Кеминде чакан ГЭС курулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдүн Кемин районунда Тегирменти-2 чакан ГЭСи ишке берилди. Тегирменти-2 чакан ГЭСине жалпы жонунан 215 млн сом жумшалды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 144 млн сомду 12% үстөк менен беш жылга берсе, инвестор өзү 71 млн сом долбоорго кошту. Жабдыктар Чехиядан алынып келинген. Чакан ГЭСтин кубаттуулугу 377 кВтты түзөт жана өндүрүлгөн электр энергияны “Түндүкэлектр” ишканасына сатат.