыргызстандагы боордоштордун азасын тең бөлүшүп келишти.
"Биз Түркиядагы кыргыздар бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз элине, жерине көңүл айтабыз. Жаратылыш кырсыгына эч ким туруштук бере албайт экен да. Бүгүн Кыргызстандын консулдугуна келип өзүбүздүн көңүлүбүздү айттык" - деди Вандан келген Курманбек Кутлу.
Анкарада жашаган Нурбек Абышев консулдукка мекендештери менен келип, кырсыктан жабыркагандарга материалдык колдоо көрсөтөрүн билдирди.
- Кыргызстандык катары бул апааттан улам кайгырып турам. Ал адамдардын жакыны болуу оңой эмес. Бул оор жоготуу. Кайгырып турам. Эгер Кыргызстанда кандайдыр бир жардам чогултуу иш-чарасы болсо дароо материалдык жардам көрсөтүүгө даярмын.
Кыргызстандыктарга көңүл айтуу китепчеси Анкарадагы элчиликте да ачылган. Элчиликке Түркиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдүн элчилери келип көңүл айтышты.
- Дем алыш болгонуна карабастан Түркмөнстан, Беларус, Эфиопия, Казакстандын элчилери келип көңүл айтып кетишти. Түркиянын ички иштер министринин кеңешчиси да келип кайгыбызды тең бөлүштү. Мен өзүм жеке бул окуяны жүрөгүмө жакын кабыл алдым. Өтө кайгылуу окуя, мындан кийин ушундай кырсыктар болбой эле койсун деп тилейм - деди "Азаттыкка" Анкарадагы аза күтүү иш-чарасынан элчи Ибрагим Жунусов.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен Стамбулдагы башкы консулдукта көңүл айтууга кыргызстандыктар менен катар жергиликтүүлөр келишти. 24 адамдын өмүрүн алган каргашалуу кырсыкка байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга көңүл айтып, түрк эли кыргызстандыктардын аза кайгысын бөлүшөрү жазылган.
Жалпысынан Түркияда 14 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык мамилеси 1992-жылы түзүлгөн.