Жолчулар маянасын ала албай жатышат

Ош-Баткен-Исфана жолун курган жумушчулар бир жылдан бери эмгек акысын ала албай жатканын айтып, Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Жумушчулар түркиялык "Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы 150дөй жумушчунун айлыгын, жол курууга колдонулган техникалардын ижарасын төлөбөй жатканын билдиришти. Аталган компаниянын өкүлү "дооматтар боюнча жетекчиликтен кийинчерээк түшүндүрмө болот" деген жообун айтты.

Токтогул районунун тургуну Зыпар Султаналиев Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушунда жети айга чукул өзүнүн техникасы менен айдоочу болуп иштеген. “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы анын өзүнө эле 400 миң сом карыз экенин айтты.

Зыпар Султаналиев жана Бекжан уулу Уран.

"Биз Бишкекке экинчи жолу келип жатабыз. Ар бир келип кеткенибиз эле 10 миң сомдун тегереги болуп жатат. Компанияга техникаларыбызды ижарага бергенбиз. Биздин эмгек акыбызды ала албай жатканыбызды эч ким териштирбей жатат. Натыйжа чыкпаса, элди чогултуп жол тосууга туура келет. “Путин келет” деп жатат же ошого арызданабызбы? Анткени маселени өзүбүздүн журт башчылар чечпей жатат".

Султаналиевдин айтымында, өзү сыяктуу дагы 150дөй жумушчу бир жылдан бери эмгек акысын ала албай келет. Алар Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушунда субподрядчы “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы менен келишим түзүп иштеп жаткан.

​“Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү фирманын жетекчиси Фарид Жамили учурда Кыргызстанда эместигин айтып, бул маселеге кийин жооп беришээрин билдирди.

Дагы караңыз Көлдө жол куруучулар иш таштады

Транспорт жана жол министрлигине караштуу Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун регионалдык инженери Жетиген Дүйшембиев министрлик Ош-Баткен-Исфана жолун куруу боюнча “Алке Иншаат Санайи ве Тижарет” аттуу түрк компаниясы менен келишим түзгөнүн, анын субподрядчыларына кийлигише албай турганын билдирди. Бирок жумушчулардын көйгөйүнө көңүл бурулат деп убада берди:

"Ал компаниянын субподрядчыларына министрлик кийлигише албайбыз. Эмгек акы, техникалардын ижарасы боюнча буга чейин да маселе болгон. Мындан улам “Алке Иншаатка” тез арада чара көрүлсүн деп тиешелүү тапшырмаларды бергенбиз. Алар кандайдыр бир бөлүгүн төлөгөнү тууралуу маалымат берилген. Толук төлөнө элек болсо дагы тапшырма беребиз".

Ал эми “Алке Иншаат Санайи ве Тижарет” компаниясынын өкүлү Рашад Гамбаров “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы менен эч кандай алакасы жок экенин айтты:

Рашад Гамбаров.

- Менде "Чакыр Япы" фирмасы менен эч кандай келишим жок. Алар менен эч кандай мамилем да жок. “Чакыр Япы” Таласта иштегенинен кабарым бар.

Талас-Тараз-Суусамыр жолунун курулушунда субподрядчы болуп иштеген “Кыргыз жол курулуш” ишканасынын жумушчулары да “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” фирмасынан маянасын ала албай келет.

“Кыргыз жол курулуш” ишканасынын директору Шамзан Момбековдун билдиришинче, чет элдик компания 2017-жылдан бери элдин эмгек акысын төлөбөй жатат:

- Жалпысынан бизге үч миллион доллардын тегерегинде акча карыз. Бул биздин аткарган жумушубуздун акчасы. Ошонун негизинде биз башкаларга айлык төлөп бермекпиз.

Бул жагдай боюнча “Кыргыз жол курулуш” ишканасы прокуратура органдарына арыз менен кайрылган. Аталган органдан бул маселе боюнча “Азаттык” так жооп ала элек.

Талас-Тараз-Суусамыр жолунун реконструкциясы айылыгын ала албай жаткан жумушчулардын иш таштоосунун айынан буга чейин бир канча жолу үзгүлтүккө учураган.

Басма сөз жыйынын уюштурган жумушчулар Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушу да өз нугунда жүрбөй жатканын кабарлашты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.