Малик Аликеев: элдин колдоосу үмүт берет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев эки операциядан кийин басууга аракет кылып жатат. Ал ушул тушта 90го таяган апасы, бир тууган эжеси менен жашайт. Тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунбаган артист 6-июнда Талас шаарында концерт бергенге да камданууда.